«ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРҮП БИР БУТУМДАН АЙРЫЛДЫМ»

"Эй, Россия, Россия, бир боор энем, мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен..." деп Алыкул акын жар салган Орусияда нечендеген мекендештер тиричилик кылып жүрүшөт. Көр тириликтин айынан эмне деген гана тагдырга туш болушпайт...
"Поездде бир келин менен чогуу келдим, "Супер-Инфого" кат берип жиберди" деп бир окурман кайрылды.

«ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ ОПЕРАЦИЯГА КИРДИМ»
-Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити! Мен, Сатарова Сүйүмкан, 1987-жылы 15-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тельман айылында төрөлгөм. 2004-жылы мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырдым. Студент кезимде Мирлан аттуу жигит менен таанышып калдым. Ал Араван районунун Октябрь айылынан болот. Экөөбүздүн мамилебиз өрчүп, ага турмушка чыктым. Келин болгондон баштап кайнатам менен кайненем мени жактырышпайт.
Кыргызстанда жашоо шартыбыз оңолбогондуктан, акча таап келүү үчүн жолдошум экөөбүз Орусиянын Ханты-Манси аймагына иштегени бардык. Анда иштеп жүрүп кыздуу болдук. Ал жакта акча табуу үчүн ар кандай жумушта иштеп жүргөндө бутумду үшүк алып кетиптир. Суук тийгенде буттун кан тамырлары ичкерип кетет экен. Ооруканага жатып, бутума ал жактан 2 жолу операция жасаттым. Бирок толук жакшы болбой, 3-жолу врачтар «бутуң гангрена экен. Кесип салбасак, 2 жума гана жашайсың» дешкенинен 2012-жылдын 15-августунда, өзүмдүн туулган күнүмдө ыйлаган боюнча операцияга кирип бутумду кестирдим. Башка айла жок эле. Бир бутум жок болсо да кызым, күйөөм бар деп тобо кылдым. Менин бактым ошолор, ошолор үчүн жашайын дедим.

«ДАРЫГА ДЕГЕН АКЧАНЫ КҮЙӨӨМ КАЗИНОДО УТТУРУП ЖИБЕРДИ»
-Операциядан кийин жакшы боло албай, эч жакка чыкпай отуруп калдым. Мен иштебей, күйөөмдүн тапканы эч нерсеге жетпейт. Күндөр өтүп, жолдошумдун мага болгон мамилеси муздай баштады. Себепсиз эле уруш чыгарчу болду. Бутум да толугу менен жакшы болбой, ооруканадан оорукана которуп жүрдүм. Бир күнү «дарыга акча керек болуп жатат» деп Кыргызстандагы апама телефон чалдым. Көп өтпөй апам, туугандарым болгон малын, алтын сөйкө-шакектерине чейин сатып, тааныштар аркылуу мага баш-аягы 130 миң сом салып жиберишкен экен. Аны күйөөм алып, ошол боюнча үйгө келбей, он күн бою казинодо ойноп, эс алып жүрүптүр.
Ошондогу кый­нал­ганымды сөз менен айтып бере албайм. Кичинекей кызым менен үйдөмүн. Нан бышырып, суу ташый албайм. Акча жок, ачкабыз. Ошентип бир жума суу ичип жашадык. Кошунабыз тамак-аш алып келип, жаныбыз аман калды. Анан ал полицияга арыз жазып, алар күйөөмдү таап келишти. Акчанын баарын казиного уттуруп жибериптир. Полиция кызматкерлери күйөөмө «жашасаң жөн жаша, болбосо муну кыйнабай үйүнө жибер» дешти. Жолдошум ошондон кийин оңолгонсуп калган. Анан эле кайненем менен кайнежем күйөөмө «балам, гүлдөй өмүрүңдү чолок менен өткөрбө, аялың өзү менен өзү жашасын» деп айтышчу болду.
Бул учурда экинчи ирет боюмда болуп калганын байкадым. Күйөөм менен кайнежем аны укканда сүйүнгөндүн ордуна кайра «боюңдан алдыр» дешти. Бирок мен кантип ал ишти жасай алам?! Балдарым жетим өспөсүн деп алардын айтканына көңүл бурбай коюуга аракет жасадым.

«ЧОЛОК МЕНЕН ШЕРМЕНДЕ БОЛУП ЖАШАГЫМ КЕЛБЕЙТ»
-Күндөрдүн биринде ооруканага жатып, ал жактан чыгып келсем, күйөөм бир кыз менен биздин төшөккө жатып алыптыр. Аларды көрүп, жолдошум менен жашаган өмүрүм текке кеткенине өкүнүп кеттим. Анан баары кеткенде ал «Сен мага жакпайсың, башка кыз алам. Чолоксуңбу, өзүңө окшогон чолок теңиңди таап ал. Балдарды ала кет, мага кызыгы жок. Элге шерменде болуп сени менен жашагым келбейт!» деп талак берди. Мени кордосо мейли, балдарымда эмне айып? Бул сөздөрү менен күйөөм мени тирүүлөй өлтүргөндөй болду. Мурда «күйөөм, кызым бар» деп чолок экенимди сезчү эмес элем, ошол күнү сездим. Ошондо гана апама чалып, жол киреге акча сурап, мекениме кайтуудамын.
Азыр курсактагы балама 9 ай болуп калды. Ушул тапта дүйнөм караңгылап, эмне кылар айламды таппай, поездде Кыргызстанга баратам. Бирок жакшылыктан үмүт үзбөйм. Акыл-эс берсе, ынсап кирсе, Жараткан балдарыма жакшылыгын кайтарар. Болбосо мейли. Ар ким тагдырына жазганын көрөт. Менин алдыма койгон бир гана максатым бар. Айылга барганда 2-3 уз келиндин башын бириктирип, чебер буюмдарды жасасак деген тилегим бар. Анан акча тапсам, жасалма бут салдырам. Балдарыма келечекте татыктуу билим алышына шарт түзүп берип, убал-сооптун баркына жете турган жакшы адам кылып чоңойтсом – ошол мага чоң бакыт.
Азыр Рахат деген эже менен таанышып, кат жазып отурам, ал сиздердин гезитке жеткирип берем деп убада кылды. Бул катым менен кыргыз элимди бар кезинде бардык нерсенин баркын билүүгө үндөйт элем...

2013-жыл, 7-июль

«МАЙЫП ЭКЕНИН КӨРСӨ ДА, ЭКИ КИШИНИН АКЧАСЫН СУРАДЫ»
Аманатты кеңсебизге жеткирип келген РАХАТ айым буларды кошумчалай кетти:
-Келин ай-күнүнө жетип калыптыр. Жанында акчасы да жок экен. Апасы Оштон тосуп алмак болуп бир таксистти жиберген экен. Бирок ал таксист келинди көрүп «сен эки кишинин ордуна төлө, болбосо алып кетпейм» деди. Аны карап турган биз чыдабай уруша кеттик да, башка таксиге салып жибердик. Азыр акча үчүн, карабайсызбы, аманат алып келсе да майыпка жардам бергилери келбеген мекендештер четтен табылат экен...
Маңдайыбызга жазганга баш ийбеске арга жок. Бирок таш боор тагдырдын соккусуна мүңкүрөп калбай, балдарынын келечеги үчүн жашаган жогорудагы каарманыбыздын кайыштай эркине «бали» дегиң келет. Ал эми экинчи тараптын айта турган ою болсо, угууга даярбыз.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (82)
Asus84
2013-07-24 12:03:39
аман эсен айыгып кет балдарын сенин тиреген тоон болот, а жанагаы соолуганда тушунот баркынды бирок кеч болуп калат
0
Alai_kyzy
2013-07-24 13:13:49
ech kimdin bawyna ooru kelbesin. Oorukchan bolson joldowuna da kerek emessin. Taw boor duino. Ex...
0
aziko1414
2013-07-24 16:46:38
Сабырдуу болунуз. Сабырдын тубу сары алтын дегендей баардыгы сиз ойлогондой болот
0
tynara81
2013-07-24 17:29:24
Окуп алып ыйладым. Сабыр берсин кудайым, андай эркектерден жакшылык кутпо. Суйумкан былтыры Москвада эмес беле, качан кетип калдынар эле ал шаарга?
0
jazgul1986
2013-07-24 17:47:36
Балдарыныдын мандайында бар бол куйон жакшы адам ошо куйоонду бузган кайненен менен кайнежене тийсин балдар учун жашайбыз да сага куч кубат берсин бар бол ойлонбо
0
kg_777
2013-07-24 18:54:11
кудай сизге омур жана ден соолук берсин!!!!!!!
0
vikarus
2013-07-24 22:51:32
Кудай сизди тилегиңизге жеткизсин балдарыңыздын сый уурматын көрүп бактылуу болуң
0
ketsinizm
2013-07-25 01:24:13
кыргыздар мынчалык неге жапайыбыз?!
0
mega.....com
2013-07-25 11:31:27
Кудай сизге куч кубат берсин балдарыныздын жакшылыгын корунуз...
0
baky-baku
2013-07-25 13:56:27
Кудайга гана тапшырыш керек мындай адамдарды жазасын озу берет.сага сабыр берсин куудай .балдарына меерим ,омур берсе баары жакшы болот озунду чоктурбо алдыга кадам ташта
0
bigboss_1
2013-07-26 12:07:30
Аллахым сизден жакшылыгын аябасын.Оомийн
0
kyrgyzz
2013-07-26 15:57:26
men tuwunboim tuwtuktun pon9tasynda talak degen duratskiy nersesi bar telefon menen dele talak beret al anda KR kubolugun albai ele koiboibu bulda islamdyn buzku nerseleri da negizi tuura ele boluw kerek islam dinin tuura karbai albagandan kiyin musulmanmyn debei ele koiboibu !!! al emi aiymdarga sabyr iygilik bersin. Kele4eginiz jakwy bolup ketsin. Munun baary ele jyrgaganynan bargan emes da boton jerge turmuwtun aiynan bargan da. Kuioosu bul jorogu u4un kudaidyn aldynda joop beret...
0
Kolya82
2013-07-27 12:52:33
Аллах жардам берсин сага карындашым бирок куйоон туура эмес кылыптырКандай таш боор адам экенго
0
rustam_joroev
2013-07-28 00:51:42
эмии баланар селердин бактынар баланаргаа кудай иинсап берсин
0
Талант
2013-09-18 00:28:58
Кеч болсо да кирип сиздер менен Суйумкандын кубанычын болушойун деп жазып жатам мен Суйумкан менен поездде чогуу кеткен сапарлашы Рахат болом.Ал аман-эсен 14-августа бул жарык дуйного Раяна аттуу кызды алып келди.Эгер мумкунчулугунуздор болсо жогоруда жазылган Суйумкандын дарегине жардамыныздарды жонотуп койсонуздар анын чеберлердин башын бириктирип кичи ишкана ачып кыздарымды баксам деген оюна аз да болсо салымыбызды кошуп койолу
+1
№ 559, 19-июль-25-июль, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан