«Аккан арыктан суу агат» дегендей, кыргыздын залкар инсандарынын бири маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибековдун да чыгармачылык менен алпурушуп жүргөнүн билбеген эч ким жок. Жакында Санжардын буга чейин эч ким ырдай элек трактор жөнүндөгү тамашалуу ыры да көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды. Серёга «Чёрный бумер» деп ырдаса, «Трактир» деп кыргыз «бумерин» даңазалаган Санжардын «кыргыздын Серёгасы» деген атка коно баштаганы да калп эмес. Бул ырды уккандардын айрымдары “Бали, ата уулу” дешсе, айрымдары Санжардын жаңы табылгасына толук түшүнбөй да калышты...
– Санжар, көптөн бери сахнадан көрүнбөй, чыгармачылыктан алыстап кеткендей болдуң. Эмне менен алектенип жүрөсүң?
– Жакында эле Чаткал, Алабука жактарга концерт коюп келдим. Андан бери эмне кылдым? Жүрөм, жатып-туруп... Досторго жолугуп, бильярд ойноп...– Cен бул ырың аркылуу кыргыз эстрадасына кандайдыр бир жаңылык киргизгендей болуптурсуң. Ырчынын баары баягы эле түгөнбөгөн тема болгон сүйүүнү даңазалап жатышса, сен эмне үчүн “жеке трактириңди” ырга айланттың?
– Менин ырымда деле сүйүү камтылган. Башкача айтканда, айылдагы Айгүл деген кызды сүйүп калгандыгым жөнүндө айтылган. Бирок, бул көп байкалбайт. Ага караганда өзүмдүн трактириме болгон “сүйүүмө” көп басым жасалган. Мага чыгармачылыктагы улуу адамдар, алардын ичинде өкүл атам Бек Борбиев да “изденип, жаңылык табыш керек” деп көп айтчу. Алардын ушул сөзү көңүлүмө сиңип калганга кайсыл жерде болбоюн, жаңылык тапканга аракет кылчумун. Анан гастролдо жүргөн күндөрүмдүн биринде эсиме трактор түшүп кетти да, ошол жөнүндө ыр чыгармай болдум. Жазып көрсөм окшошуп калды. Бул менин биринчи жолу өз калемимден жаралган ыр. Менин башка нерсе жөнүндө эмес, дал ушул трактор жөнүндө ыр жазганыма өзүмдүн тракторчу экеним да себепчи болду.
– Сен тракторчусуңбу?
– Ооба, тракторчулуктун кесипчилик орто окуу жайында окугам. Айылда бир тракторуң болсо айылдын эң байы аталып, чоң атакка ээ болосуң. Менин таята-таенемдин колунда өскөнүмдү көпчүлүгү эле билишсе керек. Мектептен соң “кичүү балабызсың, тракторчу болуп, бизди багасың” деп чал-кемпир мени тракторчулукка окутуп коюшкан. Өзүмдүн деле ал кезде шаарга келүү, ырчы болуу эч оюмда жок эле. Анан ошол окуу жайдын чакан эстрадалык тобунда ырдап жүрүп, баары ошондон башталып жатпайбы.
– Анан айылда тракторчулук кесибиң менен иштедиң беле?
– Жок. Айылга барып иштегенге үлгүргөн эмесмин. Ырчылыктын даамын татып калгандан кийин тракторчу болгум келбей калган. Окуумду бүткөндөн кийин шаарга келе бергем.
– Ырыңда айтылган Айгүлдү да чындап сүйдүң беле?
– Жок. Аны жөн эле жазып койгом.
– Бул ырыңа тартылган клип да өзгөчө экен...
– Клипке Гүлсина Чотонова режиссёрлук кылды. Шаардан, анан шаардын четиндеги Байтик айылынан эки күн тарттык. Бул клип үчүн баш-аягы 40тай адам иштедик го.
– Тракторду кайдан таптыңар?
– Айылдан тартылганда ошол айылдагы эле тракторду тарттык. Ал эми чоң кызыл трактор – Кытайдан келип, айылдарга таратыла турган мамлекеттин трактору. Тиешелүү адамдардын уруксаты менен төрт саатка сурап алганбыз.
– Ушундай клип чыгарыш үчүн канча каражат жумшадың?
– Баш-аягы болуп 1,5 миң доллардай сарптадык. Анын ичинен менин кийимдериме эле 500 доллар кетти. Андан тышкары, 40 адамды эки күн баккан да оңой эмес экен. Дагы жакшы, досторум, байкелерим жардам беришип, көп билинген жок.
– Бул клип жөнүндө кандай сындар айтылып жатат?
– Расул Маматкулов “сөзү начар болуп калыптыр” деди. Ушундай эле сынды дагы бир-эки адамдан уктум.
– Чыгармачыл адам тынбай изденүүнүн үстүндө жүргөндө гана ийгиликке жетише алаары белгилүү. А сенин “Мандалагың” менен “Трактористиңдин” ортосунда көбүрөөк тыныгуу болуп калгандай болду. Мунун себеби эмнеде?
– “Мандалактан” кийин деле 3-4 ыр жаздым. Бирок, эмнегедир аларды чыгара алган жокмун. И-и, баса, мен ал ортодо чыгармачылыкты таштап жиберейин деп аз жерден калбадымбы?
– Эмнеге? Тажадыңбы?
– Тажаган деле жокмун. Айылдан элдин өндүрүшүн жыйнап, Казакстанга алпарып сатып, бизнес кылган жакын досторум бар. Ошолор “чыгармачылыкты ташта, биз менен иште” деп такай айтып келишет. Иштесе иштейин деп кошулуп көрдүм. Бирок, болбоду. Бир чети өзүм уялдым. Экинчиден, улуу адамдардын “атаңдын жолун ула, акча деп таштап коёсуңбу?” деген акылдары менен ал ишке аралашпай эле коюуну туура көрдүм. – Сенин атаңдын жолун улагандай куудулдугуңду деле көрбөй калдык.
– Мен куудул болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Айылда чыгармачылыгымды ырдан эле баштабадым беле?! Шаарга келип, “Бешиликке” киргенде эле куудулдана баштагам. Рахман аке: “Сен куудулданышың керек, атаңдын ордун басышың керек” деп күчкө салып эле куудул кылып жиберген. Манас Бердибеков деген дүйнөгө бир жаралган инсан эле да. Аны эми эч ким кайталай албайт. Бирок, мен азыр атамдын элесин өзүмдүн уулум Беродордон издей берем. Кебетеси куюп койгондой окшош. Азыртадан эле куудулдугу да чыгып келатат. Мен эшикти такылдатсам: “Ким бул, ата?” дейт. Чоңойгондо чоң атасындай куудул болсо өкүнбөйт элем.
– Азыр канча жашта?
– Төрт жарымга чыгып калды. “Трактористтин” клибиндеги мени үйдөн чакырып чыккан кичинекей бала – ошол менин балам.
– Дагы жаңы ырлардын үстүндө иштеп жатасыңбы?
– Жакында Асел Турдалиева менен дуэт ырдап чыгам. “Сиз баары бир мага тиесиз” деген тамашалуу ыр азыр жазылып жатат.
– Азыр ырчыларга продюсер менен иштөө жеңилирээк болот экен. Анын сыңарындай, сенин да продюсериң барбы же өз арабаңды өзүң тартып жатасыңбы?
– Менин чыгармачылыгыма азыр Рустам аке жардам берип жүрөт. Мен аны продюсерим деп деле айта албайм. Экөөбүздүн мамилебиз жөн гана ага-инидей. Чыгармачылыгыма байланыштуу маселелер чыгып калса “бир акем бар, ошого айтыш керек” десем көпчүлүгү түшүнбөй калышат. Анан “азыркынын модасы менен айтканда, «продюсерим, ошого баргыла” деп коём. Бирок, экөөбүздүн ортобузда кагаз жүзүндө түзүлгөн эч кандай келишим жок.
Ассолому алейкум, урматтуу элим,
Бала-чака аманбы, аманбы айыл?
Сүйөмүн деп жүгүрдүм, Айгүл сүйбөдү,
Сүйөмүн деп Айгүлдү ырдаймын дагы.
Туугандары менден ал кызды бөлөт,
А мен болсо жүрөмүн трактирди жөлөп.
Кана эмесе, калың барбы, айта бер мага,
Айылдагы трактирди алдым жетелеп.
Сүйгөн элем Айгүлдү, Айгүл сүйгөн жок,
Трактористсиң, жүрөсүң сенден пайда жок.
Менменсинип өзүнчө мени тоготпойт,
Трактир менчик экенин али билген жок.
Билсе билсин мага деле эми баары бир,
Эң жакыным менин “Белорусь” трактир.
Алмаштырбайм “БМВ”, “Мерседеске”,
Трактирим пайдама менин жарап тур.
Кайырма:
Жеке, жеке, жеке, жеке трактир,
Айылдагы трактир мага карап тур.
Колхоздогу трактир
баарыбызды каратты.
Тарылдаган угулуп
кулагымы жараттыр.
Кубанычым койнума
батпай барат ансайын.
Туугандарым, трактир
эми менде калаттыр.
Эч кимде жок талашы
элдин болом баласы.
Менменсинген кыйындар
эми мени карашты.
Элим мени карачы,
Жеримдин кең талаасы.
Тракторист Санжармын,
Мен кыргыздын баласы.
Маектешкен Азиза Сатимбекова