Билбейм, балким, мен туура эмес жаралып калгандырмын. Мен тийген нерселер, мен мамиле кылган адамдар талкаланып сынып, быркыранып кетет. Үйдөгү бир кооз карапаны сындырып алганда апам «эмнеге колуң тийсе сындырасың, жолуң кандай болор экен» деп кейиген эле. Карапа эмне болуп калыптыр, мен тагдырларды талкалап алдым. Балким, мен ошонун жазасын тартып жаткандырмын...
Ошон үчүн сенин жашооңо киргим келбей кетенчиктедим. Башымды чайкап жан талашканым менен, мендеги сезимди, андан да жаманы, сендеги сезимди өчүрө албадым. Күчүм жетпеди... От-жалын болуп күйүп кеттик да, аркабызды-алдыбызды караганга чамабыз жетпеди. Азыр бир мүнөт да өкүнбөйм. Бир жолу "сага болгон сезимим үчүн көчөгө алып чыгып таш бараңга салса да кайылмын" десем «мен ошол таштын бирин сага тийгизгенче өлгөнүм артык» деп күлдүң. Мен деп дем алып, мен деп жашап калганыңа кубанганым, ай!
Бирок убакыт тартыш... Сенден башка дагы адамдардын алдында милдетим бар экен, ага баш буруп кете албайм. Эң негизгиси, мени аял кылып жараткан Кудайдын алдында милдетим бар экен. Коркутканым жок, кектебедим деле, болгону мен чарчадым. Сүйүүдөн чарчабадым, күтүүдөн чарчадым. Бир аз дем алып, жолумду улантышым керек...
Кел, сен келип мени колдон алып, экөөбүз чогуу кетели. Бир жолдо басалы, кандай дейсиң? Мен жаныңдан чыкпаган, сени эч качан эриктирбеген жакшы жолоочу болуп берем. Кардың ачса тойгузган, үшүп калсаң жылыткан, ташыркасаң сени менен кошо токтоп демиңди тыңшап турган, карегиңден тиктеп каалооңду билип турган жолоочуңа айланайын. Өзүңдөй дили таза, тоолук жигиттерди төрөп берейин. Көздөрү жоодураган, сулуу кыздарды төрөп берейин. Өмүр бою сага кызмат кылайын, кылган жакшылыгымдын кайрымжысын сурабайын. Болгону колумдан алып басып кетчи. Эркиң жетер беле? "Калганын тагдырымдан көрдүм" деп баарына баш байлап басып кете алар белең?
"Жок, андай кыла албайм" десең да таарынбайм. Томсоруп, көз жаш төгүп кала турган аялдардан эмесмин. Тагдырыман көрдүм. Сеники жетпесе, меники жетет шарт басып кеткенге... Бут мүдүрүлсө да өз жолун табат. Анткени аны жүрөк жетектейт. Сени менен болсо да, сенсиз болсо да мен баары бир бактылуу болом. Бирок сенин менсиз бактылуу болушуңа күмөнүм бар...
Айнек
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg