Эмил Балтагулов: «ӨЗ ЖАНЫМДЫ ӨЗҮМ КЫЙГЫМ КЕЛГЕН»

«Эмил «Ичпечи, апа» деп ырдаганда жү­рөк сыздаса, «Расуулулла» деген ырын угуп, клибин көр­гөн­дө карылар «алдыңа кетейин, ыймандуу бала тура» деп жү­рөктөрү жибип калышат. Ал эми «Махабат дастанын» созгондо жаштар сүйүүнүн бар экенине дагы бир жолу ынанышып, чыныгы махабат тууралуу бул ырды эргип угушат. Дал ушул жагымдуу ырларды жүрөктөргө жеткире ырдаган Оштон чыккан талант Эмил Балтагуловдун чыгармачылыгы жана жеке турмушу тууралуу маек назарыңыздарда.

– Эмил, балдай таттуу балалык кезден сенде кандай элестер калган?
– Мен балалык кезимди эстегенде жагымдуу күндөргө караганда жагымсыз күндөр көбүрөөк элестелет. Анткени, мен 1-класска бараарда атам менен апамдын оту күйүшпөй ажырашып кетишип, тагдырдын сыноосуна ошол күндөн баштап туш боло баштагам. Апам кетип баратканда мени чоң энем алып калган. Бирок, көп өтпөй эле апам өзү менен алып кетем деп келип калды. Чоң энем бергиси келбейт, апам таштагысы келбейт. Автобус жүргө­нү жатса мени экөө эки жакка тартып көпкө чейин талашышты. Акыры автобустун ичиндегилер: “Апасына бериңиз, кокуй, бала өз апасы менен өскөнү жакшы” дешкенде чоң энем элдин сөзүн туура көрдүбү, же элден уялдыбы, мени аргасыздан коё берди. Ошондогу көзүнөн жашын кылгыртып автобустун артынан карап калган чоң энемдин элеси азыр да көз алдымда турат.
– Анан ошону менен апаңдын колунда өстүңбү?
– Балалыгым апамдын колунда өттү. Бирок, баары бир ийгилик бизден жүзүн бура берди. Апам турмуш жаңыртып, мен өгөй атанын колуна бардым. Өгөй атам ичимдикке жакын киши болгондуктан, кээде ичип келип апама кол көтөрүп койчу. Ушинтип турмуш уланып жаткан күндөр­дүн биринде апамдын отуз жылдай катташпаган атасы табылып калып жатпайбы. Ал үйбүлөсү менен Өз­бек­стандын бир чакан шаарында жашайт экен. Ошентип, мен өмүрүм­дө көрбөгөн таятамды эш тутуп, өгөй атам, апам болуп Чуст деген таятам жашаган шаарга көчүп кеттик. Ал жакта өзбек класста эки жыл окудум. Анан эле бир күнү өгөй атамдын апасы табылып калды. Ал болсо Чүйдөгү Ысыката районунда жашайт экен. Өгөй атамдын тагдыры менен апамдын тагдырынын окшоштугун карабайсызбы. Өгөй атам да өз апасын көп жылдар бою көрбөгөн экен. Ошентип, бизди тагдыр Өзбекстандан Чүйгө алып келди да, 9-10-классымды Ысыкатадан окудум.
– Таза өзбек тилинде окуп, анан кыргызча окуганга кантип көндүң?
– Аябай кыйналдым. “Сарт” деп шылдыңдашчу. Кийинчерээк маданий иш-чараларга келгенде активдүүлү­гүмдү көрсөтүп, концерттерде алпаруучу болуп жүрүп, өзүнөн-өзү эле мектеп ичинде авторитетим көтөрүлүп кетти. Бирок, ал жакта да акырына чейин окуй алган жокмун. Анткени, өгөй атам жакшы шарт түзүп бере албай калды. Окуу жылы башталганда башка балдардай болуп жаңы кийим кийип баргым келет. Киейин десем жаңы кийим түгүл бүтү­нү­рөөк кийим жок, кошуна балдардын кийимин сурап мектепке барган күндөрүм болгон. Өгөй атам болсо ичип келип апамды сабап, ага кошуп кичинекей эки баласын сабап эле жатып калчу. Андай убактарда менин колумдан эч нерсе келчү эмес. Болгон күчүм­дү ыйдан чыгарып: “Шашпай тур, мен чоңойгондо сен картайып каласың. Ошондо апамды, инилеримди сабаганың үчүн мен сени сабайм” деп өзүмчө эле сүйлөнө бер­чүмүн. Азыр тескерисинче, колдон келишинче сый-урмат көрсөт­күм келет. “Адеп башаты” коомдук прогрессивдүү коому бизди ушинтип тар­бия­лайт. Ошентип, апам мени “кой, минтип жүрсөң сен окуй албай каласың. Чоң энең менен чоң атаңа барганың эле оң окшойт” деп кайрадан чоң энеме, Терексай шаарчасына жиберди. Чоң энем кагылып-үргүлүп ая­бай жакшы кабыл алды. Бирок, эми андан мени өз атам талаша баштады. Чоң энем да өз атасына жакындасын дедиби, каршы болгон жок. Өз атама барган соң алгач баары жакшы болчу. Атам жаңы кийимдерди сатып берип, өгөй апам тамагын жасап берип, оорусам дарысын берип жакшы карашты. Аларга азыр ыраазымын. Бирок, апамды сагынып, кө­нүшө албай кыйналып кеткен убактарда көзүмдөн жашымды көл­дөтүп, болгон сырымды ыр менен ак кагазга төкчүмүн. Менин чыгармачылыгыма башымдан өткөн татаал турмушум да өз таасирин тийгизди окшойт.
– Жогорку окуу жайга тапшыраарга келгенде да маселе чыкпай койбосо керек?
– Чыкканда да чоң маселе чыкты. Атам “окууга тапшырбай эле кой. Азыр сени окууга алып барганга каражат жок. Кийинчерээк окуп аласың” дей баштады. А менин классташтарымдан калгым жок. Анда чоң энем: “Классташтарынан калтырбай окууга жиберели. Сен жибере албасаң, жалгыз торпогумду сатып, мен жиберем” деп баласын көндүрдү. Ошентип, чоң энемдин колдоосу менен Оштогу музыкалык факультеттин студенти болуп калгам.
– А апаң менен катташып жаттыңбы?
– Апам күйөөсүнөн тажаганда эки баласын алып качып чыгыптыр. Алгач балдарын туугандарыбызга берип коюп, өзү Бишкекте нан сатып иштеп жүрүп­түр. Ал жакта иши жакшы жүрүшпөй, нандары жамгырга эзилип банкрот болуп жүргөнүн мага айтканда Ошко чакырдым. Келгенден кийин деле жумуш таппай бир топ кыйналдык. Акыры балабакчада кароолчу болуп иштеп, апам, мен, эки иним болуп балабакчанын кароолканасында жашап жүрдүк. Ал бөлмө ушунчалык тар болгондуктан, жатканда бутубуз дубалга тийип турчу. Мен ошол кездерде эле анча-мынча концерттерде ырдап калчумун. Менин ырдаганымды көрүп, анан кароолканада жашаганымды көргөндөр таң калышчу. Кийин биздин кароолканада жашап жатканыбызды бирөө жеткиргенби, ОшМУнун ректору жардам кылып, бизге студенттердин жатаканасынан бөлмө алдырып берди.
– Билим алган окуу жайыңда кандайча мугалим болуп калып калдың эле?
– Биздин группадан саналуу балдар студент кезибизде эле эл аралык иш-чараларга катышып, актив­дүү­лүгү­бүздү көргөзчүбүз. Ошого байланыштуу окууну бүткөн соң биздин группадан Замир Мырзаны, мени жана Нурдин деген группалашыбызды алып калышкан.
– Замир Мырза менен бир группада окудуң беле?
