КАРА-БАЛТА ДАРЫЯСЫНА 16 ТОННА СОЛЯРКА ТӨГҮЛДҮ

Чүйдүн Жайыл районунда 2013-жылдын 10-июль күнү болжол менен саат 19:15 чамасында жол кырсыгы катталды. Натыйжада Бишкек-Ош жолунун 96-чакырымында 26 жаштагы С.Мийзамов айдап бараткан бензовоз Кара-Балта дарыясына кулап, сууга 16 тонна солярка төгүлдү. Окуя болгон жерге Жайыл райондук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүп, дарыя суусун лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү үчүн алып кетишти. Учурда аталган кызматтын сунушу менен Сосновка жана Талды-Булак айылдарынын тургундарына бул дарыянын суусун колдонууга убактылуу тыюу салынды.

Айбала Эргешов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Clara_Zh
2013-07-22 11:17:48
Айдоочусу аман бекен деги?
0
konfetka_love
2013-07-29 08:33:17
Кудай сактаптыр
0
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан