“Браво” телеберүүсүнүн таланттуу алпаруучусу Эрмек Нурбаев жакында эле спорт тармагында да ийгилик жаратты. Анын “Көк жал” чемпионатынан баш байгеге кандайча ээ болгондугу тууралуу маек назарыңыздарда.
– Эрмек, жакында эле бокс боюнча “Көк жал” чемпионатына катышып, жеңүүчү болбодуңбу. Спорттун бул түрү менен мурдатан эле машыгып жүрчү белең?
– Мен кичинекейимден спорттун көп түрлөрүнө кызыктым. 8-класста окуп жүргөнүмдө кикбоксинг менен бир жума машыккам. Акыркы машыгууда таяк жеп калып, ошол боюнча барбай койгом. Андан кийин таэквондо менен машыгып, бул боюнча эки жолу чемпион да болгом. Жогорку окуу жайда баскетбол, волейбол ойноп жүрдүм. Ал эми бокс менен 11-классымда жарым жылдан көбүрөөк машыккам. 1-курска келген соң КВН жана башкалар менен алаксып жатып машыгуумду токтотуп койгом. Азыр кээде аныма өкүнүп кетем. Анткени, ошол кезде мени менен бирдей эле машыгып жүргөн досторумдун бири спорт чебери болсо, калгандары чемпион болууга жетишишти. Анан кээде “мейли, мен анткен менен башка чөйрөдө ийгиликтерге жетишип жатпаймынбы” деп ойлоп коём. – “Көк жалга” кандайча катышып калдың эле?
– Мындай чемпионат өтөөрү жөнүндө алгач “Супер-Инфо” гезитинен окугам. Дароо эле уюштуруучусу Ильяз байкеге чалып, дагы кимдер катышаарын сурасам, Мирбек, Акбар, Урмат, Султан сыяктуу толтура ырчыларды айтканынан мен да катышмай болгом. Гезиттен чемпионго 10 миң доллар берилээрин окуп: “Чын эле 10 миң долларбы?”- десем: “Ооба”,- деди. Ошентип, августтун биринен баштап катуу машыгууга кириштим. Бир жумада эки жолу катышуучулар атайын “Гермес Профи” залында бекер машыктык. Андан башка күндөрү деле мен башка залдарга барып өзүмчө машыгып жаттым. Бул убакыт аралыгында тойлорду, кечелерди алпарууга түшкөн сунуштардан баш тартып жаттым. Ушул тынымсыз машыгууларымдан кийин мен бул чемпионатта жеңүүчү болуп табылдым.
– Чемпион болом деп ойлодуң беле?
– Алдыма максат койгом, бирок, ишенген эмесмин.
– Атаандаштардын арасында бокс бүткөндөн кийин душмандашып калгандар болгон жокпу?
– Жок, тескерисинче, катышкан 16 баланын баары бири-бирибиз менен дос болуп калдык. Айрыкча мен жарым финалда уткан Уланга аябай ыраазы болуп калдым. Биринчи, экинчи урушта мен анын кол кабы менен шлемин кийип чыккан болчумун. Үчүнчү урушта өзү менен чыга турган болуп калдым. Тамашалап: “Улан, кол кабыңды бересиңби?”- десем: “Жок”,- деп күлүп коёт. Анан мен бир Анарбек деген боксчу байкенин кол кабын алып кийдим. Уланды утуп, Камчы байке менен финалга чыкканда болсо Улан мага кол кабын берип, өзү мени колдоп турду. Жаман жери, рингден келсем, Анарбектин кол кабын бирөө алып кетиптир. Ошол бойдон таппай койдум. Эгер ушул жумада да таппасам, жаңысын сатып бергенге туура келет. Азыр Улан экөөбүз жакшы достордон болуп калдык. Ал эле эмес, жогоруда айтылгандай, катышуучулардын баары бири-бирибизди көрсөк сүйүнүп, аябай жакшы учурашабыз. Болгону, мен Камчы байкени эле ошол боюнча көрө элекмин.
– Камчы мушташып жатып “жеңилип бербесең өлтүрөм” деген имиш. Чын эле ушинтти беле?
– Жо-ок, Камчы байке антип айткан эмес. Ал менден башкалар менен мушташканда куудулданып, шоу көрсөтүп жатпады беле?! “Мага келгенде шоу көрсөтсө, мен дагы көрсөтөм”,- деп ойлонуп турсам, мени менен аябай олуттуу мушташты. Бир да күлүп койгон жок. Мен ага рингдин ортосун бербей жаткам. Бир маалда эки мушту катарынан узатсам, кокусунан экөө тең тийип кетип, мурдунан кан атып кетип жатпайбы. Аны көрүп өзүм коркуп кетип, рингдин ортосун бошотуп бере салдым.
– Ал ошончо салмагы менен жаш баладан жеңилип калганына ызаланган жокпу?
– Ызаланбаса деле керек. Видеодон көрүп калдым, аягында мен аны кучактап: “Камчы байке, капа болбоңуз, эми бул оюн да”,- десем: “От души, от души...”- деп эле жаткан экен.
– Катуу мушту кайсыл учурда жедиң?
– Бир көз ирмем болду, Камчы байке бир муш бергенде мурдум катуу ооруп кеткен эле. Эртеси күнү менин чемпиондугумду майлап кафеде отурсак, байкемдин врач досу мурдумду көрүп: “Эрмек, мурдуң көгөрүп калыптыр, сынса керек. Эртең менин жумушума бар, көрүп берем”,- деп калды. Эртеси барсам, текшерип көрүп, сынбай эле бир аз жаракат алганымды айтты.
– Убада кылышкандай 100 миң эмес, 40 миң эле берилбедиби. Буга сен нааразы болуп калдыңбы?
– Албетте, нааразы болбой койбойт экенсиң. Айтылган нерсени аткарыш керек да. Бизге уюштуруучулар ар кандай варианттарды айтышты. “Эл аз келип калды, финалды кийин өткөрөлү” да дешти, “40 миңди он миңден бөлүп алгыла” да дешти. Акыры, бир чечимге келип, бири-бирибизди түшүнүштүк. Бирок...
– Утуп алган акчаңды эмнеге жумшадың?
– “Эгер жеңүүчү болуп, 100 миңди утуп алсам, машина алам” деп кыялданып койгон болчумун. Атүгүл байкемдин сатканы жаткан “Гольф-2” машинасын саттырбай, өзүм сатып алам деп ойлоп жаткам. 40 миң эле болуп калган соң “сатыңыз” десем, 40 миңге сатпай койду. Азыр ал акчанын анча-мынчасын “майла” деп тооругандар үчүн короттум. Калганын сактап койдум. Жазга чейин өзүм акча топтоп, үстүнө кошуп эңсеген машинамды баарыбир алам. – Сенин күйөрмандарың кимдер болду?
– Менин күйөрмандарым аябай көп болду. Досторум, байкелерим, кесиптештерим, курсташтарым... Баарынын кыйкыра берип эртеси күнү тамактары ооруп калыптыр. Мурунку өнөгүм Элнура күн сайын келип, мени колдоп турду. Нурзат болсо Кочкордо болгондуктан, улам-улам телефон чалып жатты. Эң күчтүү күйөрманым байкем болду. Анын үнү аябай бийик да, үнүнүн болушунча кыйкырып жатты.
Үнү бийик демекчи, бир окуя эсиме түшүп кетти. Байкемдер бир жолу КВН коюп Сочиге барышкан. Телевизордон көрсөткөндө баарыбыз карап отурганбыз. Апамдар болсо: “Кана, сен жок дегенде көрүүчүлөрдүн арасынан да көрүнбөйсүң го?”- деп жатышкан. Бир маалда эле казак команда чыгып калып, казакча бир нерсени айтканда эч ким түшүнбөй калды эле, бир гана каткырык тынчтыкты бузуп жиберди. Өзүн көрсөткөн жок, бирок, байкемдин үнү экенин жазбай тааныдык. “Кана...” дейсиңер. Мына, мен”,- деп күлүп жатат, биз да күлүп жатып араң токтогонбуз.
– Мушташыңа ата-энең да күбө болуштубу?
– Атам финалга барды, апам барган жок. Апам барса рингге мени менен кошо чыгып кетсе керек эле. Ал мындайга чыдабайт. Сотканын камерасына тартып алышкан экен, ошол жактан көрүп эле жүрөгү түшүп калды. Финал бүткөн соң атам, байкем, иним төртөөбүз кафеде отуруп, түнкү саат 1-2лерде үйгө барсак, апам уктабай бизди күтүп отуруптур. Курумду көрүп бир чети аябай сүйүндү, кайра мени аяп кеттиби: “Койчу, балам, ушунун сага эмне кереги бар эле?”- деп кейип коёт.
– Эми бокско кызыгып “Браводон” кетип калбайсыңбы?
– Жок, мен азырынча “Браво” аркылуу элге өзүмдү толук ачып бере элекмин. Дагы көп иштешим керек деп ойлойм.
– Түз эфирдеги эң кызыктуу учурлардан айтып берсең...
– Бир убактарда “Браво” аябай кеч болуп калбады беле. Ошондо уйкум келип кетчү. Бир жолу да клип кетип жаткан учурда уктап кетиптирмин. Анан эфир башталганда ойгоно калып студияда отурган Мирбек Атабековго келген smsти окуп калдым. “Мирбек, Токмокко качан келесиз?”- десем, Мирбектин да уйкусу келип отурган окшойт, “рахмат, рахмат...” деп коюп, сөзүн бүтүрүп отуруп алып жатпайбы. “Качан келесиң?”- деп кайра сурап койсом, чочуп кетип: “Аа, жакында келем”,- деп коёт.
– Иниңдин, агаңдын да шоу-бизнеске аралашканга каалоолору жокпу?
– Агамдын болбосо да, инимдин каалоосу бар. Атам да “Ай, сен өзүң эле кыйын болуп жүрө бербей иниңди да чыгарсаң”,- деп калат. Иним жакын арада телевидениедеги бир берүүнү алып барып калышы мүмкүн.
Маектешкен Азиза Сатимбекова