– Ооба, Замир экөөбүз беш жыл бою чогуу окудук. Замир студент болгонго чейин эле ырдап жүрчү экен. 1-курска жаңыдан келгенде кураторубуз Замирди “Заман” тобунун солисти” деп тааныштырганда “оо, чоң ырчы менен бир группада окуйт турбаймынбы” деп ичимден сыймыктангам. Замир ырларды жаздырып, чыгармачылык менен алпурушуп жүрсө ушунчалык суктанчумун. Бир жолу стипендиямды катып коюп Замирге: “Замир, мага да ыр жаздырып берчи, 100 сом акчам бар” десем ал макул болуп жаздырып берген. Ал кезде бир ырды 300-400 сомго жазышчу. Ошондогу сүйүн­­гөнүмчү! Бирок, албетте, биринчи ырым болгондуктан, кемчиликтери бар болчу.
– Келинчегиң менен кантип таанышып калдың эле?
– Жумушка кирип, биринчи барган күнү эле мени 1-курска куратор кылып коюшту. Алгач көп студенттин ичинен байкаган эмесмин. Кийинчерээк татынакай болуп башкалардан өзгөчөлөнүп бир кыз көзүмө көрүнө баштады. Атын сурасам Гүлгүнай аттуу каракулжалык кыз экен. Бир жолу окуу жайда бир кече болуп, студенттердин баары аябай жасанышып келишиптир. Гүлгүнай болсо мурдагыдан да татынакай болуп кетиптир. Байкасам, ага ашык болгон жигиттер көп экен. “Бүгүндөн калсам алдырам” деп ойлодум да, ошол күнү сүйүүм­дү билдирмей болдум. Кече бүткөн соң чогуу кетип, экөөбүз таң атканча сүй­лөш­түк. Жактырып жүргө­нүм­дү айтсам, ал сүйүнүп кетти. Анткени, Гүлгүнай мени эң биринчи жолу сабакка келгенимде эле жактырып калган экен. “Кыз-жигит бололу” деген сунушумду айтсам, кыз кылыгына салып унчуккан жок. Ошол күндүн эртеси мен айылга жөнөмөк элем. “Жакшылап ойлон, мен келгенде жообун айтасың” дегем. Эртеси автовокзалга узатып барып: “Агай, мен жообун бүгүн эле айта берейинчи?” деп жатпайбы. “Айт” десем, “мен макулмун, билсеңиз, мен сизди көрүү үчүн эле сабакка келчүмүн” дейт. Ошентип, сүйүн­гөн боюнча айылга кеттим.
Анан качан үйлөн­дүңөр?
– Ошол эле окуу жылдын аягында баш коштук. А үйлөнгөнгө чейин болсо Ош шаардык телевидение “Ош шаарына эле көрсөтүлөт” деп экөөбүз­дү бир телеберүүгө чакырып жатпайбы. Ал телеберүү­дөн экөө­бүз сүйүшкө­нү­бүздү айтып, болгон сырыбыздын баарын айтып салганбыз. Туура бир айдан кийин ошол телеберүүнү жалпы областка кайталап берип салышыптыр. Аны көргөн кайненем менен кайнатам жинденишип, кайнатамдын кан басымы жогорулап кетиптир. Эки күндөн кийин эле “кызыбызды окутпайбыз, айылга алып кетебиз” деп келип калышыптыр. Бирок, мен жө­нүндө сураштырып, билишкенден кийин жиндери бир аз кайтыптыр. Аларга жолугуп, өзүм сүйлөшсөм, “анда кызыбыз 5-курсту бүтмөйүн­чө үйлөн­бөйсү­ңөр” дешти. Ошентип, мамилебизди уланта бердик. Күн­дөр өтүп, жайкы каникулга тарап жатканыбызда сүй­лөшүп отуруп: “Үч ай бою бири-бирибизди кө­рүш­пөй кантип жашайбыз? Кел, азыр эле алып кете берейин” деп макулдашып, кайнатама берген убадамды бузуп үйлө­нүп алганбыз. Өкүл атабыз Ибрагим Жунусов. Гүлгү­най азыр 3-курста сырттан окуйт. Амина аттуу мага куюп койгондой окшош алты айлык кызыбыз бар. Амина чоң атамдын биринчи чебереси. Чебересин көр­гөн­гө сүйү­нүп, жакында эле чоң той өткөрүп берди.
– Келинчегиң сага окуу жайда кантип кайрылат?
– Окуу жайда болобу, үйдө болобу, мени “агай” дейт. Башында “эмне деп кайрылайын?” деп сураганда сый болсун деп «агай дей бер» деп койгон болчумун. Азыр көпчүлүгү таң кала беришет. Эми “Эмил деп эле кайрыл” десем, “анте албайм” деп өзү көнбөй жатат.
– Гүлгүнай да ырдайбы?
– Ырдайт. “Махабат дастаны” деген дуэтти экөө­бүз аткарып жүрөбүз.
– Сенин “Ичпечи, апа” деген дастаныңды уккандар чын эле сенин апаңды ичет деп ойлошот экен...
– Ооба, бул жөн гана дастан экенине карабай, көпчү­лүк эмнегедир ошентип ойлошот. Өзүмдөн “эмне, сенин апаң ичеби?” деп сурагандар да көп болот. Бирок, ушул ыр менин чөйрөм­дөгүлөргө өз таасирин тийгизди десем жаңылышпайм. Ыр чыккандан бери айланамдагы досторум, туугандарым өзд­өрүнөн-өздөрү эле ичкендерин таштап коюшту. Мени да кыстагандар токтоду. Ал эле эмес, апам да ичимдикке такыр жолобой калды. Мурун той-топурда келин-кесекке кошулуп анча-мынча ууртап коймою бар эле.
– Атаң азыр чыгармачылыгыңа кандай мамиле кылат?
– Жыл сайын айылыма концерт коюп барып, концертке чакырам. Бирок, эмнегедир бир да жолу концертиме барган эмес. Мындан эки жыл мурун концерт койгонумда да барган жок. Эртеси чоң энемдикинде отурсам, инимден чакыртып жибериптир. Барсам өгөй энем экөө маанайлары чөгүңкү бет маңдай отурушуптур. “Эмне болду?” десем, өгөй энем сөз баштады. “Эмне, сөзсүз эле ошол ырыңды ушул жакка келип ырдашың керек беле?” дегенде эле атам: “Ырыңда бизди жамандаптырсың, элдин баары айтып жатат...” деп эле сөзгө келбей кыйкырып кирди. А чындыгында “Көп ойлоном” деген ырымда

«Жаш кезинде атам, энем жаңылган,
Бактысыздык үнү катуу жаңырган.
Апам менен канча түйшүк тартсам да,
Атакебай, келчи, сени сагынам...»
де­ген сыяктуу эле саптары бар болчу. Ушуну түшүндүрөйүн десем, эч нерсе укпай эле: “Мени айылга шылдың кылдың! Сенин концертиңдин бизге кереги жок. Мени мындан кийин ата дебе!” деп кыйкырып кирди. Ызам тамагыма буулуп, сүйлөй албай калганымда туруп алып кетип калдым. Чоң энемдикине барып, башымды жаздыкка катып алып жаздык суу болгончо өксүп ыйладым. Ушунчалык ыза болуп, атүгүл өз жанымды өзүм кыйгым келген. Бирок, азыр эч нерсе болбогондой эле жакшы мамиледемин. Анткени, динибиз ата-эне эмне кылган күндө да аларды кечириш керек, ата-эне ыраазы – Кудай ыраазы деп үйрөтөт.
– Бишкекке жеке концертиңди качан коёсуң?
– Ушул айларда концерт коюу планым бар болчу. Бирок, кайра ойлондум. Бир-эки ырым популярдуу болуп калса эле “концерт коёт элем” деп чыга калганды туура көр­бөдүм. Жакшылап даярданып, анан күзүндө жеке концертимди берейин деп чечтим.
– Сен да көп­чүлүк ырчылар сыяктуу продюсер менен иштешесиңби же “өз киндигиңди өзүң кесип эле” жүрө­сүңбү?
– Азыр өзүмдүн да ушул маселе тууралуу ойлонуп жаткан убагым. Кээ бирлер: “Сен өз күчүң менен ушунча чыгып алдың. Эми продюсер менен иштешпей эле кой” дешет. Айрымдар болсо “сага продюсер керек” дешет. Баары бир продюсер керек экен. Продюсериң болбосо чыгармачылыкта жетим баладай болуп калат экенсиң. Жакшы продюсер болсо иштешсемби деп турам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 234, 27-апрель-3-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан