(Башы өткөн сандарда)
Ошентип, учактагы таанышуу Адилеттин пайдасына чечилгенсиди.
– Жерге конгон соң кездешпейлиби?- деген жигиттин суроосуна «жок» деп жооп берген Асман андан оңой кутулчудай эмес. Учак «Манас» аэропортуна конор замат жүк алуучу бөлүмгө жүткүндү Асман. Адилет дале жанынан жылбай жүрөт. Жан-жөкөрлөрү көп окшойт, кучак жайып машина даярдап тосуп алышты, 3-4 бала Адилетти. Асман таксиге отурарда чемоданын шап кармады да, сүйрөп жөнөдү жигит.
– Асман, коркпо, мен жеткирип коём сени. Биз турганда сендей карындаштар такси менен жүргөнү болбойт го?
– Жок дебедимби, жок, кандай немесиңер? Жабышкан бүргөдөй болуп?!
Ушул жерден жигит аргасыз жылмайды, «мейли, бүргө дейсиңби, башка дейсиңби, баары бир жеткирем да кетем».
Канчалык кагып-силкпесин, Асман акыры Адилет менен кошо машинага отурду. Жолдо катар сүйлөп кирди эле:
– Сиз чарчаган жоксузбу? Асманда деле, жерде деле оозуңуз тынбайт экен да! Мен чарчадым алыс жолдон!
– Макул, макул, дарегиңди айт, ошол жакка буралы рулду.
– Ахунбаев көчөсүндө.
– Бир сөзүң, болду.
Карачы, тагдыр деген ушул белем, канчалык качпасын Адилет Асмандын көңүлүн оорутпай, көксөгөн буюмун алып берип, көңүлүн алганга жетишти. Айлар өттү, баягы Москвадагы
уруштан соң Мирзат башка кыздын колун кармап кетти. Аны дароо эле чогуу баргандар жеткиришкен Асманга.
– Сен кетериң менен эле Мирзатка бир кыз жабышып, экөө бир жума чапталышып чыкпай жүрүштү...- деп сөз кылып кала беришти. Асмандын жообу даяр.
– Ха-ха, бактылуу болушсун. Мен ал экөөнө бакыт каалайм!
Ушинтип сыртынан айтканы менен, ичи – жалын, сырты – чок. «Акмак, саткын, эки жүздүүлөр» деп кекенет аларга. «Муну чыныгы сүйүү деп деле болбойт» деп жооткотот өзүн.
Анткен менен жашоосунда Тилектен баштап Мирзатка чейинки мырзалар болду. Алардын кимисин чындап сүйдү, азырынча муну айтууга эрте. Балким, бирөөсү балалык сүйүү, кээ бирлери тоок сүйүүдүр, ким билсин? Ушинтип жүргөндө жолунан жолуккан Адилет Асман үчүн баарын жасады, башка жигиттердей коркоктук кылып ара жолдо калтырбады кызды. Сахнадабы, башкадабы, колдоп-коштоду сулууну.
Адилеттин бир уулу бар. Бирок байып кеткенде жубайы баласын алып төркүнүнө кетип калган. Асман менен сүйлөшүп баштаганда эле мунусун ачык айткан. «Уулум бар, аялым жок» деп. Асман болсо Адилет менен ашыктык отуна күйбөсө да, жөн гана жанында жүргөнүнө кайыл. Жан дүйнөсүндөгү будуң-чаңды ошол жигит сапырып салгансый берет. Кайсы учурда, кандай кырдаалда болбосун ал дайыма жанында, чакырса жетип келет, баарын камсыз кылат. Анын үстүнө жалгыз башын Асман бага албай эмне болуптур. Мындай күндөрдө «Мирзат үйлөнөт экен, өзүнүн жердешин алат имиш» деген кеп угуп калды. Андан да жаманы, анча-мынчалардын «Мирзат Асманды таштап, ырчы эмес, башка кыздын колун кармады» дегени кыжырды келтирди. «Тимеле мен ага өзүм ашык болгонсуп» деп тиштенип, моюнга алгысы келбейт. Бирок бугу бар, махабат отунан күйгөн. Бул учурда Адилет АКШга кеткен болчу. Интернеттен Асман менен сүйлөшүп отуруп, «чет өлкөдө болдуң беле?» деген суроо салды.
– Ммм, болгом.
– Кайсы жерлерде?
– Талас, Ош, Нарын, ха-ха-ха! Россия, Казакстан, Өзбекстан!
– Мен бир жумадан соң Дубайга барам! Дубайды көргүң келеби?
– Кимдин эле көргүсү келбесин? Концертим бар да, бирок.
– Отмена кыл да. Жомоктогудай эс алып кайтасың, кандай, жактыбы сунушум?
– Ммм, ойлонуштурайын. Бул жуманын аягында клип тартмакмын.
– Клипти Дубайдан тартабыз!
Мынакей, бул күтүлбөгөн сюрприз болду. Көңүлү жайында эмес жүргөндө минтип эс алганы баратат. Чемодан камдаш керек! Ушинтип бактылуу болуп бүтө электе Меку деген
менеджер чалды.
– Асуля, бир жаңылык уктуңбу? Мирзатчы...
– Э, аны менен менин ишим эмне, мага демектен президенттин кызын албайбы, мага баары бир! Апасы тандаган кызга үйлөнүптүр. Бактылуу болсун!
– Койчу. Чын элеби?
– Ооба. Элдин баарына айтып кой. Мен Дубайга кетип жатам! Эс алганы, ураа!
Ошентип, Мирзаттын тою деген күнү Асман Дубайга учуп кетти. Кулак-мээсин жеген ушак сөздөн бир чети кутулгансыды, бир чети жыргап эс алганы баратат. Өзүнө катуу талап
койгон: «Кайгырба, бака, саз биздики» деген ураан астында баарын жеңем, жетпегенге жетем!» деп.
Дубай. Укмуштуудай эс алуу. Куму сапырылган ысык чөл, баарын кол менен жасап койгонсуп көрктүү, кооз жер. Жанында жигит, күнүгө ар кандай сюрприздер, белектер! Кыскасы, керемет эс алышууда Асман менен Адилет. 10 күндүк эс алуу учурунда клип тартканга да жетишишти. Мыкты актёрлор, сулуу бийкеч, анан ага корогон оңбогон акча... Кыргызстанда ырчы жигиттин тою кепке алынса, Асмандын аты тынчып калгансыды. Дубайдан эле кызды коё бергиси келбеген Адилет Лондонго алып жөнөдү. «Ал жактын да кооздугуна суктан, эл көрүп, жер көрүп эс алып келесиң» деди.
Жаздын илеби Лондондо. Күнүгө дыбырап жамгыр жаап жиберет да, кайра ачылат. Кыскасы, кызык табият менен кошо кыз Лондондун көчөлөрүндө сейилдеп, өткөндү унутуп, бүгүнкү куунак күн менен жашоодо. Абасынанбы же эс алуунун таасириненби, айтор, Асман бир аз толуп алды. Мына ушинтип эстен кеткис эс алуудан соң кайтып кичи мекенине келди. Келсе, кайрадан баягы ушак сөздөр, чыгармачыл чөйрөдөгү бүтпөс интригалар чордону. Теле, радио, гезит, журналдын баарында Мирзат жүргөндөй сезилди. Көргөн-билгендин баары эле Асманды тиктешет «ой, ачылып кетипсиң, толуп кетипсиң» дешип кытмыр жылмайып. «Мени силер баккансыбай жөн тургулачы» деп кагып коёт анткендерди. Асман да тим турбай Дубайдан тарткан клибин монтаждап бүтүрө салды. Көңүлү эми жайына түшкөнсүдү. Өзү достошуп жүргөн журналисттин бирине чалып, «сонун маек куруп берейинби, менде жаңылыктар море» деди. Журналист мындайды кантип колдон чыгарсын, ошол эле күнү аны маектешүүгө чакырды.
Дубайдагы, Лондондогу сүрөттөрүн алып, катуу даярдык менен интервью берүүдө. Ар кайсыны айтып мактанып да, болгонун болгондой айтып да отурат. Бир убакта баягы эски тема козголду эле «давай, өткөн өттү, кеткен кетти, мен алдыңкы пландарым, азыркы сүйгөн адамым, чыгармачылыгым тууралуу сүйлөп берем» деп көшөрүп болбой койду.
(Уландысы кийинки санда)
Жаңыл Калыкова
Жакында...
ТАГДЫР ОЮНУ-3
Окурман, гезитибизде орун алып, кызыгуу жаратып келген «Тагдыр оюну» чыгармасы али аягына чыга элек. Үч муундун башынан өткөн сыноолордун эң толкундатуучу учуру эми келди. Мурун эгиз жигиттердин жүрөгү бир бийкечке байланса, эми өздөрүн бир туугандарбыз деп эсептеген Аскат менен Айданектин ууз сүйүүсү баяндалат. Эки жаштын сүйүүсү ата-энесиникиндей армандуу болуп кала береби же жеңип чыгышабы? Ал эми сүйүктүү каармандарга айланган Азирет менен Бегимайдын жолдору биригеби? Жооп жакында... Аз калды... Каармандарыңыз менен бирге болуңуз!
Жолдошбек Кудайбергенов