Адырдын ары жагында калган балалыгына бул жолу «2011-жылдын супер ырчы мырзасы» Омар кайрылды. Каарманыбыз 19-ноябрда туулган күнүн майрамдайт. Олуттуу сүйлөгөн каарманыбыз бала кезинде бир топ эле шок болгонун баамдадык.
«ЧОҢ АПАМ СУУНУН БОЮНДА МЕНИ КАЙТАРЫП ОТУРЧУ»
– Атымды чоң атамдын Самак деген иниси койгон. Менден улуу Улан деген байкем чарчап калып, мени өмүрү узун, өмүрлүү болсун деп Өмүрбек деген ысымды ыйгарган экен. Киндик кан тамган жерим Бишкек, борбордогу №4-төрөтканада түшкү саат 3тө жарыкка келиптирмин. Балалык дегенде эле айылдын жыты эске түшөт. Атам Таластан, апам Нарындан болгону менен, борбордо жашачу элек. Каникул келери менен дароо Таласка жөнөчүмүн.
Шаардык баланын айылда жүргөнү өзгөчө кызыктар менен коштолот эмеспи. Айылга барарым менен көчөдөгү балдар чогулуп «Буга чыгасыңбы, тигиге чыгасыңбы?» деп досторун алып келип калышчу. Айылдагы балдардан таяк жеп ыйласам, үйгө айтып келчү эмесмин. Анткени үйдөгүлөр даттанып келгенде «антип келбей жүр» деп коюшчу. Айыл мени жөнөкөйлүгү менен тартат. Өзүбүз көп кабаттуу үйдө жашачубуз, көргөнүм төрт дубал болуп жүрүп, айылга барганымда өзүмдү эркин куш сезер элем. Кичинемде аттан көп куладым. Эмнеге билбейм, аттан кулаганда мен эмес, артыма учкашкан адам жаракат алчу.
Чоң апам «сууга түшпө, чөгүп кетесиң» десе болбой барып киринчү элем, айласы кеткенде чоң апам кечке мени кайтарып отурчу. Өзүм шаарда чоңойсом да, айылда жашаган ар бир үй-бүлөнү сыртынан билем, мени деле айылдагылар «ии, баягы Өмүрбек го» деп таанышат. Кичинемде айылда кошуналар тамакка чакырышканда биздин үй-бүлөнүн өкүлү катары мени жиберишчү.
«МЕКТЕПКЕ БАРБАЙМ ДЕП КӨК БЕТТЕНГЕМ»– 1-класска эми алып барабыз деп жатышканда мен Таласта элем. 1995-жылы «Манастын» 1000 жылдыгы болмок, ошону көрүп кетишим керек, мектепке барбайм деп көк беттенгеним эсимде. 1997-1998-жылдары «Backstreet Boys» тобунун ырлары популярдуу болуп жатканда ырларын жаттап, кээде өзүмдү алар менен бир сахнада элестетип кеткен да учурлар болгон. Музыкага болгон кызыгуу ошондо башталган.
Кичинебизде досум экөөбүз улуу кыздарды жактырар элек. Алардын басканы, кийингени бизге сулуу көрүнчү. Троллейбуста сабакка баратып бейтааныш эле улуу кыздар менен таанышып, сүйлөшчүбүз. Троллейбуска батышыбыз эле бир тозок. Эптеп өзүбүз батсак да, сумкабыз эшигине кыпчылып сыртта калчу. Мектепте жакшы окудум, кээде «2» алып калганда эжейлерди «койбой эле туруңузчу, чекит коюп туруңузчу» деп көндүргөнгө аракет кылчумун. Эмнегедир сабактарымдан мектепте да, университетте да окуп жүргөндө качкан жокмун. Кээде балдар «жүрү кеттик, качтык» деп кетип калышканда жалаң кыздар менен сабакта жалгыз отуруп калар элем. Ата-энем башынан эле «окуганың өзүң үчүн» деп кулакка куюп койгон окшойт.
«ҮЙ-БҮЛӨМ БААРЫНАН БИЙИК ТУРАТ»
– Айылда өзүмдөн улуу балдар менен достошчумун. Алардын кыздар менен таанышып велосипединин алдына отургузуп алып жүргөндөрүн көрүп шылдыңдачубуз. Бала кезде болочоктогу жубайым тууралуу такыр кыялданчу эмес экенмин, азыр деле буйруганы күтүп жүргөндүр деп коём.
Айылдагы балдар менден «шаардык кыздарың менен тааныштырбайсыңбы...» деп көп суранышчу. Бир жолу 14-февралда Жанузак деген досум экөөбүз параллель класста окуган кыздарга белек берип жиберген элек. Сабак башталганда алышкан, анан эле сабак бүткөндөн кийин кайтарып берип жиберишиптир, «ала албайбыз» деп. Досум экөөбүздүн жинденгенибизди айтпа. Ал учурда сериалдар катуу жүрүп жаткан, ошондон таасирленип алышса керек.
Турмушта мени бардык тараптан жөлөп-таяп турган ата-энем бар экенине сүйүнөм. Мен билем, эгер эртең мени досторум сатып кетсе же ырдабай калып күйөрмандарым жоголуп кетсе, жанымда ата-энем гана болот. Үй-бүлөдө апама жакынмын, эжем менен сырдашам. Таласта эжени «апче» дешет эмеспи, бул сөздүн маанисин жакында эле билдим. «Апача» «кичинекей апа» дегенди билдирет экен. Эжем өзү 3-класста окуп жүргөндө мени мектепке жеткирчү. Үй-бүлөнү кайсы бир нерсеге салыштыруу мага жат нерсе. Мен үчүн үй-бүлө, андагы баалуулуктар биринчи орунда турат. Эркек кишинин өмүрү үйү, үй-бүлөсү, жумушу жана мечиттин ортосунда эле өтүшү керек деп ойлойм.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg