Наристе кезинен баштап сахнада чоңойгон ырчы кыз Анжелика турмушка чыга элегинде гезит, теле-радиолордон байма-бай чыгып турса, үйбүлө кургандан бери Анжелика жөнүндөгү маалыматтарды күйөрмандары күтүп калышты. Коомчулук деген коомчулук экен, “Анжеликага күйөөсү ырдаганга тыюу салыптыр”, “Анжелика чет өлкөгө кетип калыптыр”... сыяктуу ушактар өзүнөн-өзү тарай баштады эле. Биз болсок ырчы кыз менен баарлашып, акыркы жаңылыктарын сурап билдик.
– Анжелика, турмушка чыккандан кийин эмнегедир дайының чыкпай калды. Силерди Москвага көчүп кетишиптир деп уктук эле.
– Москвага көчкөн жокпуз, Бишкекте элебиз. Үйлөнүү тоюбуздан кийин эле жолдошумдун досу белек кылган жолдомо менен Египетке барып, бал айыбызды өткөрүп келдик. Ал жактан келгенибизге эки айга жакындап калды.
– Египеттен кандай таасирлер менен кайтып келдиң?– Алгач бул жерден Москвага бардык. Анткени, ал жактан жолдомону өзүбүз тандашыбыз керек болчу. Урмат жумушунан бошобогондуктан, өзүм жалгыз бир жума күн сайын агенттиктерге каттадым. Курорттордун бири жакса, бири жакпай жатып, акыры туристтик агенттик аркылуу Египетке жол тарттык. Египеттин китептен окуп, теледен көрүп жүргөн тарыхый жайларын өз көзүм менен көрүп, аябай жакшы таасир менен кайтып келдим. Анан да мени ал жакта эч ким тааныбагандыктан, өзүм каалаганымдай аябай эркин жүрдүм. Кечки тамак маалында туристтерге атайын шоу көрсөтүшүп, бийчилер бийлеп да беришет экен. Аларга көңүл бургандар көңүл буруп, көңүл бурбагандар тамактарын жеп алып, чыгып кетишет экен. Мен чыгармачыл адам катары ар биринин бийлегенин дитимди коюп карап, кол чаап отурсам бир жолу бийчилер келип мени сахнага тартып жатышпайбы. Мен да каршылык көрсөтпөй, аларга кошулуп алып каалашымча бийледим. Байыркы өлкөнүн күндө бир кызыгына күбө болуп отуруп он эки күндүк сапарыбыз кантип бүтүп калганын да билбей калыптырбыз. Ошентип, кайра Москвага кайттык. Москвада Урмат иштери менен кармалып калды, мен Бишкекке келе бердим. Анткени, аз убакыттын ичинде эле Кыргызстанды аябай сагынып калыптырмын. Негизи, шашканымдын биринчи себеби, жеке концертиме даярдануу болчу.
– Жеке концертиңди бересиңби?
– Ушул жылы 12-июнь туулган күнүмө карата чоң концерт берүү Айчүрөк эже экөөбүздүн көптөн берки тилегибиз болчу. Анткени, ушул жылы өмүрдүн эң жакшы жашы болгон 18ге толдум, мектепти бүттүм жана сахнага чыкканыма туура он жыл болду. Бишкекке келээрим менен Айчүрөк эже менен акылдашсам: “Кеч болуп калды го. Эртерээк аракет кылыш керек болчу. Эми жетишпейбиз”,- деп койду. Спорт Ордосун да мага чейин ээлеп алышыптыр. Болбосо, көп пландарым бар болчу. Спорт Ордосунун сахнасына чоң торттун сүрөтүн тарттырып, торттун үстүнө чыгып ырдайм деп кыялданчумун. Мейли, эми деле өкүнбөйм. Быйыл болбосо, кийинки жылы бул оюм ишке ашып калаар.– Концерт демекчи, чыгармачылыгың кантип жатат?
– Жаңы эки ыр жаздырдым. Алардын бирөөсү дуэт. Радидон берип жатышат. Жакында ыр жаздыруучу студиядан бир жигиттин ырдап жатканын угуп, ырын жактырып калдым. “Ырыңды мага берчи, мен ырдайын”,- десем, “Жок, мен бул ырымды өзүм жакшы көрөм”,- деп макул болбой койду. Мен кетип баратсам артымдан чуркап чыгып: “Эгер кааласаң дуэт кылып жаздыралы”,- деп калды. “Жаздырса жаздырып көрөлү, эгер жакшы чыкса ырдаганга эмнеге болбосун?!”,- деп жаздырдык эле, жакшы чыккандай болду.
– Азыр сен ырларыңды өз алдыңча жаздырып, Айчүрөк эже кийлигишпей калдыбы?
– Айчүрөк эже башынан эле: “Өзүңөр ырдай турган ырларыңарды өзүңөр изденип, тапкыла”,- деп айтат. Биз өзүбүзгө жаккан ырларды таап, анан эжеге угузсак, ал бизге оюн айтып, оңдой турган жерлерин оңдойт. Мен жаңы жаздырган ырларымды угузайын десем эженин убактысы болгон жок. Мына, концерт өттү, буюрса, эми угузам. Эжеге жакпай калган жерлерин кайра оңдоп жаздырабыз.
– Сен Айчүрөк эженин эмгеги менен азыркыдай атакка жетиштиң. Бирок, эже эми эмгегинин үзүрүн көрөөрдө турмушка чыгып кеткениңди өзүңдүн катачылыгың деп эсептейсиңби?
– Албетте, мен жалгыз гана Айчүрөк эженин салымы менен ушул деңгээлге жеттим. Бирок, мен өзүмдү туура кылдым же туура эмес кылдым деп айта албайм. Бул тагдыр экен да. Мен деле Айчүрөк эжеге иштеп берээр кезимде турмушка чыгып кетем деп ойлогон эмесмин. Ошентсе да мен өзүмдү өмүр бою Айчүрөк эжеге карызмын деп эсептейм.
– Ошол карызыңдан кантип кутулам деген оюң бар?
– Качандыр бир кезде эженин кылган эмгегин кандайдыр бир жол менен сөзсүз кайтараарыма көзүм жетет.
– Сенин ырдаганыңа кайненең каршы болуп, тыюу салып жатыптыр деп уктук эле...
– Кайненем өзү искусствого жакын адам. “Атаң алакачып кетпегенде мен дагы ырчы болмокмун”,- деп азыр кээде айтып калат. Кайненем мени той-топурларда, конокко барганда ырдатпайт. “Ырчы келин ырдап койсун” дегендерге тамаша аралаштырып: “Менин келинимдин ырдай турган жери бул жер эмес. Анжелика сахнада гана ырдайт”,- деп коёт. Сахнада ырдаганыма эч кандай тыюу салбайт.
– Жолдошуңдун сенин чыгармачылыгыңа болгон түз мамилеси өзгөргөн жокпу?
– Урмат мени башынан эле “ырда” деп да, “ырдаба” деп да айтпайт. Кээде гана тийиштирип: «Ар нерсенин өз убагы болот. Мен дагы убагында Кыргызстандын намысын коргогон спортчу эмес белем»,-деп калат. Мен болсо “Мен сахнага кичине кезимде келгем, өмүр бою сахнадан кетпейм”,-деп өз оюмду бербейм. Катуу каршылык кылбайт. Баса, Урмат өзү да аябай жакшы ырдайт. Конокторго барганда тост сүйлөгөндөн кийин микрофонду Урматка карматып, өзүм унчукпай туруп алсам, ал айла жок ырдайт. Мени ырдайт деп күтүп турушкан коноктор эмне дээрин билбей эле унчукпай отуруп калышат.
– Анжелика, жакында туулган күнүң болбодубу. Он сегиз жашыңды кантип тостуң?
– Туулган күнүм өмүр бою эсте калаарлык болду. “Эмне кылсак? Кантип тоссок?” деп мен ойлонгуча эле жолдошум кафени даярдап, туугандарды чакырып, бүт баарын уюштуруп коюптур. Мындан башка дагы бир сонун сюрприз жасады. Бөкөнбаев-Правда көчөлөрүнүн кесилишине чоң көлөмдөгү рекламалык щитке “Анжелика, туулган күнүң менен!” деп жаздырып, сүрөтүмдү илдирип коюптур. Мага 12-июнга өткөн түнү туура саат 12де көрсөттү. Аябай толкунданып, сүйүнүп, жолдошума ыраазы болдум. – Сен быйыл мектепти аяктабадыңбы. Классташтарың менен катар эле экзамен тапшырдыңбы?
– Экзаменге бардым. Мамлекеттик экзамендерди “4”, “5” деген бааларга тапшырдым. Ал эле эмес, аттестатымды да алдым.
– Бүтүрүү кечесине катыштыңбы?
– Бүтүрүү кечесине барган жокмун. Классташтарымдын баары кооз көйнөктөрдү кийип, шаан-шөкөт кылып жүрүшсө, мага эмнегедир ушулардын баары кызыксыздай туюлду.
– Жогорку окуу жайга тапшыруу планыңда барбы? Кайсы окууга тапшырасың?
– Окууга сөзсүз тапшырам. Бирок, кайсы окууга тапшыраарымды толук чече элекмин. Мен престиждүү же престиждүү эмес окуу деп бөлбөйм. Эң негизгиси, өзүмө жаккан бир кесиптин ээси болсом болгону.
– Баланы пландай элексиңерби?
– Бул жашыруун сыр...
– Сен эми кожойке болуп калбадыңбы. Бир үйдү тейлөө кыйын эмес бекен?
– Мен турмушка чыга элегимде апам жумшамайынча иш кылчу эмесмин. Азыр үйгө барып калсам колум тынбайт. Атам да муну байкаган окшойт, “биздин кызыбыз тың болуп калган го” деп калат. А тамак жасоо – бул менин кичинекей кезимден берки хоббилеримдин бири. Үйгө отуздай конок келсе да тамактын түрүн жасап, жалгыз өзүм тосом. Менин жумуш жасаганымды көргөндөр: “Ырчылар да ушинтип иш кыла алышабы?”- деп таңкала беришет.
– Айылдын жумуштарын жасаганга да жетиштиңби?
– Айылга барсак биз көп деле турбайбыз. Ошентсе да жеңемдерге аралашып, жумуш кыла берем. Бирок, очокко от жакканда аябай жүдөйм. Бир жолу үйдө эч ким жок болчу, тамак жасайын деп такыр отту күйгүзө албай койдум. Солярканы кайра-кайра куюп жатып эптеп жасагам. Тамак бышкыча эки литр солярканы түгөтүп салыптырмын. Андан да кызыгы, бир чака толтура суу майды итке ичирип койдум. Чакадагы майды эшикке алып чыгып, кружка менен куюп тамак жасадым да, кайра киргизип коюуну унутуп калып уктап калыптырмын. Анымды ит келип эч нерсе калтырбай ичип кетиптир. Айылдын жумуштарын мына ушинтип чала-чарпыт кылганга жетиштим.
Маектешкен Азиза Сатимбекова