Скрипканы күүгө келтирип, анын жандүйнөнү козгогон сыйкыр авазын элге тартуулаган адамдар жергебизде саналуу гана. Алардын арасында Аида Баякова да бар. Бирок, Аида башкаларга салыштырмалуу эстрадага скрипканы айкалыштыра ойноп, өзгөчө бир стиль жараткандыгы менен да айырмаланып турат.
– Аида, музыка дүйнөсүнө келүүңө эмнелер себеп болгон?
– Ата-энем себепкер болушкан. Анткени, атам Фахридин Баяков комузчу, Кыргыз эл артисти. Апам Үмүт Ташматова жакшы ырдайт, учурунда Ош телевидениесиндеги алгачкы дикторлордун бири болгон. Менин үч бир тууганым бар болсо, экөөбүз музыкага жакын болуп чоңойдук. Мен скрипкада ойносом, сиңдим Анара фортепьянодо ойнойт. Жогорку окуу жайын аяктап, азыр консерваторияда окуп жатат. Ошто концерттерде мени коштоп, сахнага чогуу чыкчубуз. Азыр ал Ошто.
– Музыкалык аспаптардын ичинен скрипканы кандайча тандап калгансың?
– Менин скрипкачы болгондугума түздөн-түз себепкер атам десем болот. Анткени, 8 жашымдан эле музыкалык мектепке берип койгон эле. Алгач мектепке барганда “фортепьяно бөлүмүнө беребиз” деп алып барган. Бирок, ал жактагы мугалимдер менин угуу жөндөмдүүлүгүмдү текшерип көрүшүп, скрипка бөлүмүнө алышкан. Башында анча кызыкчу эмесмин, ал кезде скрипка эмне экенин деле түшүнбөсөм керек. Анын үстүнө, үйдөн чыкпай, убактымдын көбү скрипка менен өткөндүгү тажатчу. Досторумдун жыргап ойноп жаткандарын терезеден көрүп, “мени эшикке чыгарбайсыңар” деп ата-энеме ыйлачумун. Анан да музыкалык мектепке жаңы бара баштаганымда окугум келбей, мектепке барып эшигинин астында отуруп-отуруп келе берчүмүн. “Мектепке бардыңбы?”- дешсе, “ооба” деп койчумун. Бир күнү эжекем үйгө телефон чалып: “Кызыңар бир айдан бери сабакка келбейт”,- десе, атам чочуп: “Кандайча, күндө эле кетип жатпайбы?!”- деп таңкалган эле. Анан чындыкты угуп алгандан кийин мени “сабакка кеттиби?” деп текшере берчү болгон. Кыскасы, атам “окуйсуң” деп жатып окуумду бүтүрткөн. Азыр өкүнбөйм, тескерисинче, скрипкачы болгонума сыймыктанам. Конкурс, фестивалдарга катышып, жеңүүчү болуп, чет өлкөлөргө чыгып, элдин колдоосуна татый баштаганымда скрипканын барктуулугуна баа берип, атама ыраазы болгом.
– Скрипкада ойноону үйрөнөм деп жүрүп окууңдан аксап калган эмес белең?
– Мектепте жакшы окучумун, бирок, аз сүйлөчүмүн. Алгебра, геометрия, биология, география сабактарын жакшы көрчүмүн. “Чоңойгондо ким болосуң?” деген темада дилбаян жазганда дайыма хирург болом дечү элем. Бирок, буйрук башка экен, музыкалык мектепти аяктаган соң Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына тапшыргам.
– Кыз болгон соң үй тиричилигине аралашып, апаңа жардамчы болуп чоңойгондурсуң?
– Албетте. Үй иштерин жакшы жасачумун. Тил алчаак болгондугумдан, апамдын айтканын кылаар элем. Апам аялзатына тиешелүү бардык жумуштарды жасатып үйрөткөн. Ал эми атам болсо: “Кокуй, ага бычакты карматпа. Ал деген скрипкада ойнойт, эч нерсе кылбаш керек”,- деп мени коргой берчү.
– Чыгармачылыктан тажап кеткен учуруң болобу?
– Кээде кыйналып кетем. Бир чыгарманы даярдап, эл алдына алып чыгуу үчүн 2 айдан көп иштешиң керек. Ал эми бир концерт коюш үчүн канча убакыт даярданыш керек экендигин өзүңүз эсептей бериңиз. Скрипкада ойногон адамга чыдамкайлык, эрктүүлүк керек.
– Сени мурун “Кыз-Бурак” тобунун концертинен көрүп калчу элек...
– Оштогу музыкалык орто окуу жайында 2-курста окуп жүргөн кезимде Гүлшайыр эже атама “кызыңыз топко келсин, өзүм кабыл алам” дептир. Ошентип, “Кыз-Буракка” кошулуп калгам. Жаңы эле топко кошулаарым менен Бишкекке келип чоң концерт койгон элек. Ошондо чоң сахнага чыгуу мага зор ийгилик болуп сезилген. Гүлшайыр эженин колунда 4-5 жыл иштеп, тарбияландым. Скрипканы эстрадага кошуп ойноомо Гүлшайыр эже себепчи болгон. Эженин 50 жылдыгында өзүнүн бир чыгармасын берип, скрипкага салып ойноп чыгуумду сунуштады. Элге жагып, ошондон баштап эстраданын коштоосунда скрипкада ойноп келе жатам.
– Ал эми “Даткайымда” кандайча иштеп калдың эле?
– Ошто өсүүгө түрткү боло турган мүмкүнчүлүк аз болгондугуна байланыштуу Бишкекке биротоло келгенге аргасыз болдум. Келгениме бир жарым жыл болуп калды. Мугалим жок болгондуктан, Ошто музыкалык орто окуу жайында иштечүмүн. Ал жакта көп окуучуларды тарбияладым. Алардын арасында азыр мугалим болуп иштеп жаткандары да бар. Бишкекке келген соң “Даткайымда” иштеп жүрүп Ассоль Молдокматова менен таанышып калдым. “Даткайымда” тартип, талап күчтүү эле. Топто иштөө жакшы болгону менен өз алдымча чыгармачылыгымды өркүндөтүүмө убакыт аз болуп калды. Ошого байланыштуу “Даткайымдан” чыгып кетүүмө туура келди.
– Ассоль азыр продюсериң эмеспи. Аны менен кантип таанышып, иштешип калдыңар эле жана ортоңордо келишим барбы?– Ортобузда сүйлөшүүлөр болгон, бирок, кагаз түрүндө документ жок. Бир жолу бир чыгармама клип тарттыра кетейин деп телевидениеге, Канат Култаевге баргам. Ал жерден Канат аркылуу Ассоль менен таанышып калдым. Бири-бирибизди жактырып, чогуу иштешүүнү чечтик. Эң негизгиси, Ассоль экөөбүз бири-бирибизди түшүнөбүз. Ассоль имидж, костюм, аранжировка, кыскасы, бардык жагынан жардам берип жатат. Жакында мен өзүмдүн алгачкы аспиранттык концертимди бердим. Ал концерт Асанкан Жумакматов атындагы чоң симфониялык оркестрдин коштоосунда өттү. Концертте Асанкан Жумакматов ага дирижёрлук кылып, Ассоль өзү алып баруучу болду. Аспиранттык концертим дегеним, Оштон музыкалык орто окуу жайын бүтүргөн соң ОшМУнун фортепьяно бөлүмүн, анан Бишкектеги консерваторияны аяктап, учурда ушул эле окуу жайдын аспирантурасында окуп жатам.
– Окуу менен катар кайсы жерде иштээриңди билсек болобу?
– Эми өзүңөр билгендей, азыр Кыргызстанда классикага берилген кишилер аз, концерт койсоң аз эле адамдар келиши мүмкүн. Демек, концерттен эч кандай акча тапканга болбойт. Андыктан, Щубин атындагы музыкалык мектепте, мэриянын астындагы жаштардын симфониялык оркестринде иштейм. Мындан тышкары, тойлорго, көбүнчө элиталык концерттерге чакырышат дегендей...
– Сени “ырдап чыгат экен” деп уктук, мурун ырдачу белең?
– Чоң сахнага ырдап чыкпасам да, курбуларымдын арасында, үйдө ырдап эле жүрөм. Бир ирет чыгармама төрт сап ырды кошуп продюсериме ырдап берсем, “сенин үнүң бар турбайбы, ырдап чыкпайсыңбы?” деди. Бул идея мага да жакты. Мурда “Кыз-Буракта” иштеп жүргөндө да Гүлшайыр эже: “Үнүң жакшы, сен ырдашың керек”,- дей берчү. А мен уялып ырдачу эмес элем. Эми өзүмдү ыр жактан да сынап көрсөмбү деп турам. Жылдыз болуу үчүн эмес, жөн гана өзүм үчүн.
– Чыгармачылык деп жатып жеке жашооң көмүскөдө калып калган жокпу?
– Азыр чыгармачылык менен иштеп алайын деп жүрүп жигитке деле убакыт жок. Буюрса, ал жагына деле жетишем деген ой бар. Учурда кызым экөөбүз эле жашап жаткан кезибиз. Кызым Чолпон 3-классты аяктады. Музыкалык мектепте фортепьянодон сабак алып жатат. Жылда конкурс, фестивалдарга катышып, Гран-Прини утуп келүүдө. Азыр Ошто “Айдана” деген кыска метраждуу киного тартылып, баш каармандын ролун аткарууда. “Чоңойсом актриса болом” деген тилеги бар.
– Жолдошуң экөөңөрдүн эки тарапка кеткениңерге сенин чыгармачылыгың себеп болгон эмеспи?
– Таласка ала качып кеткен болчу, “таш түшкөн жеринде оор” деп отуруп калдым. Аны менен бир жарым жыл жашадым. Тагдыр деген тагдыр турбайбы, мамилелерибиз келишпей ажырашып кеткенбиз. Ал эми кызым болсо атасы менен жолугуп, сүйлөшүп турат. Буюрса, чоңойсо баарын түшүндүрүп айтып бергенге аракет кылам.
– Таланттуулар демөөрчү таап, чет өлкөгө чыкканга аракет кылышат. Сенчи?
– Кипр өлкөсүнө музыкалык колледжге мугалим болуп 2 жылга иштегенге чакырышкан. «Акчаны жакшы төлөп беребиз» дешкен. Бирок, ата-энем жибербей, “сен Кыргызстанга керексиң” деп коюшкан болчу.
– Аялзаты катары кымбат жасалгаларга кандай көз караштасың?
– Аябай жакшы көрөм. Зергер дүкөндөрүнүн жанынан өтүп баратканда токтоп кайрылам. Аялзаты болгондон кийин кантип кызыкпай коёсуң?! Белекке да алтын алганды жакшы көрөм. Анан бир жаман жери, мен скрипка ойногондо мындай жасалгалар жолтоо болот.
Даярдаган Замира Рахманбердиева