Канат Култаев деген ысым шоу-бизнеске өзгөрүү кире баштагандан бери көбүрөөк угула баштады. Анткени, Канат алгач белгилүү жаш ырчы Темир Назаровго продюсерлик кылып жүрсө, азыр Мирбек Атабеков менен иштешип келет. Ал эми Канаттын өз кесиби режиссёр. Учурда МТРКнын музыкалык көңүл ачуу бөлүмүнүн режиссёру. Канат 1979-жылы 15-июнда Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Бишкектеги “Дастан” университетинин телекоммуникация бөлүмүн аяктаган. Жети бир туугандын эң кичүүсү. Бойдок.
– Канат, телеге качан жана кантип келип калдың эле?
– Мен анда «Дастан» университетинин 3-курсунда окучумун. Мектепте окуп жүргөндө эле уюштуруу иштерине активдүү катышчу элем, ошонум студент кезимде да калган жок. Өзүмдөй беш-алты активдүү балдар менен ар кандай маданий иш- чараларды уюштура берчүбүз. Бир жолу да кандайдыр бир иш-чара уюштуруп, калыс катары телевидениеден Мыктыбек Арстанбек байкелерди чакырганбыз. Ошондо Мыктыбек байке менен таанышып калып, анын колдоосу менен телеге келип калгам. Бирок, дароо эле иштеп кеткен эмесмин. Алгач келгенде телевидениенин эшигинен Гүлшан Молдоеваны көрүп сүрдөгөнүмдөн телевидениеге кирбей качып кеткем. Ошондон бир жумадан кийин Мыктыбек байке телефон чалып, чакырганда кайра келгем.
– Ал убакта өзүң жаш студент болсоң жумушта көнө албастыктар болсо керек?
– Мага Мырза Добутов көп нерсени үйрөттү. Айтканын кыла албай койсом ичке соккондо дубалга барып жармашып калчумун. Ушунусуна чыдабай бир жолу «кереги жок, кетем» деп кетип баратсам, эшиктен желкемден сүйрөп кайра алып кирген. Отургузуп алып бир чети урушуп, бир чети кеңешин айткан. Ошондон кийин баарына чыдап, иштеп калгам.
– Алгачкы жолу даярдаган телеберүүң эсиңдеби?
– Эсимде. Мыктыбек байке мага ушул убакыт ичинде даярдап, көрсөтөсүң деп бир ай мөөнөт берген. Бул убакыт ичинде өзүм демөөрчү таптым. Демөөрчүм болсо өзүмдүн жездем эле. Жездем берген акчага курулуш материалдарын сатып алдым да, подвалдан мага бөлүнүп берилген бөлмөнү жасалгалап, түнү бою сырдап чыккам. Менин алгачкы «Марс плюс» аттуу азыркы «Бравонун» стилиндеги телеберүүм ошол бөлмөдө тартылган. Мына ошол берүүдөн кийин Мыктыбек байкенин ишенимине кирип, андан ары ишимди улантып баштагам. Андан кийин «Кыргыз чүрөгү», «Антракт», «Мюзик коктейль» деген берүүлөрдү да алпарып жүрдүм.– Кийин эфирден көрүнбөй калганыңдын себеби эмнеде болду?
– Эмнегедир өзүмө-өзүм жакпай баштадым. Анан менин ордум бул жакта эмес экен дедим да, эфирдин артында гана иштөөнү туура көрдүм.
– Азыр кайсы берүүлөргө режиссёрлук кыласың?
– Азыр «Браво», «Ыр десте», жана башка берүүлөрдүн режиссёрумун. Ошондой эле жакында эле болуп өткөн «Жаңы жылдык түн» берүүсүнө да режиссёрлук кылдым.
– Айтмакчы, бул жылкы «Жаңы Жылдык түнгө» жылдагыдан айырмаланып ырчылар акча төлөп катышышыптыр...
– Ооба, бул жылкы «Жаңы Жылдык түнгө» катышкан ырчылардын ар бири төрт миң сомдон төлөштү. Андан түшкөн акча менен биз өзүбүздү өзүбүз каржыладык.
– Негизи, чыгымды телевидение көтөрүш керек беле?
– Ооба. Бирок, биз жыл сайын эле өзүбүз демөөрчү таап, ошолордун колдоосу менен тартчубуз. Телевидение тескерисинче, быйыл ырчылардан жыйнаган акчанын 23 пайызын налог деп кармап алды
– Канат, сен телевидениенин эки доорунда иштеген кызматкер катары айтсаң, 24-марттагы революцияга чейинки телевидение менен азыркы телевидениенин кандай айырмасы бар?
– Азыр чыгармачылык жакка мурдагыдай көңүл бурулбай калды. Мурда болсо жасаган ишибиздин ар бирине сындар айтылып турчу. Азыр кандай тартылса да баары бир, эч кимдин иши жок. Биз азыр мурдагы алган тарбиябыздын негизинде иштеп жатабыз. Дагы деле ушинтип эч ким көңүл бурбаса, бара-бара биздин да ишибиздин сапаты жоголот. Анан дагы эле баягыдай интрига күчтүү. Бирок, булардын баары Кыяс Сатаровичке (МТРКнын башкы директору. А. С.) жетпесе керек. Эгер ал киши ушунун баарынан кабардар болсо башкача болмок. Бирок, ушунун баарына карабай, биз ар дайым так, чын дилибизден иштейбиз. Анткени, Ассоль бизди ушинтип иштегенге үйрөтөт.
– Өткөн жылдары Москвага да барып жүрдүң эле. Эмне максат менен баргансың?
– Ооба, бир эмес үч жолу Москвага барып, 1-канал, ТВЦ, НТВ каналдарынын иштери менен таанышып келгем. Барганымдын себеби, алардан тажрыйба үйрөнүп келүү болчу. Максатыма жетип, бир топ тажрыйба топтоп келгем. Ал эле эмес, орустун белгилүү тележурналисттери, белгилүү адамдары менен маектешкенге мүмкүнчүлүк болгон.– Канат, сен өз жумушуңдан тышкары жаш ырчыларды таптап, продюсерлик да кылып жүрбөйсүңбү. Бул жумушуң жөнүндө эмне айта аласың?
– Азыркы ырчылардан Самат Долотбаков, Урмат Усенов, баары билгендей Темир Назаров менен кызматташтым. Учурда Мирбек Атабеков менен расмий түрдө, жаңы чыгып келе жаткан ырчы Алихан менен кагаз түрүндөгү келишими жок эле иштеп жатам. Бирок, продюсерлик деген өтө эле кайрымы жок жумуш экен. Эмгегиңдин баарын жумшап эле аягында өзүң куру жалак кала берет экенсиң. Ал аз келгенсип, элдин баары «продюсерлер ырчыларды иштетип, акчаларын жеп жатат» деп ойлошот экен. Биздин аз да болсо эстрадага салымыбызды кошолу деп өзүбүз ачка калсак да, акыркы акчабызды ырчыларыбызга жумшаганыбызды эч ким түшүнгүсү келбейт. Эл эле эмес, ырчылардын өздөрү да кээде ушинтип ойлошот. Мына ушул нерселерден көңүлүм калып, мен азыр продюсерлигимдин аягына биротоло чекит койсомбу деп ойлонуп турам.
– Ушул үчүн эле продюсерлигиңди таштайын деп чечтиңби?
– Бул биринчи себеби . Экинчиден, шоу-бизнестин ыпластыгынан тажадым. Бири-бирин көрө албастар, бири-бирин жамандагандар күндөн-күнгө күчөп жатат.
– Анда Мирбек экөөңөрдүн келишимиңер эмне болот? Келишимдин мөөнөтү бүтө элек да?
– Мирбек экөөбүздүн келишимибиздин мөөнөтү эки жыл. Азыр иштеше баштаганыбызга бир жыл да боло элек. Бирок, азыр Мирбектин өз алдынча иштегенге күчү жетет. Анткени, Мирбек өтө таланттуу, кылам дегенин кылган аракетчил жигит. Менин кийлигишүүмсүз өз алдынча эркин иштеп көрсүн. Ошентсе да, келишимибиз бүткүчө жардам берип турам.– Жаңыдан талпынып келе жаткан Алихандан да кол үзөсүңбү?
– Алихан өзүмдүн иним болот. Ага үстүртөн эле жардам берип турам. Азыр Алихандын өткөн тагдыры жөнүндө фильм тартканга даярданып жатабыз. Анын ушул күнгө чейинки турмушу өтө аянычтуу. Буюрса, анын бала кезиндеги көргөн кордуктарынан баштап азыркы ырчы болгонуна чейин фильм аркылуу чагылдырып беребиз. Башкы ролду Алихан өзү ойнойт.
– Канат, сени теледен Темирдин ырларын бердирбейт дешет. Ошол чынбы?
– Темирдин менден кеткенине менин таарынычым бар болчу. Ошондуктан, экөөбүз коштошуп жатканда: «Темир, мен сага эч качан бут тоспойм. Бирок, өзүмдүн берүүлөрүмө чакыра албайм» деп ачык эле айткам. Темир да «сенин берүүлөрүңө мен муктаж эмесмин» дегендей кылып кеткен. Анан кантип чакырмак элем? А башка берүүлөрдөн ырлары кетип эле жатат. Бирок, анын иштебей жатканы баарына эле көрүнүп турбайбы. Менден кеткенден бери бир дагы ыр жаздырбаптыр. Иштесе ал чыга турган жигит. Өзүнүн талантын кор кылып жатат.
– Жумуш деп эле жүрө берип жеке турмушуңду унутуп койгон жоксуңбу? Качан үйлөнөсүң?
– Ушул жылы үйлөнөм деп турам.
– Арзып жүргөн ашыгың барбы?
– Азыр жоопсуз сүйүүгө кабылып азап тартып жүргөн убагым. Жүрөгүмдөн орун алган бийкечимдин башка жигити бар экен. Экөөбүз эки-үч сааттап телефон аркылуу чын дилибизден сүйлөшкөнүбүз менен ал мага жүрөгүн арнай албай койду. Менин пешенеме жалаң эле ушундай жоопсуз сүйүүлөрдү жазган окшойт. Балалык сүйүү, башка сүйүү болуп жатып өмүрүмдө төрт жолу сүйүүгө кабылыптырмын, тилекке каршы, ошол сүйүүлөрүмдүн бирине да жете алган жокмун. Эми минтип дагы эле сүйүүдөн жандүйнөм жабыркап жүрөт.
– Өзүң шоу-бизнесте жүрсөң сүйүүңдү кабыл албай жүргөн айым да ушул чөйрөдөн болсо керек?
– Туура айтасың. Сүйүүмдүн ээси популярдуу ырчы кыз. Бирок, баары бир ал сүйүүмдөн жыйынтык чыкпаган соң атын айтып жарыя кылыштын да кереги жок деп ойлойм. Мага да буюрган кыз бардыр.
Маектешкен Азиза Сатимбекова