– Мирбек, азыр эл оозуна алынып, өзгөчө кыздардын бүйүрүн кызытып турган учуруң. Ушундай деңгээлге жетүү көөдөнүңдөгү максатың беле же бул ийгилик сага кокусунан келдиби?
– Мен жаш чагымда деги эле ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Атам да мени "милиция кызматкери болосуң" деп жүрчү. Ошентсе да ырчылыкка кичине кезимден эле кызыгуум бар болчу. Бала бакчада жүргөндө чапан кийип, учуна куржун байланган таякты ийиниме асып алып, "Мен баратам Бомбейге, табылаар жумуш мендейге..." деп ырдай берчүмүн. Ушул ырды ырдап кичинекей барабанды белекке алганым да эсимде. Ал эми бир аз чоңоюп калганда көчөдөгү балдар чогулуп, жашынмак ойношсо, мен бир аз ойногондон кийин эле "балдар, ырдашмай эле ойнойлучу" деп оюнду буза берчүмүн. Ырчылыкка болгон талантымды байкаган атамдын мени музыкалык мектепке берем деген да максаты бар болчу. Бирок, эмнегедир анда окубай калдым. Менин чыгармачылыктагы азыркы ийгилигимди кокустук десем туура болбой калат го. Искусство институтуна тапшырып, ырчы болуп чыгууну 10-классымдан баштап ойлоно баштагам. Ошол кезде искусство институтунда окуган аталаш агам айылга барып калып, мени окуу жайга келүүгө үндөгөн.
– Анда искусство институтуна музыка жагынан жакшы түшүнүк ала элегиңде эле тапшырып алыпсың да?
– Мен азыр институттун аккордеон бөлүмүндө окуйм. Аккордеонду болсо 7-классымда биринчи жолу колума кармап, өз алдымча эле үйрөнүп алгам. 9- класста окуп жүргөндө обондорду ойноп, ага үн кошуп ырдап калгам. Мени элге тааныткан "Таластык кызды" ошондо биринчи жолу угуп, үйрөнүп алып ырдай баштагам.
– Кимден уктуң эле?
– Эжем Бишкектен барып эле "Мен Бишкекте конокко бардым эле, бир бала аккордеон менен ушул ырды ырдады" деп биринчи куплетин кайырмасы менен жаттатты. Ыр мага аябай жагып калды. Кийинки куплеттерин да жаттайын деп такыр эч кимден таппай койдум да, экинчи куплетин өзүм жазып алдым. Кийин шаарга келгенде экинчи куплетин бирөөдөн таап, өзүмдүн жазганымды үчүнчү куплет кылып азыр деле ырдап жүрөм.
– Алгач ушул ырдын азыркыдай популярдуу болуп кетээрин сездиң беле?
– Мен "Таластык кызды" биринчи жолу ноябрь айында Замир Арыкбаевдин концертинде ырдап чыккам. Ал кезде менин фамилиямды да, менин аткаруумдагы бул ырды да эч ким уга элек болчу. Фамилиямды атап сахнага мени чакырганда залдын ар кайсы жеринен кол чаап коюшкан, анан ыр бүткөн соң, кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар көпкө чейин токтобой койду. Ошондо бул ырдын мага популярдуулук алып келээрине көзүм жеткен.
– "Таластык кыздын" автору экөөңөрдүн ортоңордогу чырдын канчалык чындыгы бар?
– Мен бул ырдын авторунун аты Максат экенин жана анын таластык экенин билчүмүн. Андан башка ал жөнүндө маалыматым жок болчу. Ырга аранжировка жаздыраардан мурун аны аябай издедим. Ал эле эмес, Максат байкени мен эки жыл бою издеп келдим. Акыры такыр таппаганда досторум: "Аранжировканы жаздыра бер, ыр чыккан соң, өзү сени таап алат" деп кеңеш беришти. Айткандай эле ыр бир топ популярдуу болуп калганда "Мен "Таластык кыздын" автору болом" деп Максат байке телефон чалды. Экөөбүз жолукмай болдук. Мен Максат байкени сүйүнүп, мага ыраазычылыгын билдирет го деп күткөм. Тилекке каршы, мен ойлогондой болгон жок. Жолукчу жерге машина менен эжеси, жездеси, иниси болуп төртөө келиптир. Адегенде эле төртөө төрт жактан мага кыйкырып киришти. Болгонун айтып түшүндүргөнүмө карабай акыры коркутканга да өтүштү. Менин ырды канчалык сүйгөнүмдү түшүнгүлөрү да келген жок. Алардын талабы боюнча ырды радиолордон алдырып, аны такыр ырдабашым керек экен. Ага клип тарттырганга да тыюу салышты. Ырдабаганга макул болгон жокмун, бирок, "клип тарттырба" деген талабына аргасыз көнгөнгө туура келди. Болбосо алиге чейин клибин тарттырмакпыз.
– Эгер автору "ырдаба" деп катуу тыюу салса, "Таластык кызды" ырдабай коюуга күчүң жетеби?
– "Таластык кыз" менин жан-дүйнөмө сиңип калган ыр. Мени сахнага алып чыгып, элге тааныткан да ушул ыр. Мен алгач сахнага бул ыр эмес, башка ыр менен чыкканымда азыркыдай популярдуулукка жетише албайт болчумун.– Репертуарыңда канча ырың бар?
– Азырынча үчөө эле. Учурда төртүнчү ырым жазылып жатат. Алардын ичинен "Кыздар" аттуу ырымдын сөзү, обону өзүмдүкү.
– Үч эле ырың болсо, азырынча жеке концерт коюуну ойлонуштура элек экенсиң да?
– Жеке концертке жайы менен даярданып, күзүндө берсек деген максатыбыз бар. Буюрса, даярдыкты эмитен баштадык.
– Силер Султан, Акбар болуп чыгармачылыктын босогосун чогуу аттабадыңарбы? Сенин оюңча үчөөңөрдүн кимиңер күчтүүсүңөр?
– Султан күчтүү. А сахнага чыгуу жөнүндөгү демилгени Акбар көтөргөн. Биз биринчи курска жаңыдан келгенде эле Акбар "бул ырдын аранжировкасы жакшы экен", "аранжировка жаздырыш керек" деп аранжировка жөнүндө кеп кылып калчу. Биз болсо ал кезде аранжировка деген эмне экенин да толук түшүнчү эмеспиз.
– Үчөөңөрдүн ортоңордо чыгармачылык атаандаштыктар да болуп кетеби?
– Биз башынан эле Султан, Акбар, мен анан "Кыргызстан Обондорунун" ди-джейи Чыңгыз болуп кан достордонбуз. Чыгармачылыкка аралаша баштаганда бир күнү атайын төртөөбүз чогулуп, түнү бою уктабай сүйлөшүп чыктык. Ошол түнкү бири-бирибизге берген антыбыз боюнча биздин достугубуз шоу-бизнестен жогору турат. Кандай болгон күндө да бири-бирибизге жөлөк- таяк болуп, дайыма бири-бирибизди колдоп турушубуз керек. Шоу-бизнесте болчу көрө албастык, атаандаштык, бут тосуу сыяктуу жаман сапаттар биздин арабызда жок.
– Жатаканада чогуу турасыңарбы?
– Султан квартирада турат. Калганыбыз чогуу турабыз.
– Чогуу башыңардан өткөргөн жатакананын кызыктуу окуяларынан айтып бербейсиңби?
– Бир күнү төртөөбүздө тең сокур тыйын жок ачка калдык. Түн кирди. Курсак ач болсо кайдагы уйку? Түнкү саат төрткө чейин сүйлөшүп жаттык. Акыры чыдабай туруп алып шкафтарды аңтарып кирдик. Колго илинээрлик эч нерсе жок. Бир маалда балкондон таштай болуп катып калган нандарды таап чыктык. Тээ качантан берки желбей калган нандардын калдыктары экен. Ага банкадагы приправаны аралаштырдык да, сууга кайнатып "шорпо" жасадык. Анан сүткө тойгон күчүктөй болуп уйкуга кеттик. Эми мындай күндөр жатаканада көп эле болгон. Эсимде калганы ушул болду.
– Популярдуу адамга жатаканада жашаган ыңгайсыз эмес бекен?
– Ыңгайсыз жери, кенен даярдана албайсың. Кээде гана бөлмөдө эч ким жок кезде магнитофонду катуу коюп бийлеп, ырдайм. Бирок, көбүнчө бири кирип, бири чыгып жатып тоскоол болушат. Анан да баарынын көңүл борборунда болуп калат экенсиң. Кокусунан эшиктен кирип баратып бирөөнү байкабай өтүп кетсең эле болду. "Жылдыз болуп калган го?!", "Биздин жылдыз кишини теңине албай калыптыр" деген сөздөргө кабыласың. Ошондуктан, жакында квартирага чыгып, өзүмчө жашоону пландаштырып жатам.
– Бир эле ырды жаздырууга оңой эмес акча кетээринен кабарыбыз бар. Сен студент болсоң, ыр жаздырыш жеңилге турбаса керек?
– Мен алгач Айбек Карымовдун, анан Динара Акулованын тобунда иштедим. Эми иштегенде кандай, аппарат ташып эле жүрчүбүз. Чыгармачылык менен иштешүү оңой эмес экенин ошондо эле өз алдымча сезип жүрчүмүн. "Аккордеон менен ырдап бер" деп тойго чакырып калгандар болчу. Андан канча тапсам чогултуп, ошол акчага биринчи ырым "Таластык кызды" жаздыргам. Азыр болсо финансы жагынан эжемдер колдоо көрсөтөт.
– Айбекте же Динарада жүргөндө эле чоң сахнага чыгуу жөнүндө ойлонгон жок белең?
– Алар деле "сени ырдатам" деп көп эле убада беришкен. Бирок, эмнегедир ошол кезде өзүм деле аракет кылбаптырмын.
– Чыгармачылыктын түйшүгүн башыңдан өткөрүп жатасыңбы?
– Бул иштин оор түйшүгүнө чыдабай "болду, ырдабайм" деп чыккан күндөрүм болгон. "Таластык кызды" жаздырып, сүйүнүп радиого алпарсам "жакшы эмес экен" деп албай коюп жатышпайбы. Ошол убакта финансы аябай тартыш болуп, өзүм да кыйналып турган учур эле. Бөлмөмө жетип эле "ырчы болбой эле койдум" деп дискти ыргыттым да, керебетиме көмкөрөмөн куладым. Ойлонуп, ыйлап, эки күн турбай жаттым. Үчүнчү күнү өзүмдү-өзүм сооротуп турдум да, ыргыткан дискимди кайра алып, башка радиого бардым. Көрсө, мени көрө албаган бирөө биринчи барган радиодогуларга "Мирбек келсе ырын албагыла" деп мени жамандап коюптур.
– Ата-энең сени телевизордон көргөндө кандай сезимде калышат экен?
– "Хит-параддан" биринчи жолу көрүшкөндө апам сүйүнгөнүнөн ыйлап жибериптир. Ошол сыяктуу атам, бир туугандарым да сүйүнүшөт экен.
– Сүйгөн кызың барбы?
– Мен кээ бирлерчилеп кыз жандап жүрүүгө анча деле кызыкпайм. Убагында элден калбайын деп мен деле кыз менен жүргөм. Азыр аны "тоок сүйүү" болгон экен деп ойлоп коём.
– Белгилүү болгондон бери күйөрман кыздарыңдын айынан көчөдө кенен баса албай калгандырсың?
– Ошондой болот экен. Маршруткага да ойлонуп түшө турган болуп калдым. Жакында маршруткада кетип баратсам топ кыздар чыгып калды. Мени көрүп түз эле жаныма келип ороп калышты. Ар кимиси ар тарабымдан суроолорду берип киришти эле, эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Ушунчалык ыңгайсыз абалда калып, бараар жериме жетпей эле түшүп кеттим.
– Күйөрман кыздарыңа кандай мамиле кыласың?
– Автограф бер десе берип, сүрөткө түш десе түшүп коём. Андан менин эч нерсем кемибейт. Бир жолу эртең мененки саат тогуздарда уктап жатсам бирөө эшикти такылдатып: "Сени эшикте эки кыз чакырып жатат. Сүрөткө түшөт элек дейт" деп калды. Менин уйкум ушунчалык келип жаткандыктан, "Уктап жатыптыр деп айтып койчу" деп чыкпай койдум. Ошентип, түштө, саат бирлерде туруп, шашпай жуунуп-таранып сыртка чыксам, вахтада эки кыз күтүп отурат. "Силер эртеден бери күтүп отурасыңарбы?" десем, "Ооба" дешет. Өзүм аябай ыңгайсыз абалда калдым.
Маектешкен Азиза Сатимбекова