Уккан адамдын муунун бошотуп, көзгө жаш тегереткен «Атага кат» ыры учурдун эң популярдуу ырларынын бири болуп калды. Бул ырга таасирленбеген угуучу жок болсо керек. Анткени, «Атага кат» ыры атаны дагы-дагы сыйлаганга, аны сүйгөнгө үндөп, атанын баркын сездиртет. Мына ушул өздөрүнүн жүрөктөрүнөн чыккан ырды элдин да жүрөгүнө жеткире бере алышкан жигиттер – Артык менен Сапар. Назарыңыздарда Артык менен Сапардын биз кызыккан суроолорго берген жооптору.
Артык Саитов 1977-жылы 5-апрелде Жалалабат областынын Базаркоргон районуна караштуу Шыдыр айылында төрөлүп-өскөн. Жети бир туугандын улуусу. Үйбүлөлүү. Эки кыздын атасы.
Артык: «ЫРДЫ УККАНДА АТАМ ӨКСҮП ЫЙЛАПТЫР»
– Артык, Сапар экөөңөрдүн аткарууңардагы «Атага кат» аттуу ырыңар учурда өзгөчө популярдуулукка ээ болуп турат. Ушул ыр жаралганда азыркыдай деңгээлге жетет деп күттүң беле?
– Бул ырдын жазылганына беш жылдай болуп калды. Бирок, алгач сахнага алып чыгуу жөнүндө оюм жок болчу. Сахнага алып чыгып, калың элге сунуш кылганыма бир бейтааныш байке себеп болгон. Өзүм иштеген кафеде бир күнү «Атага катты» эстеп кетип жөн эле ырдап койдум. Анда кафедеги кардарлардын маани берип укканын деле байкаган эмесмин. Арадан бир айдай убакыт өтүп кеткен соң, адаттагыдай эле иш күндөрүнүн биринде тыныгуу убагында тамак ичип отурсам бир байке жаныма басып келип: «Ай, бала, сен мени банкрот кылмай болдуң го» деп жатпайбы. Түшүнбөй эле аны карап калсам: «Мындан бир ай мурун ата жөнүндө ыр ырдадың эле. Ошондон бери ошол ырды угам деп күн сайын ушул кафеге келип, пиво ичип отурам. Бирок, ошондон бери бир да жолу ырдай элексиң» деп жатпайбы. Ал күнү байкеге ырды кайра-кайра кайталап ырдап бердим. Ушул окуядан соң «бул ыр элге жагат окшойт. Анда мен эмне үчүн катып жүрөм?» деп ойлонуп, ырды жаздыруу жөнүндө ойлоно баштадым. Ырды жаздырган өзүнчө кеп. Даяр болгондон кийин «Кыргызстан обондоруна» алпарып, Чыңгызга берсем: «Эмне деген ыр?» деди эле, «Бомба» деген ыр деп койдум. Чыңгыз түшүнбөй калды. А менин «бомба» дегенимдин себеби, бул ырды Кыргызстанды «дүң» эттирээрине ишенген элем. Азыр буюрса, ырым мен ойлогондой деңгээлге жетип олтурат.
– «Ата» демекчи, өзүңдүн атаң жөнүндө кеп козгоп кетсең?
– Атамдын аты Калдарбай. Азыр ал 56 жашта. Мен атамдын эң улуу баласы болгондуктан, үйдөгү бардык нерсени экөөбүз биргелешип чечебиз. Ал көп жылдар бою инженер болуп иштеди. Мен үчүн ал эң ыйык адам. Жакында Жалалабатка гастролго барганыбызда атайын Базаркоргондон чакырып, концертке киргиздим. «Атага катты» ырдап жатканда сахнадан түшүп барып, алдыңкы орундукта отурган жеринен кучактап калсам эрээркеп ыйлап жүрөт. Атамдын ыйлаганын көрүп мен ыйлап, бизди көрүп залдагылар ыйлап, аларды көрүп сахнанын артындагы ырчылар ыйлап... Ошентип, баарын ыйлаттык.
– Ушул ырыңа тартылган клип да көргөндү кайдыгер калтырбайт. Клиптеги окуяны өзүңдүн башыңдан өткөн окуя деп ойлошот экен...
– Эгер өзүмдүн башыман өткөн окуяны гана тарттырсам, анда элге жеткиликтүү болбой, кызыксыз болуп калмак. Ошондуктан, окуя ойдон чыгарылып, атайын сценарий боюнча тартылган. А менин турмушума байланыштуусу клиптеги окуянын аз гана бөлүгүн түзөт.
– Ырды угуп, клипти көргөндө атаң кандай кабыл алыптыр?
– Ырдын муңдуу экенин билсем да ыйлата турган деңгээлге жетээрин өзүм сезген эмесмин. Ыр жарыкка чыккандан кийин кайсы айрым досторум: «Эй, досум, ырың жакшы чыгыптыр. Угуп алып ыйладым» дешет. «Ырым ушунчалык эле эркектерди ыйлата турган болду бекен, анда атам эмне болуп жатты экен?» деп дароо эле атам эсиме түштү. Кийин атама жолукканда сурадым. Көрсө, атам дал ошол «Атага кат» жаңыдан чыгып жатканда ооруп, бейтапканага жатып калган экен. Бир күн эле радиодон ырды берип калыптыр. Бирок, акыркы саптарын гана укканга үлгүрүп калыптыр да, мени тааный албаптыр. Көп убакыт өтпөй ырды дагы берген экен, ошондо менин үнүмдү тааныптыр. «Үнүңдү дароо эле тааныдым. Кудум эле өзүмдүн үнүм. Ырды угуп алып өксүгөнүмдү сураба. Араң токтолбодумбу» дейт атам. Эми эле ыйлабаганга көнө баштаптыр. Болбосо ырды уккан сайын ыйлай берчү экен. А клипти көргөндө болсо такыр өзүн токтото албай ыйлаптыр.
– «Атага катты» казактардын «Сердце матери» аттуу музыкалык композициясынан алган дешет. Чындыгында эле ырыңды ошол музыкага таасирленип жаздың беле?
– Ушул жөнүндө көп талаш-тартыш болду. Болгон окшоштугу аларда скрипка менен домбра кошулса, бизде кыл кыяк менен комуз кошулуптур. Анан калса ал музыканын теледен бериле баштаганына араң эле бир жыл болсо менин ырым мындан беш жыл мурда чыккан да. Анан мен алардан кантип уурдамак элем? Жакында ушул маселе боюнча радиодо талкуу жүрүп, ал талкууга профессионал композиторлор катышты. Эки музыканы тең угушкан композиторлор экөөнөн эч кандай окшоштук табышкан жок. Натыйжада, биз жеңип чыктык. Эне жөнүндөгү казактардын музыкасын ата жөнүндө ыр кылып өзгөртүп алган дегендер жаңылышат.
– Өнөктөшүң Сапарды «менин ырымдын артынан популярдуу болдуң» деп басынтпайсыңбы?
– Анткенге менин акым жок. Анткени, биринчиден Сапарга «менин ырымды экөөбүз дуэт кылып ырдайлы» деп өзүм суранып баргам. Экинчиден, бул ырдын популярдуу болушуна Сапардын да салымы бар. Балким, бул ырды мен жалгыз ырдаганда мынчалык деңгээлге жетпейт беле. Минтип айтканымдын себеби, менин үнүм нукура кыргыздын колоритине жакын. А Сапардын үнү заманбап жаштардын табитине жакын. Ушул эки түрдүү үн айкалышкандыктан, ырдын күйөрмандары ар кандай курактагы, ар кандай чөйрөдөгү адамдар. Ошондуктан, Сапарды бөлгөнүм туура эмес болуп калат.
– Силердин эл көзүнө көрүнүп, тааныла баштаганыңарга аз гана убакыт болбодубу. Буга чейин кайда, эмне иш менен алектенип жүрчүсүң?
– Негизи, менин кесибим инженер-химик. Мектепти бүткөн соң, Россиянын Красноярск шаарынан окугам. Окууну бүткөн соң, Ошко барып өз кесибимди аркалап бир аз иштедим. Андан кийин бир байкем «офисте иштейсиң» деп Бишкекке алып келген. Бирок, ал жумушту күтүүгө туура келип калды. Ошол убакыт ичинде бир тааныштар аркылуу «Кыял» бирикмесиндеги кафелердин бирине жумушка орношуп калгам. Ошондон бери кафелерде иштеп жүрөм.
– Мектеп курагыңда да ырдачу белең?
– Мектепте музыка сабагында мугалим: «ырда, болбосо «2» коём» деп коркутса да ырдачу эмесмин. Эсимде, 7-класска келгенде бир гана жолу «Бара жатат партизандар» деген ырды ырдап, музыка сабагынан «5» алгам. Менин ырга болгон кызыгуум Красноярскта окуп жүргөндө гана ойгонгон. Ал жакта чогуу окуган группалаштарым гитара ойноп, ырдашчу. Гитара ойногонду ошолордон үйрөнүп, аларга кошулуп ырдап да калчумун. Ырлардын да алгачкылары ошол жакта жаралган.
– Үйбүлөң жөнүндө айта кетсең?
– Үйбүлөм жөнүндө айтсам, келинчегимди аты Гүлбара. Айтурган жана Ланура аттуу эки кызым бар. Кыздарымдын музыкага жакындыгы эмитен байкалат. Кичүү кызым «Сапар» аттуу ырымды укмайынча уктачу эмес.
– Келинчегиңиз күйөрмандарыңыздан кызганбайбы?
– Кызганган учурлары болот. Бирок, жакшы эле түшүнөт.
Сапар Эркебаев 1982-жылы 21-декабрда Ош областынын Карасуу районунун Башбулак айылында туулуп-өскөн. Алты бир туугандын төртүнчүсү. Бойдок.
Сапар: «АЙЫЛДАГЫЛАР МЕНИ ЖАМАН КӨРҮШЧҮ»
– Сапар, ыр дүйнөсүнө жаш кезиңден баштап аралаша баштасаң керек?
– Менин музыкага болгон шыгым өтө эле жаш кезимден ойгонсо керек. Атам комузда жакшы ойнойт. Кичине кезимде атамды комуз ойнотуп, өзүм комуздун башын тиштеп алчумун. Зыңылдаганы ушунчалык жакчу. Кокусунан ыйлап калсам атам комуздун башын оозума тыга калып ойноп кирсе тып басылчу экем. Мектепте окуп жүргөндө да ырдап жүрчүмүн. Бирок, дене тарбия менен музыка сабагынан гана «5» алганым болбосо, калган сабактардан жаман окуганымды моюнга алам. Бирок, мектептеги бир дагы конкурс, кароо-сынак менсиз өтчү эмес. Анан албетте музыкадан башкага шыгым болбогондуктан, 8-класстан кийин Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын хор бөлүмүнө тапшыргам. Үнүмө карап кыздар хоруна кошуп коюшканына теригип, окубайм деп да жүрдүм. Бирок, ага да көнүп, окууну бүтүп алганыма азыр ыраазы болом.
– Бишкекке келип калганыңдын чоо-жайын айтсаң?
– Орто окуу жайын бүткөн соң, Ошто кафеге кирип, ырдап иштеп калдым. Көбүнчө орусча, англисче, чыгыш ырларын ырдачумун. Бир күнү бирөөлөр менен таанышып калып, алар мени чыгыш ырларын ырдайсың деп келишим менен Бишкекке алып келишти. Ал кезде Бишкектеги кафелерде чыгыш ырлары жаңырып, жаңыдан модага айланып жаткан экен. Келишим боюнча алар мага айына 200 доллар төлөп беришмек. Ошто 200 доллар чоң акча да. Ошонусуна сүйүнүп келип алсам, Бишкекте 200 доллар болбогон эле акча экен. Ошентип, 4-5 ай иштедим да, мени жөн эле пайдаланып жүрүшкөндөрүн сезип, келишимди бузуп жибердим.
– А Артыкка кандайча жолугуп калдың эле?
– Сапар деген досум бар болчу. Ошол Сапар экөөбүз Артык байкелер иштеген кафеге кирип калдык. Анда Артык байкелер «Акшам» тобу деп чыгып жүрүшчү. Анда мен Артык байкени жакындан таанычу эмесмин, бирок, ал менен чогуу иштеген баланы таанычумун. Биз кафеге кирсек алар «Сапар» аттуу ырынын «Жылдын мыкты дебюту» наамын алганын майлап, кубанып отурушкан экен. Артык байке менен таанышкан соң «Биздин конокторубуз эки Сапарга «Сапар» аттуу ырды арнайм» деп бизге ыр тартуулаган. Ошентип таанышып калганбыз. Ошол окуядан бир топ убакыт өтүп кеткен соң көчөдөн кайрадан Артык байкеге жолугуп калып, ал мага чогуу иштешүүнү сунуштаган.
– Экөөңөр канча убакытка чейин чогуу иштешели деген оюңар бар?
– Келишимде эки жыл деп жазылган. Ошол келишим бүтө берсинчи, кааласак дагы узартып алабыз да.
– Сенин тез аранын ичинде эле популярдуу болуп кеткениңди айылдаштарың кандай кабыл алышты?
– Мени башынан айылдагылардын баары жаман көрүшчү. Анткени, түнү менен балдар менен чогулуп алып эле гитара менен ырдап отура берчүбүз. Эртеси кошуналарыбыз: «Уйку берген жоксуңар» деп наалып калышчу. Ушунун айынан «Баланчанын хулиган баласы», «Баланчанын бекерчи баласы» деген атка конгом. Эми болсо «А-ий, бул баягы Сапарбы? Азамат!» деп калышыптыр. Жакында айылга барсам, атамдын баягы мен башын тиштеп жүргөн комузу өтө эле эскирип, тамтыгы чыгып кетиптир. Атайын базарга алпарып, өзүнө жаккан өрүк комузун сатып бердим. Атам бир кездеги «хулиган» баласы менен сыймыктанып, кудуңдап калды.
– Сен дагы ыр жазасыңбы?
– Мен дагы ыр жазам. Бирок, ырларымды Артык байкенин ырларынын бучкагына да теңебейм. Ошондуктан, сахнага алып чыккандан бир аз тартынчактап жатам. Ошентсе да жакында боло турган концертке өзүмдүн ырларымдан ырдап чыгайын деген оюм бар.
– Күйөрман кыздарыңдын саны барган сайын арбып баратса керек?
– Күйөрман кыздар бар. Жакында эле эки күйөрман кызга автограф берип жатсам, өздөрүнчө эле мени талашып урушуп жүрүшөт. Араң ажыратпадымбы.
– Сүйгөн кызың барбы?
– Мен ушул убакка чейин эч кимди сүйүп көрө элекмин. Азырынча жүрөгүмдүн ачкычын тапкан эч ким боло элек.
Маектешкен Азиза Сатимбекова