ӨЗБЕКСТАН КАМБАР-АТА 1 ГЭСинин КУРУЛУШУНА КАРШЫ

29-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышты. Бул жыйында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Орто Азияда ГЭСтердин курулушу боюнча маселе көтөрдү.
"Бизди Кыргызстандагы жана Тажикстандагы жаңы ири ГЭСтердин курулушу тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, Тажикстандын Рогун ГЭСи жана Кыргызстандын Камбар-Ата 1
ГЭСи. Адистердин айтымында, бул долбоорлордун ишке ашуусу артынан коркунучтуу экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттерди алып келет",-
деди ал. Камилов бул ГЭСтердин курулушу Борбордук Азиядагы суу балансынын бузулушуна алып келе турганын, долбоорлорду ишке ашыруудан мурда эл аралык эксперттер иш жүргүзүшү керектигин кошумчалады. Эгин талаалар үчүн Арал деңизин кургатып, экологиялык катастрофаны өздөрү жаратканын эске албаган Өзбекстан акыркы үч жылдан бери Тажикстан менен Кыргызстандын ири ГЭСтерине каршы пикирин билдирип келет.


Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Mir82
2013-10-07 15:17:17
Мин ГЕС курса деле светти арзандатпайт бул бийилик
+4
Jamalym
2013-10-07 15:21:35
Коро албастык булардыкы.
0
aiza11.3
2013-10-08 01:03:49
Башшшымды коп орутушпасынчы
+4
enn07
2013-10-08 02:55:28
эмне эле коркушат дейм да ушу биздин жепжуткурлар.
+2
muxammet
2013-10-08 02:56:51
хиихихихи бир жыргап алдым. бирок биздин министир коркот екенда катуу катуу оз оюн айтканга
+1
knk
2013-10-08 12:38:57
Озбекстан чын эле экологияны ойлоп жатабы же бизге ичи куйуп ушундай кылып жатабы
0
jazy
2013-10-11 02:24:37
knk, алар оздорун ойлоп жатат эгер гестер курулса суусуз калышат
0
turatbek-92
2013-10-08 15:49:13
Kerek bolso gazdy beker bolso da bolot alar, yaiym ele kurup kakwyp kalsa eken!!!
+1
meliss
2013-10-09 12:16:53
Кыргызда жакшы соз бар "Эл башы болгуча суу башы бол" деген
+1
admin_media
2013-10-09 15:07:39
kuba1985,
Улутуна жана динине карата бөлүп жарып, ат коюуга тыюу салынат!
30 күн банга!
0
mi-li-na
2013-10-09 15:31:28
Озбектер керек болсо олкендерди тоготушпайт анан биздин чиновник соройлорду бир жерине да кысышпайт даааааа. Каримов кайсы бир жылы келип сууну Кудай жараткан ошол учун сууга ээлик кылууга акыныар жок дегендей кылып кеткен эле эми мынтип олтурат. Бир тамчы суу бербеш керек болчу... Ошол суусу жок Озбекстан биздин сууга семирип коктотуп жатат а бизде болсо тетирисинче,Баткенге барсанар суусу жок экен,пустыняга баргандай эле болот экенсин биринчи барган адам.
+2
vasitbek
2013-10-10 20:00:53
ГЕС курулса Озбекстан суусуз калат эле дебейби каяктагы жомокторду айтпай
+1
sambo
2013-10-11 19:46:34
Ар ким оз арабасын тартып жатат да озбектер ичи тарлык кылбаш керек. Себеби кыргыздардын экономикасынын бир болугу электроэноргия.
0
zhorobekt
2013-10-13 23:54:29
ГЭСтерди кура бер, бирок курган адамга биротоло откоруп берип анан андан озун светти (токту) сатып алба, макулбу КЫРГЫЗЫМ?
0
zhorobekt
2013-10-13 23:58:07
Жумшагыраак айтканда, озбоктор билген намазын окуп жатабы? Кыргызым колундагы сууга ээ боло албайсынбы?
0
meder-17kg
2013-10-14 07:40:57
Kyrgyzstan m/n Tajikstan GES kursa Uzbekstan ekinchi Sahara bolot Orto Aziada
0
№ 570, 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан