Өткөн саныбызда биз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында интеллектуалдык сынак өткөргөн элек. Анда 5 ырчы катышып, алардын үчөө жарым финалга чыгышкан. Бул ирет шоу-бизнестин төрт өкүлү катышты. Кубаныч Сатаев тарыхтан, Бегимай Эсенгулова географиядан, Нурзат Токтосунова адабияттан, Микаэль логикадан күчтүүлүгүн көрсөтүштү. Тим эле бирин-бири сүрөөнгө алышып, шаңдуу отурушуп, сынакты оюнга айлантышты.
Нурзат Токтосунова
Кыргыз адабиятынан суроолор:
1. Т.Касымбековдун “Адам болгум келет” повестинде кандай уламыш баяндалат?
а) Олжого кеткен Майсара кыздын тагдыры
б) Олжого кеткен Чынар сулуунун күйүтү +
в) Жоламан маңкурт жөнүндө
Жооп туура, 1 балл
2. Элдик поэмаларга кайсылар кирет?
а) “Манас”, “Семетей”
б) “Саринжи Бөкөй”, “Жаңыл Мырза”
в) “Карагул ботом”, “Ак мөөр” +
Жооп туура, 1 балл
Географиядан суроолор:
1. Жердин кайсы сферасы өзүнө жердин кыртышынын бир бөлүгүн камтыйт?
а) Гидросфера
б) Атмосфера
в) Биосфера +
Жооп туура, 1 балл
2. Африканы Евразиядан кайсы деңиз бөлүп турат?
а) Кызыл деңиз +
б) Кара деңиз
в) Япон деңизи
Жооп туура, 1 балл
Тарыхтан суроолор:
1. Кыргыз Республикасы кайсы чет өлкөгө биринчи жолу элчилик ачкан?
а) Түркия
б) Кытай
в) АКШ +
Жооп туура, 1 балл
2. Байыркы Египетте жазуу үчүн кайсы материал колдонулган?
а) Кагаз
б) Папирус +
в) Чопо табличкалары
Жооп туура, 1 балл
Логикалык суроолор:
1. Кафеде апасы, атасы, уулу, кызы, эжеси, агасы, таякеси, иниси, жээни тамактанып отурушат. Ал жерде канча адам отурат? ( Туура жообу – 4 адам отурат. Биртууган аял жана эркек, алардын уулу жана кызы)
Нурзат: “Канча эсептесем да таба албайт окшойм, менин жообум 6 адам отурат”.
Жооп туура эмес, 0 балл
2. Кыз тамак жасап жатат. Ошондо казанга биринчи эмне салат? (Туура жообу – көз салат)
Жооп туура, 1 балл
Жыйынтыгында 1 туура эмес жооп, 7 туура жооп.
Кубаныч Сатаев
Кыргыз адабиятынан суроолор:
1. Барпынын “Балдарга насыят” деген ыры кандай мүнөздө жазылган?
а) Дидактикалык +
б) Эпикалык
в) Пессимисттик
Жооп туура, 1 балл
2. “Жапайы розалар” повести кимдин калемине таандык?
а) Касымалы Жантөшев
б) Мукай Элебаев
в) Зуура Сооронбаева +
Жооп туура, 1 балл
Тарыхтан суроолор:
1. Түрк кагандыгы жайгашкан аймакты белгиле.
а) Монголия
б) Борбордук Азия +
в) Сибирь
Жооп туура, 1 балл
1. Падышачылык кулагандан кийин Кыргызстанда бийлик кимдин колуна өттү?
а) Совет бийлигине (Кубанычтын жообу)
б) Убактылуу өкмөткө +
в) Кокон автономиясына
Жооп туура эмес, 0 балл
Географиядан суроолор:
1. Кыргызстандын рельефинин мүнөзү кандай?
а) Ойдуңдуу
б) Тоолуу +
в) Түздүктүү
Жооп туура, 1 балл
2. Аталган аралдын кайсынысы Инд океанында жайгашкан?
а) Таити
б) Мадагаскар +
в) Самоа
Жооп туура, 1 балл
Логикалык суроолор:
1. Столдун үстүндө 3 шалгам, 4 алма турат. Бала келип, 1 алманы алды. Столдун үстүндө канча жемиш калды? (Туура жообу – үч)
Кубанычтын жообу: “Та-ак, бала бир алманы алып кетти, ошондо алтоо калат. Жок, шалгам жашылча да, жемиш – алма, а-а, үч жемиш калды”. Жооп туура, 1 балл
2. Гитарада, домбрада алты, комузда бешөө эле. Сөз эмне жөнүндө болууда. (Туура жообу – сөз жөн гана аспаптардын аталышында жана тамгалардын саны жөнүндө)
Кубанычтын жообу: “Точно билем, домбрада 5 кыл болбойт, ошондо сөз кыл жөнүндө эмес, аталган аспаптын кулактары жөнүндө болууда”. Жооп туура эмес, 0 балл
Жыйынтыгында 2 туура эмес, 6 туура жооп.
Бегимай Эсенгулова
Кыргыз адабиятынан суроолор:
1. Орхон-Эне-Сай эстеликтериндеги жазууларды чечмелеген эң алгачкы окумуштуу ким?
а) Ч.Валиханов
б) В.Томсон +
в) Б.Юнусалиев
Жооп туура, 1 балл
2. Кириск Чыңгыз Айтматовдун кайсы чыгармасынын каарманы?
а) “Саманчынын жолу
б) “Кассандранын тамгасы”
в) “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” +
Жооп туура, 1 балл
Географиядан суроолор:
1. Киров суу сактагычы кайсы облуста жайгашкан?
а) Талас +
б) Жалал-Абад
в) Нарын
Жооп туура, 1 балл
2. Эң кичинекей мамлекет.
а) Ватикан +
б) Чад
в) Мозамбик
Жооп туура, 1 балл
Тарыхтан суроолор:
1. Илимдеги жетишкендиктерди билим тармактарына бөлүштүргөн биринчи илимпоз ким?
а) Демокрит
б) Аристотель (Бегимайдын жообу)
в) Гиппократ +
Жооп туура эмес, 0 балл
2. Колония деген эмне?
а) Экономикалык жактан көз каранды мамлекет
б) Өз территориясынын бир бөлүгүн алдырып жиберген өлкө
в) Экономикалык, саясый көз каранды мамлекет +
Жооп туура, 1 балл
Логикалык суроолор:
1. Бир сулууну эгиз балдар жактырып калышат. Анда кыз: “Асан, асманымсың, жеримсиң. Үсөн, оң колумсуң, сол колумсуң”,- дейт. Ошондо кыз жигиттерге кандай жооп берди? (Туура жообу – Асанга “ооба” дейт. Анткени “асман-жер” дегенде башын ийкегени, Үсөнгө “жок” дейт, анткени башын оңго-солго бурганы “жок” дегени)
Бегимай: “Ошондо кыз экөөнү тең сүйөт окшойт”.
Жооп туура эмес, 0 балл
2. Оорулуунун үйүнө бараткан врач биринчи эмнеге көңүл бурат? (Дарегине) Жооп туура, 1 балл
Жыйынтыгында 2 туура эмес, 6 туура жооп.
Микаэль
Кыргыз адабиятынан суроолор:
1. Бул саптар кайсы акын жөнүндө?
“Анын ыры таттуу тилдүү бала эле,
Бул замандын чын сүйүктүү жаны эле...”
а) Ж.Турусбеков
б) А.Токомбаев
в) Ж.Бөкөнбаев +
Жооп туура, 1 балл
2. А.Осмонов орустун кайсы акынын “менин окутуучум” деп атаган?
а) М.Горький
б) В.Маяковский
в) А. Пушкин +
Жооп туура, 1 балл
Географиядан суроолор:
1. Эң жаңы өнөр жай тармагы кайсы?
а) Авиация
б) Кеме куруу
в) Органикалык синтез химиясы +
Жооп туура, 1 балл
2. Африкада канча мамлекет жайгашкан?
а) 48
б) 67
в) 46 +
Жооп туура, 1 балл
Тарыхтан суроолор:
1. Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин алгачкы төрагасы ким?
а) Ж.Абрахманов +
б) А.Орозбеков (Микаэлдин жообу)
в) А.Сыдыков
Жооп туура эмес, 0 балл
2. КРнын герби канчанчы жылы кабыл алынган?
а) 1992-жыл
б) 1991-жыл (Микаэлдин жообу)
в)1994-жыл +
Жооп туура эмес, 0 балл
Логикалык суроолор:
1. Бөлмөдө 5 мышык бар. 5 мышык 5 мүнөттө 5 чычкан кармады. Ошондо мышыктар канча мүнөттө чычкан кармашты? (5 мүнөттө)
Жооп туура, 1 балл
2. Эмне үчүн Гренландияны ачкан саякатчы аралды “жашыл жер” деп атаган. (Туура жообу – Гренландия англисчеден которгондо “жашыл жер” дегенди түшүндүрөт
Микаэль: «Green» деген жашыл, «land» деген «жер». Демек, «жашыл жер».
Жооп туура, 1 балл
Жыйынтыгында 2 туура эмес, 6 туура жооп.
Бул мелдеш абдан кызуу өттү. Нурзат Токтосунова 7 упайга ээ болуп, жарым финалга чыкса, калган үчөө 6 упайга ээ болгондуктан, кошумча суроо узаттык. Ошентип, оюн жыйынтыгында Микаэль жарым финалга чыкты.
Бурул Исмаилова
star@super.kg