Мындан туура бир жыл мурун чоң сахнага алгачкы жолу чыгып, шоу-бизнеске жаңыдан аралаша баштаган болсо да, бүгүнкү күндө Гүлдүн ысымы жетишээрлик эле кыргыз журтчу-лугуна таанымал болуп калды. Кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө салым кошуп жатканына сыймыктанган Ташкент кызы Гүл 1986-жылы 1-майда Талас районунун Манас айылында туулган. 6 бир туугандын экинчиси. Бойдок.
– Гүл, сенин мындай өзгөчө ысымың азан чакырылып койгон атыңбы?
– Менин азан чакырылып койгон атым Гүлзат. Гүл – чоң сахнага чыгаарда өзүм коюп алган атым. Негизи, мен бардык жактан башкалардан өзгөчөлөнүп турганды жакшы көрөм. Атымды алгач Гүлханыша деп өзгөрткүм келген. Жатаканада чогуу жашаган курбуларыма айтсам: «Бул эмне деген ысым? Муну элдер угушса күлүшөт»,- дешти. «Анда Гүл коём»,-десем, ага да каршы болушту. «Тескерисинче, күлгөнү жакшы. Ошондо элдин эсинде жакшы сакталам»,- деп болбой эле өзүмдүн Гүлзат деген атымды Гүл деп өзгөртүп алгам. – Фамилияңды да кийин өзгөрттүң беле?
– Фамилиямды болсо мектепти бүтүп жатканда өзгөрткөм. Мектепте окуп жүргөндө бир классташ кызым экөөбүздүн фамилиябыз окшош эле. Экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган болчу да. Ал начар окучу, мен болсо эң жакшы окучумун. Экөөбүздүн фамилиябыз катар тургандыктан, мугалимдер журналга көбүнчө экөөбүздүн бааларыбызды алмаштырып коюп алышчу. Анын «3»төрү мага түшүп калса мен ыйлап, атам мектепке келип, завучка журналды алпарып, бааларыбызды оңдоп эле ызы-чуу боло берчүбүз. Атама «фамилиямды өзгөртүп бериңиз» десем көп маани берчү эмес. Мектепти бүткөндө аттестат жазган эжеге барып: «Эже, мен фамилиямды Ташкент кызы Гүлзат деп өзгөрттүм»,- деп калп айтып, аттестатыма ушинтип жаздырып алгам. Атама келип мугалимди алдаганымды айтсам, атам алгач мени урушту. Анан чуркап жүрүп бир айдын ичинде фамилиямды өзгөртүп берүүгө аргасыз болгон. Паспорт алган соң атам: «Турмушка чыкканыңда күйөөңдүн фамилиясына өтсөң капа болом. Сенин фамилияңды өзгөртүш үчүн мен канча убаракерчилик тарттым»,- деп калчу. Ошондо «Кудай буюрса, атамдын атын сөзсүз чыгарам» деп өзүмө-өзүм сөз берген элем. Мына, эми ошондогу тилегим орундалып жаткандай.
– Ошондо эле популярдуу ырчы болооруңду сезгенсиң го?
– Ал кезде атүгүл ырчы болуу оюмда да жок болчу. Бирок, ырчылык жактан болбосо да башка жагынан элге таанымал адам болоорумду сезчүмүн.
– Анда чыгармачыл чөйрөгө кокусунан келип калсаң керек?
– Мен кичинекей кезимден эле таланттуу болуп чоңойдум. Бийлегенди, ырдаганды өтө жакшы көрчүмүн. Бирок, менин ырдаганымды уккан бирөө бир жолу «үнүң аябай акырын чыгат экен» деп койгон болчу. Ошондон баштап бирөөлөрдүн көзүнчө ырдаганымды тып токтотком. Үйдө бир бөлмөнүн эшигин жаап, эч кимге көрүнбөй көл-шал түшүп тердеп, суй жыгылганча ырдап-бийлечүмүн да, чарчаганда эч нерсе билмексен болуп сыртка чыгып калчумун. 4-5-класстарда окуп жүргөндө болсо ыр жаза баштагам. Биринчи жолу апама арнап ыр жазып, аны окуган апамдын аябай сүйүнгөнү эсимде. Эртеси күнү апам бир аз какыс-кукус кылып койсо, баягы ыр жазылган дептеримди отко салып жибергенимди да эстеп, азыр өкүнөм. Комуз, гитараны жогорку класстарда окуп жүргөндө кыңылдатып жүрүп өз алдымча эле үйрөнүп алгам. Ушул аспаптарды үйрөнгөн соң алгачкы обондорум жаралган. Азыр ырдап жүргөн «Мен өзгөрүп баратам», «Барам сага» – ошондогу ырларым. Ошентсе да «менин үнүм бийик эмес да, баары бир ырчы боло албайм» деп ойлочумун. Мектепти бүткөн соң республикалык тестирлөө сынагына катышып, актёрлук бөлүмгө кабыл алындым. Анда бир жыл окуган соң музыка боюнча сабак өтүү бөлүмүнө которулуп алгам. Анан тагдырдын буйругу менен минтип чыгармачыл чөйрөгө туш болуп калдым.
– Өзүңдүн чоң сахнага чыгып ырдашың керек экениңди качан түшүндүң?
– Жатаканада жашаганда гитара менен ырдасам башка бөлмөдөгүлөр да келип, муюп угуп калышаар эле. Ошондо чогуу жашаган бөлмөлөштөрүм: «Сахнага чыксаң сенден жакшы ырчы чыгат»,-дей беришчү. «Убакыт-сааты келгенде чыгаармын» деп ойлоп, мен алардын сөзүнө көп деле маани бербегем. Мирбек Иманбеков да: «Сахнага чык»,- деп көп айтчу. Өзүм ойлогондой убакыт-сааты келген экен, биринчи жолу сахнага Мирбек Иманбековдун алгачкы концертинде чыккам.
– Сен аткаруучу эле эмес, бир топ популярдуу ырлардын автору катары да белгилүү болуп калбадыңбы. Башка ырчыларга ырларыңды сатасыңбы же жөн эле берип коёсуңбу?
– Ырчылардын көпчүлүгү менен бартер түрүндө иштешем. Башкача айтканда, мен аларга ыр жазып берсем, алар мага башка жагынан жардам беришет. Өзүбүзчө ушундай келишим түзүп алганбыз. Айрым учурларда гана сатам. Башында такыр сатчу эмесмин. Бир агайымдын: «Ырларыңды бекер берсең эмгегиңди талаага чачкан болосуң. Сатышың керек»,-деген сөзүнөн кийин сатууну чечкем. Эң биринчи жолу Семага бир ыр сатып, кызыктай абалда калгам.
– Эгер сыр болбосо бир ырың канчага сатылат?
– Элүү доллардан кем эмес.
– Каалоочулар сендеги даяр ырларды сатып кетишеби же заказ беришеби?
– Заказ менен жазам. Алгач кандай темпте, эмне жөнүндө, кыскасы, баарын сурап алам да, анан жазам. Мага бирөөгө берген ырларым кызымдай, өзүмдө калган ырларым болсо уулумдай сезилет. Ырымды бирөөгө берип жатканда кызымды күйөөгө узатып жаткандай болом. Анан ага «бул ырды сөзсүз хит кыласың» деген талап коём. Эгер менин ырларым чын эле хит болсо, анда кызы жашоодон өз ордун таап, бактылуу жашап жаткан энедей кубанычым коюнума батпай сүйүнөм.
– Султан Садыралиев экөөң таарынышып жүрдүңөр эле. Азыр мамилеңер калыбына келдиби?
– Ырчылар менен ар кандай жолдор менен кызматташам деп жогоруда айтпадымбы. Бир кездерде Султан убадаларын аткарбай, өз ара түзүлгөн келишимди бузгандыгы үчүн мен ага таарынып, ырларымды ырдоого тыюу салган элем. Бирок, менин жума намазга барып, динден сабак алып жатканым мени бир топ эле кечиримдүүлүккө үйрөтүптүр. Ойлонуп отуруп Султанды кечирүүнү туура көрдүм. Азыр мамилебиз мурдагыдай.
