Бактыбек Мамытов: «ДИКТОР БОЛГОНГО ЧЕЙИН САКМАЛЧЫ, КУРУУЧУ, ЖҮК ТАШЫГЫЧ БОЛУП ИШТЕГЕМ»

АЛМАЛУУДА ӨТКӨН БАЛАЛЫК

Наристенин киндик каны тамган жерди адатта кичи мекени деп коёт эмеспи. Бактыбек аганын кичи мекени Чүй боорунда жайгашкан Ысыката районундагы Алмалуу айылы.
Ушул айылда 1950-жылдын 3-мартында жарык дүйнөгө келген. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек ага 7 бир туугандын улуусу. Ал учурда ата-эне тун уулду тарбиялап багууда чоң энеге берүү адаты болгондуктан, Бактыбек чоң эненин колунда тарбияланат.
«Башталгыч класста окуп жүргө­нүмдө аябай жакшы окучу элем. Кийин улам класстан жогорулаган сайын шоктугум чыгып, баягыдай үлгүлүү ба­ла болбой калдым. Ал кез бир башкача доор эле. Оюбузда оюндан башка эч нерсе жок. Анын үстүнө мени чоң энем тарбиялагандыктан, өз атамды байке деп, апамды Сакен деп койчу экем кичинемде. Алар менен сүйлө­шүп, жакындап калганымды көргөндө чоң энем кадимкидей таарынып: «Ой чаар ичеги десе, атасы-энесине жакындап калганын» деп урушуп коё берээр эле. Балалыгымды эстегенде чоң апамды көп эстейм» деп эскерет Бактыбек агай.
Бактыбек ага балалык күндө­рүн­дө бир чоң дос күткөн. Жан­дүйнөсүнө жакын бул досу – китептер эле. Китеп десе жантыгынан жата калып окучу. Ал убакта айылдарга электр жарыгы келе элек учур. Элдер чырак колдонуп оокат кылышчу. Ошол чыракты уурданып жагып алып түн бир оокум болгончо китеп окуп чыккан күндөрү болгон. Кээде толкуп түрмөктөлө келе калган ыр саптарын кураштырып да жиберээр эле. Балким, бул өнөр ага апасы Сакенден жуккан болуу керек. Анткени, апасы чукугандай сөз тапкан, кошокчу адам болгон экен. «Айылда анда кызыл үй (азыркыча китепкана) деген боло турган. Анда китептер аз эле болчу. Мен андагы китептерди кеминде 2-3 сыйра окуп чыктым окшойт» деп эскерет ага. Ошондон улам акын же жазуучу болууну тилек кылып, ал тилегин тээ көкүрөгүнүн түп­кү­рүнө сак­тап келген. Бирок, тагдыр жазмышы аны өзү каалагандай акын кылбастан, башка өнөр жолуна түшү­рүп, бирок, дагы да болсо маданиятка тийиштүү ардактуу кесипти аркалаткан.

КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТ АЛГАН ЖОЛ

Өмүр чыйыры уланып, кечээги «кы­зыл үйдү» тытып жүргөн тестиер бала бойго жетип, келечек жолго багыт алат. Ооба, Бактыбек аганын алдындагы чоң максаттарынын бири жогорку окууга өтүү болчу. Табиятынан зирек көкүрөгү кайдадыр белгисиз жакка алып учуп, өз мүмкүнчүлүгүнөн чоң нерсени талап кылып, кайра «ай ушу менин колумдан келээр бекен» деген бушайман ой менен кыжаалат болуп жүрөт. «Ошол кезде кыштакта агроном, ветврач дегендер аябай бааланчу. Ошондон уламбы, ата-энем: «Айыл чарба институтуна тапшырбайсыңбы?!» деп кеңеш берип калды. Ичимден филология жагына тапшыргым келип жатса да ата-энем каалап жатпайбы деп айла жок айыл чарба институтуна тапшырып калдым. Андан акыркы экзаменден кулап калсам болобу!.. Моюнга алыш керек, химия сабагын жакшы өздөштүрбөгөн элем да... Ошентип, өтпөй калдым» дейт.
Кийинки жылы өзү каалаган Улуттук университеттин филология факультетине тапшырып өтпөй калат. Ошол эле факультетке 4 жолу тапшырат. Үч ирет конкурстан өтпөй калып, Кудай буйруп кийинки жылы өтүп кетет. «Ошол 3 жылдын ичинде колхоздо мен иштебеген иш калган жок окшойт. Мен мектепке лаборант да болуп иштедим. Куруучу, завклуб, сакмалчы, жүк ташыгыч болуп да иштедим. Айтор, айылда мен аралашпаган, иштеп көрбөгөн жумуш калган жок. Бирок, негедир өзүмө ошол жумуштардын бири да жакпай кыйнала берчү­мүн. Менин ордум башка жакта экенин сезип, өзүмдүкүн издей берээр элем. Көрсө, мен өзүм билбей маданият чөй­рөсүн, ушул кесипти издеп жүр­гөн экем.»

АЛГАЧКЫ ЖАНА ТҮБӨЛҮК СҮЙҮҮ

Окуп калган Улуттук университеттен Бактыбек ага өзүнүн бактысын жолуктурат. Жигиттин көңүлүнө чырак жагып, көңүлүн ээлеп алган бийкечтин аты Жамиля эле. Көптөн бери издетип таптырбай жүргөн кыялындагы бийкечи ушул экенин дароо сезген экен Бактыбек ага. Экзамен берип жүргөн учурда эле көрүп-билип, сыртынан жактырып жүрөт. Бактыга жараша, ал кыз дагы окууга өтүп, экөө бир группада окуп калат. Группанын старостасы болуп шайланып калган Бактыбек ага өзү­нөн беш жаш ки­чүү бийкечтин жүрө­гүнө кантип ээ болууну көз­дөп жүргөн кезинде студенттерди айыл чарба жумушуна жөнө­түп калышат. Ошол Жумгал районунун Кайырма айылында иштеп жүрүш­көн­дө эки жаштын көңүлү би­ри-бирине төп келип, махабаттары күч алат. Бактыбек аганын ак пейил, токтоо мүнөзү, бийик адам­керчилиги кыздын жүрөгүнө да от салат. Арадан аз жыл өтүп, Жамиля эже ага­нын куттуу босогосун аттап, кай­ненеси салган ак жоолуктун ээси болгон.
Ошол күн­дөн ушул күнгө чейин Жамиля эже Бактыбек аганын жан шериги, кеңешчиси, кыйын кезеңде жө­лөп-таяган таянычы болуп келет. Эженин кесиби да филолог болгону менен Улуттук телеканалда көп жылдар бою режиссёр болуп эмгектенген. «40 жыл турмуш кургандан кийин жарың менен бир бүтүн болуп калат экенсиң» дейт Бактыбек ага жубайы тууралуу. «Жамиля менин врачыма да айланды. Эшиктен кирип келгенде кабагым менен тең айланып, ооруп калсам, өзүнүн эм-домун жасап жатып айыктырып алат. Ошондуктан, «эми апам деле болуп калдың го» деп тамашалап калам. Бактылуу ата-эне 2 кыз, 4 уулду тарбиялап өстүрүшкөн.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА ЧЫЙЫР

Дикторду эч кандай окуу жай даяр­дап чыкпайт эмеспи. Ошондой кесиптин ээси болуу Бактыбек аганын үч уктаса түшүнө кирген эмес. Бул кесипке кокусунан эле туш болуп калганын айтып ага күлүп отурду. «Биз айыл-чарба жумушунан кайткандан кийин Абдил Шерматов деген журналист: «Бактыбек, силер айыл чарба ишинде кандай иштерди жүргүзгөнүңөр тууралуу кыскача баяндама жазып кел, запись кылабыз» деп калды. Мен эки барактай текст жазып алып агайга барсам радиодон окутту. Биринчи окуганда эле менин үнүм, дикциям радиодо иштегендерге жагып калды. «Сен жакшы жазат экенсиң. Мындан ары биз менен байланышып тур» дешти. Ошентип, радиого материал алып келип иштей баштадым. Алар мага анча-мынча гонорар төлөп турушчу» дейт Бактыбек агай.
Агайдын жагымдуу үнү эле эмес, келишимдүү келбети дагы көзгө илине баштайт. «Сен ушул кесиптин артынан түшүп көрбөй­сүңбү» деген сөздөрдү угуп, өзү да шерденип жүргөн убагында «телеге диктор керек» деген жарыяны окуп калат. Мурунтан көкү­рөгүн уя­лап жүргөндөнбү, агай токтолбостон конкурска катышып, өтүп кетет.
«Ал кезде дикторлор эфир баш­­талганда чыгып, программалар менен тааныштырып турчу. Алгач ошентип чыгып жүрдүм. Анан азыркы «Кыргызстан» маалымат программасын (мурунку «Жаңылыктарды») алып барууга өттүм. Ошентип, диктор болуп калган элем. Мына, быйыл диктор болуп иштегениме 33 жыл болду. Көп ийгиликтерге жетиштим. Бир гана аткарылбай калган тилегим – акын болбой калганым» дейт Бактыбек ага. Ар бир иште келишпестиктер болот эмеспи. Бактыбек аганын жолунда бут тосуулар да болгон экен. Агай өзү айткандай токтоолугу, моюбаган кайраты менен жеңип, «дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, Бактыбек ага азыр кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ болуп келет.

«БАЛАМ БАКТЫМ, БАЛАМ БАЗАРЫМ»

Ырас, жашоодо кубаныч-кайгы эриш-аркак жүрөт эмеспи. Бактыбек аганын турмушунда да оор жоготуулар болду. Ата-энеси, эки бир тууганынын кайтыш болуп кеткени аганын өзөгүн өрттөп келет. Бирок, баарынан оор жоготуу 19 жаштагы чырактай жан­ган кызынын бул дүйнө менен кош айтышып кеткени эле. Атына заты жарашып, нурдай жылуулук чачкан Нур аттуу кызы белгисиз себептер менен канкорлордун колунан каза табышы атасынын капталын эңшерип кеткендей болду. Ушул сыяктуу оор жоготуулар Бактыбек аганын денсоолугуна да зыянын тийгизбей койгон жок. Азыр ага оорулуу жүрөгүн уул-кыздарынын, неберелеринин кубанычы менен дарылайт. Бактыбек аганын жашоосунда үйбү­лөсүнөн, балдарынан ыйык эч нерсе жок. Кызы Кыял, уулдары Аян, Улан, Урмат, Нурбек жа­на неберелери тегеректеп мээрим тө­гүп турушат. «Уу­лумдун атын Аян койгонумдун себеби, кадимкидей аян көргөн элем. Түшүмө бир укмуштай кооз куш кирди. Жанына барсам менден качпай колума конуп алды. Мен болсо «шумдук, мынчалык кооз куш болорбу» деп таңкалып жатып ойгонуп кеттим. Ойгоноорум менен уулдуу болобуз дедим. Ошентип, уулум төрөл­гөндө атын Аян деп койгом. Кийинки уулум төрөл­гөндө колума сабы узун, жалтырак бал­та алып жаткан экем. Ошол Уланым азыр бою узун жигит болду» деп эскерет ага балдары жөнүн­дө.

СЫЙЛЫКТАРЫ ЖАНА НААМДАРЫ

Бактыбек ага маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Атай кетсек, 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган. Учурда «Арноо концерти» көрсө­түүсүнүн редактору жана алып баруучусу, КТРдин алдындагы «ТВ-студиясынын» диктору.
Сөз соңунда элине ак кызматын аябай келген чыгаан инсан Бактыбек Мамытовго мындан ары да бакыбат турмуш, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Бактыбек аганын ырларынан

АЙЫЛЫМА

Алмалуунун аязында, аптабында,
Ал турсун топурак чаң, баткагында.
Мээримдүү бир башкача жылуулук бар,
Мен балким, түшүнбөгөм жаш чагымда.

Атама, апама окшош айылымсың,
Андыктан, бул дүйнөдө дайынымсың.
Алыстап тагдыр мени алып жүрсө,
Акыры бир кайрылаар байырымсың.

Көкөйдө ата-энемден айрылганым,
Көп болду ата-энем деп кайгырганым.
Кээде бир келип калсам тобо кылам,
Анткени, ата-энемдей айылымдамын.

Адаммын, айылымдын тамчысымын,
Ата-энемдин артында жарчысымын.
Арзыбасам жок дегенде босогого,
Атакем илип кеткен камчысымын!

Маектешкен Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 214, 8-14-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан