СЕМА тобу

Өнөрпоздорго бай өлкөбүздө жеке ырчылардан тышкары топтор да жашап келет. Ага-ини Самарбек жана Жанарбек Арзыматовдордон түзүлгөн “Сема” тобу кыргыз эстрадасына жакшы эле эмгек сиңирди эле. Өкүнүчтүүсү, эми бул топтун жоюлуп жатканы. Бул жана башка жаңылыктары тууралуу бизге конокко келишкен топтун жигиттери өздөрү айтып беришет.

Самарбек: «АВСТРИЯГА КЕТСЕМ БОЛМОК, БИРОК...»

– Сема, тобуңду таратканга эмне себеп болду?
– Топтун түзүлгөнүнө төрт жылдай болуп, элдин оозуна алынып калдык эле, бирок, ошого карабай эми топту таратканга туура келип жатат. Анткени, кыздар Зуура менен Чынаранын бири Венгрияга кетүүгө камынып жатса, экинчиси чыгармачылык менен эмес, бизнес менен алектенүүнү каалап жатат. Ал эми Жанарбек Алматыда келишим менен иштөөдө. Ошондуктан, “Сема” деген топ эми жок болот. Өзүм болсо “эми деле Сема деп чыга берсемби же Самарбек Арзыматов болуп чыксамбы?” деп азыр ойлонуп жатам.
– Эмне, топ менен иштөө кыйын бекен? Болбосо таратпай эле кеткендердин ордуна башкаларды кабыл алсаң болбойт беле?
– Топ менен иштөө чындыгында оор. Анын үстүнө, мен тактыкты, катуу тартипти сүйөм. Менин мындай тартибиме бири көнсө, бири көнбөйт дегендей. Бирок, мен эми деле жеке өзүм үчүн иштебейм. Тобумдан кеткен кыздар өздөрүнчө иштешкиси келсе, аларга жардам берүүгө деле даярмын, андан тышкары, продюсерлик борбор ачканмын. Ага талант десе таланты бар, дене-мүчөсү ажарына жарашкан бир кыз менен бир жигитти алып, ошолорду тарбиялайм.
– Сен былтыркы концертиңде комузда кол ойнотуп күйөрмандарыңды таңкалтырдың эле. Быйылкы концертиңде да ойнойсуңбу?
– Чын эле менин комуз ойногонум көпчүлүккө таңкалыштуу болгон. Заманбап стилдеги ырларды ырдап жүрүп эле бир маалда улуттук кийим кийип, колума комуз кармап, нукура кыргыз болуп сахнага чыга калганым эч кимди кайдыгер калтырбады болуш керек. Анын сыңарындай, бул жолку концертимде да комуз ойногону турам. Негизи, бул менин 3-классымда үйрөнгөн күүлөрүм. Ошолор дагы деле эсимде бар экен.
– Комузду кайдан үйрөндүң эле?
– Менин атам комузда кол ойноткон, сөзгө аябай маани берген киши. Жадакалса ар бирибизге арнаган өзүнүн күүлөрү бар. Бизди өзүндөй таланттуу кылып чыгарайын дедиби же бош жүрбөсүн дечү беле, баарыбызды ар кандай ийримдерге катыштырып салчу. Анын айынан ойногонго убакыт калбай калчу эле. Үйдө кыз жок болгондуктан, төрт эркек ар бир бөлмөнү өзүбүзгө бөлүп алып жыйнап, апама жардам берчүбүз. Андан кийин комузга, андан чыгып сабакка, кайра спорт ийримине... Кыскасы, күн тартибибиз ушундай жыш эле. Азыр ата-энебиз ушундай тарбиялап койгонуна сыймыктанам.
– Атаң сөз баккан киши болсо силердин азыркы ырдап жаткан ырларыңарга сын такпайбы?
– Сын тагат. “Ой, атаңдын оозун урайын, бул эмне деген ыр экен? Жакшынакай эле кыргыздын ырларынан ырдабайсыңарбы?” деп калат. Бирок, биздин чыгармачылыкка өтө деле көп кирише бербейт.
– Австрияга дирижёрлукка чакыруу келгени жөнүндө айтпадың беле. Ал сунуш эмне болду, дагы эле күчүндөбү?
– Кайра-кайра чакыра беришкенинен “чакырганыңарга рахмат, мен бара албайм” деп жакшынакай жооп жазып, баш тартып койгом. Болбосо алар аябай берилип алышыптыр. Симфониялык оркестр жазылган дисктери үйгө чейин келбедиби. Алгач сыртына толтура мөөр басылган дисктерди көрүп түшүнгөн эмесмин. Ичин ачсам, диск экен. Үйгө чейин келгени мен үчүн аябай таңкалыштуу болду.
– Балким, чын эле кетүү жөнүндө да ойлонуп көргөндүрсүң?
– Чынын айтсам, ойлонуп көрдүм. Кетсем деле болмок, бирок, ал үчүн эстраданы унутуп, жалаң классикалык музыка менен жашап калыш керек болот болчу. А мен аны каалабайм.
– Сема, сен жакында эле “Кайып булак” көркөм фильминде роль жаратпадыңбы? Ушул фильмдин чыгармачылыгыңа кандайдыр бир таасири тийдиби?
– Эң биринчиден, мага съёмка болгон жердин жаратылышы чоң таасир этти. Тоо коюну, жашыл арчалар, чымчыктардын сайраганы... Мына ушул нерселердин таасириби, өзүмчө эле ыр жазгым келип, эргүү келе берди. Жадакалса ошол жакта жүрүп бир-эки ыр чыгарганга да үлгүрдүм. Негизи, мен өлүп баратсам да эртең менен саат алтыда турбайм. Анда болсо саат алтыда кадимкидей уйкум канып, сергек ойгонуп жаттым. Ошол энергия мага бир топко чейин жетти десем жаңылышпайм. Анткени, шаарга келгенден кийин да көпкө чейин көңүлүм ачылып, аябай сергек жүрдүм.
– Фильмдеги ролуң өзүңө жактыбы?
– Көргөндөн кийин анча-мынча кемчиликтеримди байкадым. Ошентсе да 80 пайыз жакты. “Кайып булак” фильми жарыкка чыккандан кийин кино тармагын терең түшүнбөгөн айрымдар “Сема үчүн актёрлордун баары өлүп калышыптыр” деген сөздөрдү чыгарышып, мага нааразы болуп алышыптыр. Менин жашоодогу образым кинодогуга таптакыр карама-каршы экенин көпчүлүк түшүнө беришпейт окшойт.
– Кино жаатында дагы пландарың барбы?
– Бул жаатында бир өтө чоң долбоордун үстүндө иштөөгө даярдык көрүп жатам. Азырынча айтпай турайын, ишке киришкенде анан кабарлайм.


Жанарбек: «КАЗАКСТАНДА ЧАКАН БИЗНЕС МЕНЕН АЛЕК БОЛУП ЖАТАМ»

– Жанарбек, Казакстанга канча жылдык келишим менен кеттиң эле?
– Мени негизи, көптөн бери чакырып жүрүшкөн. Бул жылы да жайында Көлдөн жолугуп калып, дагы чакырышты эле, тобокел деп кетип калдым. Азыр бойдокчулукта баарына мүмкүн эмеспи. Анын үстүнө, жашоодо ар түрдүүлүк керек го. Ал жак менен кагаз жүзүндө эч кандай келишим түзгөн эмесмин, азырынча оозеки түрүндө эле келишим түзүп алганбыз.
– Келишим боюнча сенин ал жактагы милдетиң эмне?
– Түнкү клубда иштейм. Бирок, кечинде барып бир саат музыкалык аспаптардын коштоосунда тирүү ырдайбыз да, андан кийин бошпуз. А менин ишим бир гана ал эмес, кичинекей бизнес менен да алек болуп жатам. Башкача айтканда, досторум ошол жакта фотостудияларды ачышып, ошону менен иштешет. Күндүз мен да алар менен иштеп жатам.
– Сен аздыр-көптүр атыңды элге таанытып алдың. Эми антип-минтип Казакстандан келгениңче унутулуп калам деп чочулабайсыңбы?
– Чочулабайм, анткени, Самарбек байкем мени унуттуруп койбосо керек деп ойлойм. Мына, жакында эле өзүм бир ыр жаздырып, радиолорго бере баштадым. Анын сыңарындай, өзүм бул жакта болбосом да, ырларым жаңырып турат. Анан кайсы убакта келбейин, Самар байкем чыгармачылыгымды жандандырууга жардам бергенге даяр.
– Сен Сема болбогондо деле шоу-бизнеске келет белең же сахнага Семанын артынан эле келдиңби?
– Келбесем керек эле. Анткени, мен Улуттук университеттин экономика факультетин бүтүргөм. Акыркы курста Улуттук банктан практика өтөп, алар мени жумушка чакырышкан. Мен баш тарткам. Анткени, ошол кездерде Самар байкем мени музыка чөйрөсүнө азгырып жүргөн болчу. Анткен менен мен музыкага чыныгы кесибим катары эмес, хоббим катары карайм. Казакстанда жүргөнүмдүн да бир себеби, ырдоо болсо, экинчи себеби, өз кесибим менен жумушка орношуу.
– Ал жакка орношууга мүмкүнчүлүгүң барбы?
– Бир тааныштарым бар. Алар азыр ушул иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат, буюрса, иштеп калышым мүмкүн.
– Сен да агаңдай болуп көп кырдуу талантсыңбы?
– Мен кичине кезимде аккордеонго, тенниске, волейболго жана башка ийримдерге катышчумун. Ошондой эле үйбүлөлүк ансамблдин солисти болуп республикалык деңгээлдеги фестивалдан алдыңкы орунду алгам. Жана да мектепти бүтөөр-бүткүчө мектебибиздин манасчысы болуп жүрдүм окшойт.
– Кыздарга кат жазуу жагынан да артта калбасаң керек?
– Чынымды айтсам, ушул убакка чейин бир да жолу кат жазып көргөн эмесмин. Тескерисинче, кыздар мага өздөрү кат жазышчу. Бирок, мен эч кимисине жооп кайтарган эмесмин, анткени, алар менен сүйлөшө алчу эмес элем. Балким, азыр деле сүйлөшө албайм, ошондуктан, учурда сүйлөшкөн кызым жок.
– Айжан Газиеванын ырынын клибине кандайча катышып калдың эле?
– Ал клипке тартылууну Айжандын продюсери өзү сунуштаган. Бир чети Ассоль эжени сыйлагандыктан, экинчиден, Айжан жакшы досум болгондуктан, баш тарта алган эмесмин.
– Байкең Сема экөөңөрдүн урушуп кеткен учурларыңар болобу?
– Бизди ата-энебиз улууну урматтап, кичүүнү сыйлоого үйрөткөн. Ошол тарбия менен мен Самар байкем менден эки гана жаш улуу болсо да “сиз” деп сыйлап турам. Ошентсе да кээде урушуп кеткен учурларыбыз болот. Экөөбүздүн табитибиз такыр эки бөлөк. Экөөбүздүн урушубуз да “минтип кийинбе”, “бул ырды ырдаба” деген сыяктуу эле майда-чүйдө нерселерден чыгат. Бирок, ушул убакка чейин катуу урушуп көргөн эмеспиз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 263, 16-22-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан