Нарын шаарындагы борбордук аянтка 24-сентябрь күнү 10-12 адамдан турган нааразычылык акциясы уюштурулду. Чогулгандар колдоруна «Жогорку Кеңеш таркатылсын», «Турсунбек Акун элдик акыйкатчы», «Акыйкатчынын укугу корголсун» деген жазууларды көтөрүп турушту. Акциянын катышуучулары жана уюштуруучулар негизинен экс-акыйкатчынын туугандары экени белгилүү болду. Шаар тургундарынан уюштуруучуларды колдоп 5-6 адам кошулду. Чогулгандар «Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна жалгыз гана Турсунбек Акун жооп бербеши керек. Ал жалгыз бошотуп жиберген эмес. Бул иш боюнча башка дагы толтура жооптуу адамдар бар. Алар да мыйзамдын негизинде жазаланышы керек. Болбосо мындай нааразычылык акцияларды дагы улантып башкача жолдор менен өткөрө беребиз» дешүүдө.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg