Айнура эженин аткарган ролдоруна далай жолу боорубуз эзиле күлгөнбүз. Ошентсе да эже өзүн куудул эмес, жөн гана драма актёрумун деп эсептейт. Эмнеси болсо да жөнөкөй ролду да, комедиялык ролду да ийине жеткире ойногон Сакиш атка конгон бул актриса эч бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Үч кемпирдин бир кемпири Айнура Тургумбаева 1968-жылы 9-январда Аламүдүн районунун Стрельникова айылында төрөлгөн. Кыргыз Драма театрынын алдындагы эки жылдык студияны аяктап, учурда Жаштар театрында эмгектенет. 11 бир туугандын алтынчысы. Бойдок.
– Айнура эже, кичинекей кезиңизде деле азыркыдай шайыр, тамашакөй кыз белеңиз?
– Кичинекей кезимде активист кыздардан элем. Кыздардын “атаманы” болчумун. Жаным жай албаган тентек да болгон экенмин. Бир жолу атамдын бир таанышы бир мүшөк алмасын атка өңөрүп сатканы алып баратса, “чай ичип кет” деп атам чакырып калыптыр. Мүшөгүн короого киргизип, өзү үйгө кирип кетээри менен мен мүшөктүн оозун ачып, алманы балдарга таратып салыптырмын. Коногубуз үйдөн чыкса эле мүшөгү жарымынан ылдый болуп калган. Ошол алманын айынан атамдан аябай уруш укканым алиге чейин эсимде. Ал эми тамашакөйлүк мага атамдан өтсө керек. Анткени, атам чукугандай сөз таап, тамашаны катыра сүйлөгөн чечен, ошол эле убакта айылдын эң беделдүү кишилеринен эле. Айылдагылар аны “Хан Жантай” деп коюшчу. Айылда кандай гана маанилүү окуя болбосун, айылдыктар атамдын акылына таянышчу. – Театр адамы болуп калышыңызга кичинекей кезиңиздеги кыялдарыңыз себепкер болгондур?
– Кичинекей кезимде врачты көрсөм “ии, мен да врач болом” десем, бир туруп мугалимдерди көрүп мугалим болгум келип кетчү. Мектепте маданий иш-чаралардан калчу эмесмин. Ошентип жүрүп эле актёрлукка кантип кызыгып, окуусуна окуп калганымды өзүм да билбей калдым. Кээде бул нерсеге Таттыбүбү Турсунбаеванын да таасири тийдиби деп ойлоп кетем. Анткени, Таттыбүбү эже апамдын сиңдилеринен болуп кетет. Биз кичинекей кезибизде үйгө келип калганы элес-булас эсимде. Балким, ал кишинин кешиги аркылуу талантынын кымындай бир бөлүгү мага өткөндүр. Минтип айтып жатканымдын себеби, биздин үйдө искусствого жакын бир да киши жок. Менден башкасынын баары чыгармачылыкка такыр тиешеси жок кесиптерде иштешет.
– Сиздин кесибиңизге карата “аял кишиге артисттиктин эмне кереги бар?” деп каршы чыккандар болгон жок беле?
– Биздин үйдө “сен бул жакка эмес, бул жакка оку” деген нерсе таптакыр жок. Ким кайсыны каалайт, окуй бермей. Ошондуктан, мага да эч ким каршы болгон эмес. Мектепти бүтөөрүм менен Кыргыз Драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып алгам.
– Айнура атыңыз өчүп, Сакиш атка конуп калганыңыз тууралуу билбеген окурмандарыбыз үчүн дагы бир жолу ушул жөнүндө айта кетпейсизби?
– Бир жолу Марат Жантелиев экөөбүз “Кимдин баласы?” деген спектаклде аял-күйөөнүн ролун ойноп калдык. Анда күйөөсүнүн аты Бопуш, аялынын аты Сакиш экен. Ушул ролду аябай жеткиликтүү ойногонубуздан улам болсо керек, ушундан кийин эле экөөбүздүн өз аттарыбыз өчүп, Сакиш-Бопуш болуп чыга келдик.
– Тааныш, туугандарыңыз да “Сакиш” дешеби?
– Жок, антип деле айтышпайт. Бирок, Айнура десем да таанышпайт. Бирөөлөргө телефон чалып: “Мен Айнурамын” десем: “Кайсы Айнура?” дешет. “Ой, мен – Сакишмин” дегенде гана “Аа, жана эле ошентип айтпайт белең?!” деп калышат.
– Ал эле эмес, Марат Жантелиев экөөңүздөрдү жубайлар деп ойлогондор да болсо керек?
– Ооба, алиге чейин ошентип ойлогондор бар. Бир жолу концерттен кийин эки кыз келип: “Айтып коюңуздарчы, сиздер жубайларсыздарбы же жөн гана сахнадагы өнөктөшсүздөрбү?” деп сурап жатышпайбы. Көрсө, экөө мелдешип кетишкен экен. Дагы бир жолу Таласта гастролдо жүрүп бир үйгө конок болуп калсак, үйдүн ээси бизди аялы менен күйөөсү деп ойлоп, экөөбүзгө бир төшөк салып коюптур. Мындай окуялар көп эле болот.
– Экөөңүздөрдүн чогуу иштешкениңиздерге канча болду?
– 15 жылдай болуп калды.
– Урушуп кеткен учурларыңыздар да болобу?
– Ой, урушмак түгүл мушташып кеткен учурларыбыз болот. Андай убактарда “сахнага чыкканда Маратка бир көрсөтөйүн” деп ойлойм да, ролумду жакшы аткарбай, көп сүйлөбөй баштайм. Бирок, элде эмне күнөө? Антсең өзүң эле уят болосуң. Ушуларды ойлоп, кайра мурдагыдай аткара баштайм. Ошентип, бир жолу сахнага чыгып келгенден кийин эле экөөбүздүн таарынычыбыз унутулуп, кайра мурдагыдай болуп сүйлөшө баштайбыз.
– Сахнада сальто ашып, шпагат отуруп жибермейиңиз бар эмеспи. Элдин көзүнчө ушинткенден уялбайсызбы?
– Эмнеге уялмак элем? Мен өзүм кандай болсом, сахнада ошону элге көрсөтөм.
– Мындай көнүгүүлөрдү жасаганды кайдан үйрөндүңүз эле?
– Мага буларды эч ким деле үйрөтпөгөн. Же сахнада элге көрсөтөйүн деп атайын деле үйрөнгөн эмесмин. Кичинекей кезимде өзүм эле жасай берчүмүн. Дубалга сүйөнүп башым менен туруп, бийиктиктерге оңой эле чыгып кетчүмүн. Муну көргөн апам: “Кокуй, жыгыласың, түш. Курсагың жарылат!” деп эле кыйкырып калчу. Ушинтип жүрүп эле сальто ашып, шпагат отурганды да үйрөнүп алгам. Менин мындай “өнөрүмдү” билгендер “кызыңар чоңойгондо спортсмен болот” деп калышчу.
– Айнура эже, сиз элди күлдүрөсүз, ал эми өзүңүз да башкаларга күлөсүзбү?
– Күлө турган болсо күлөм. Айрыкча Күмөндөр байке немистер жөнүндөгү сатирасын айтканда эзилип калам. Жаныбек Алыкуловдун монологдоруна да күлбөй коюуга мүмкүн эмес.
– Интермедияңызга көрүүчүлөр күлбөй койсо кандай абалда каласыз?
– Андай учурлар да болот. Кээде чыкканда эле сөз сүйлөй электе күлө башташат. Кээде болсо тердеп-кургап болгон өнөрүңдүн баарын көрсөтүп жатсаң да мелтиреп отура беришет. Мындай учурда сахнанын артына өткөндөн кийин Бопуш экөөбүз “бүгүн концертке аябай оор адамдар келиптир, ээ?” деп өзүбүздү өзүбүз алдап коёбуз. Бул нерсе жеринен да көз каранды окшойт. Эсимде, Таластын кайсы бир жеринде Бопуш экөөбүз жанталашып, болгон күчүбүз менен аракет кылсак да эч ким күлбөй койгон. Бирок, интермедия бүткөндөн кийин ушундай бир кол чабышты дейсиң! Тим эле миллион адам кол чапкандай.
– Аялзаты сулуу, назик болууну каалашат эмеспи. А сиз тескерисинче, сырткы келбетиңизди бузуп алып сахнага чыгасыз...
– (Күлүп). Менин болгонум ошол да. Ары жагыңда мындай сапаттар жок болсо кантип назик, сулуу болмок элең? Кээде мен деле созолонуп калам. Бирок, анда мага “койчу, ай, сага мындай жарашпайт экен” деп күлүшөт. Менин ар дайым эркектей болуп жүргөнүмө көнүп калгандар маанайым чөгүп калган убактарда: “Айнура эже, сизге эмне болгон? Эмне башкача болуп калгансыз?” деп таңкалышат. Анда мен “мен деле адаммын го, бир жолу сүйлөбөй отурайынчы” деп калам.
– Белгилүүлөрдөн кимдер менен доссуз?
– Көпчүлүгү менен эле жакшымын. Айрыкча Асел Турдалиева экөөбүздүн мамилебиз жакын.
– Бопуш экөөңүздөр алпарган “Таңкы кат” телеберүүсү да элге бат эле сиңип кетти. Бул долбоорго кандайча туш болуп калдыңыздар эле?
– Жаңы жылда “Жаңы Жылдык түн” берүүсүн алпарганыбыз долбоордун продюсери Ассоль Молдокматовага жагып калыптыр. Ошондон кийин “Таңкы катты” алып барууну да өзү сунуштаган. Алгач менин өнөктөшүм башка жаш бала болмок экен. Бирок, айтылган убак келип, съёмка башталганы калса да, тигил бала кечиге берди. Буга Ассоль тынчсызданып калды эле, “Бопушту эле чакырбайлыбы, экөөбүз бири-бирибизди толуктап кете алабыз” десем дароо эле макул болду.
– Айнура эже, жумуш деп жүрүп жеке турмушуңузга көп көңүл бурбай калгандайсыз. Турмушка чыгайын деген оюңуз барбы?
– Менин күйөөм да, балам да – азырынча аткарган ролдорум. Ким билет, балким, кырк жашка келгенимде турмушка чыгаармын. Кудайдын маңдайга жазганын көрөбүз.
– Өмүрүңүздө сүйүүгө кезигип көрдүңүз беле?
– Кезиккен эмесмин, кезикпейм дагы.
– Эмнеге минтип ишеничтүү айтып жатасыз? Балким, сизди алдыда чыныгы чоң сүйүү күтүп тургандыр?
– Күтүп турса ага деле каршы эмесмин. Бирок, мен сезем, баары бир мага сүйүү келбейт...
– Анда маегиңизге рахмат, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!
Маектешкен Азиза Сатимбекова