Ысык аптап. Көгүлтүр океандын жээги. Майда, аппак кум. Пальмалар. Мындай жайга кимдин гана баргысы келбесин?! Жүрүгүлө анда, көгүлтүр экрандагы «Пляжга»
Жанры – Триллер, драма, мелодрама
Өлкөсү – Улуу Британия, АКШ
Режиссёру – Дэнни Бойл
Продюсери – Эндрю МакДональд, Каллум МакДугалл
Сценарийдин автору – Жон Ходж, Алекс Гарленд
Композитору – Анджело Бадаламенти
Башкы ролдордо – Леонардо Ди Каприо (Ричард), Виржини Ледуайен (Франсуаза), Тильда Суинтон (Сэл) жана башкалар
Тасманын узактыгы – 120 мүнөт
Бет ачары – 2000-жылдын 2-февралы (АКШда)
Бюджети – 50 миллион доллар
Кирешеси – 144 миллион доллар
СЫРДУУ АРАЛ, СЫРДУУ ӨЛҮМ
Тасма жайкы каникулун демейдегисинен башкача өткөрүүнү каалаган америкалык студент Ричарддын Таиландга келиши менен башталат. Эң арзан отелдердин бирине жайгашкан аны кызыктуу, ары сырдуу таанышуулар күтүп турган эле. Окуя Ричарддын отелден жүрүм-туруму кызыктай, кеңкелес сыяктуу болгон Даффи аттуу киши менен таанышуусунан кийин курчуй баштайт. Анткени жаңы таанышы өтө алыс эмес жерде табышмактуу, бейиштей кооз арал бар экенин айтып, анын сырын ачат. Ага баруу үчүн керек болгон картаны да берет. Бирок эртеси Ричард Даффинин бөлмөсүнө баш багып, анын канга чыланган жансыз денесин көрөт.
Көп өтпөй Ричард жаңы тааныштары, кыз-жигит Франсуаза менен Этьенди ээрчитип сырдуу аралга жөнөйт. Жолдон ал эс алып жүрүшкөн америкалык эки сёрфер менен таанышып, кетеринде алардын эшигинин астына картанын жана слайддын көчүрмөсүн таштап кетет. Ошол картанын жардамы менен аралга барган сёрферлер тай фермерлеринин колунан каза табышат.
Жол улап отуруп аппак кумдуу аралга сүзүп жеткен үчөө марихуана плантациясына туш болуп, жергиликтүү тай фермерлеринин куугунтугуна кабылышат. Алардан качкан үчөө аргасыз шаркыратмадан да секиришет. Дал ушул жерден үчөөнү көп жылдар бою аралда отурукташып калган элдин мүчөсү тосуп алат. Топтун башчысы, Сэл аттуу айым алардын топко кошулганын айтып, өз эрежелери менен тааныштырып, эми мындан чыгып кете албасын эскертет.
Мындан аркы окуялар сүйүү, кызганыч, достук сезимдеринин негизинде өнүгүп барат. Башкача айтканда, Ричард менен Франсуазанын ортосунда сүйүү оту жанып, ал тургай түн ортосунда океан жээгинде кумарга батышат. Экөөнүн мамилеси тууралуу сөз кыздын жигити Этьенге да жетет. Бирок ал «силердин мамилеңерге тоскоол боло албайм» деген гана жоопту айтат. Бул ортодо топтун башчысы Сэлдин да Ричардга болгон кызыгуусу артып, азык-түлүк алганы өзү менен материкке чыгып келүүгө чакырат. Кургактыкка чыкканда Сэл баягы америкалык эки сёрфердин арал тууралуу сүйлөшүп жаткандарын угуп калып, «буларга картаны сен бердиң» деп Ричардды күнөөлөйт. Ооз басырык кылуу үчүн бир түн аны менен болууну талап кылат. Жигит аргасыздан анын сунушуна макул болот.
Тасма аралдын тургундарынын кургактыкка кайтып келиши, Ричарддын электрондук почтадан Франсуазадан «Пляждагы жашоо. Экинчи аалам. Баарыңарды сүйөм» деген жазуусу бар сүрөттү алуусу менен аяктайт.
КИТЕП МЕНЕН ТАСМАДАГЫ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР
Бул тасма британиялык жазуучу Алекс Гарленддин «Пляж» романынын негизинде тартылган. Тасманын сценарийин автор өзү жазса да, атайын кылганбы, бир топ айырмачылыктар орун алган. Мисалы, романда Ричард Франсуаза менен да, топтун башчысы Сэл менен да кумар отуна батпайт. Ал Этьенди мыкты жигит деп баалап, дайыма сыйлайт. Тасманын аякташы да китептегиге окшошо бербейт. Китепте Ричард баштаган топ аралдан качып келишсе, тасмада болсо тайларга жеңилген Сэл карамагындагы адамдарды бошотууга аргасыз болот. Ошондой эле тасманын аягында Ричард Франсуазадан кат алып байланышы уланса, романда, тескерсинче, байланыштары үзүлөт.
ПЛЯЖДАН ЧЫККАН ЧЫР
Тасма тартылган соң талаш-тартыштар жаралып, ар кандай сын-пикирлер айтылбай койбойт. «Пляж» тасмасы да мындай көрүнүштөн кыя өтпөгөн. Тагыраак айтканда, Пхи-Пхи-Ле аралы бейиштегидей көрүнсүн деген максатта «20th Century Fox» компаниясы пляжды бульдозер менен түздөшүп, ашыкча пальмаларды, бадалдарды кыйышкан эле. Экологдор аны өз калыбына келтирип берүүсү үчүн аталган кинокомпанияны сотко беришкен. 2006-жылы Таиланддын Жогорку Соту келтирилген зыяндын баасын эсептеп, кинокомпанияга жана тайлык айрым чиновниктерге айып салган.
Мындан сырткары тасманын премьерасынан кийин «Баңгизат өстүрүлөт деп өлкөнүн имиджин бузушту. Ал гана эмес, барга Будданын статуясын коюп маскаралашты» деп чыккан таиланддык саясатчылар да болгон.
ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Дамира Арстанова
balakai@super.kg