– Жазган ырларыңдын арасында өзүңдүн турмушуңа байланышып жазылгандары да барбы?
– «Мен өзгөрүп баратам» деген ырым алгачкы ырларымдан дебедимби. Ушул ырдын өзүмө байланыштуу жактары бар. Окуучулук кезимде үч жыл сүйлөшкөн жигитим бар эле. Мен шаарга окууга келгенде ал аскер кызматын өтөө үчүн келген. Шаарга келип чөйрөмдүн алмашканы таасир эттиби, эмнегедир жигитиме болгон мамилемдин өзгөрүп баратканы өзүмө да сезилип жатты. Ал да «сен өзгөрүп баратасың» деп көп айтчу. Мен болсом өзгөргөндөн өзгөрүп отуруп, мунун акыры экөөбүздүн «ажырашуубузга» алып келген. Ушул окуяны мен ыр кылып жаза койгон элем. Бирок, ал жигит ырды өз убагында эмес, кийин популярдуу болуп, элге тараганда радиодон угуптур. «Ырдын мага арналганын дароо эле билдим. Угуп жатканда аябай кызыктай болуп, ыйлагым келди»,- деп жатпайбы кийин кокусунан жолугуп калсак.
– «Барам сага» ырыңдын клиби сенин чыгармачылыгыңдагы биринчи клибиң болсо керек?
– Ооба, биринчи клибим. Негизи, өзүмдүн оюм боюнча ал клиптин сценарийи такыр башкача болуш керек болчу. Режиссёр ошентип өзгөртүп салганда мен да каршы болгон жокмун. Ал клип тартылып жаткан учурда көп кызык нерселер болду. Биздин клип тартып жүргөнүбүздү билишпей жолдон өткөндөр машиналарын токтотуп, куттуктап жатышты. «Бул үлпөт көйнөгүн кийип алып эмнеге күйөөсү жок жалгыз жүрөт?» дегенсип таң калып карагандар да болду.
– Клиптегидей болуп жашооңдо качан үлпөт көйнөгүн киесиң?
– Азыр жаш эмесминби. Турмушка чыгууну 25тен өткөндөн кийинкиге пландаштырып жатам.
– Баса, силердин Акбар Сүйүнбаев экөөңөрдүн жеке мамилеңерди билгендер аз эмес экен...– Акбар экөөбүздүн мамилебиз сүйүүгө чейин жеткен эмес. Болгону Акбар экөөбүз аябай көп сырдашаар элек. Эч кимге айтпаган сырларыбызды экөөбүз бири-бирибизге айтчубуз. Ушундан улам эле биз тууралуу «кыз-жигит катары сүйлөшүшөт» деген сөз чыгарып алышкан. Менин чыгармачылыкка тиешеси жок башка жигитим бар. Ал Акбардын досу. Акыркы кездерде Акбар экөөбүз жөнүндөгү имиштерди уга берип ал мени Акбардан кызгана баштады. Ушунун айынан достордун ортосуна жарака кетип калбаса экен деп кээде чочулайм.
– Сен башкалардыкынан өзгөчө стилиңди өзүң тандап алгансыңбы?
– Мен кичинекей кезимден эле эч кимге окшобой, өзгөчө болуп жүргөндү жакшы көрчүмүн. Ошол адатым азыр деле калган. Чачтарачканага барганда чачымды даяр журналдардан көрүп кырктырбай, өзүмдүн оюмдан чыгарган прическамды жасатам. Формаларымды да өзүм ойлоп табам. Жаңы кийимдерди сатып алам да, аларды бири-бирине кошуп же бир жерин кыркып салып башка жерине кошуп эле бир нерселерди жасай берем. Мен өзүмдүн жеке «чыгармачылыгымды» колдонуп, ушундай стиль тандап алгам.
– Жеке концертиңди берүү тууралуу пландарың барбы?
– Буюрса, күзүндө жеке концертимди берейин деп даярданып жатам. Азыр ошого даярдык көрүп чуркап жүргөн убагым.
Маектешкен Азиза Сатимбекова