Кыргыз шоу-бизнесинде Айгүл Чалова деген ысымдын пайда болгонуна бир жыл болду. Айгүлдүн аткаруусундагы “Сүйүү арманы” аттуу ыр алигече таасирдүүлүгүн жоготпой, канчалаган адамдардын жүрөк кылдарын титиретип, канчалаган адамдардын көздөрүнөн жаштарын агызып келет. Бул ырды өз калеминен жараткан Айгүл 1983-жылы 25-июлда Токтогул районунун Терексуу айылында төрөлгөн. Жер иштетип, мал баккан карапайым эле айылдык үйбүлөнүн беш баласынын эң улуусу.
– Айгүл, сени көптөр сахнага кокусунан эле келип калгандай ойлошот экен. Өзүң да ушинтип ойлойсуңбу?
– Андай деле эмес болсо керек. Анткени, ырчы болуу – менин кенедей кезимден берки максатым болчу. Бирок, көпкө чейин талантымды ача албай жүргөм. Класстагы таланттуу кыздар-балдарды көрүп менин деле өзүмчө ырдап-бийлегим келгени менен тартынчумунбу, “мен ырдайм” деп чыга алчу эмесмин. Анан бир күнү апама болбой жатып сапсары кездемеден кыргыз көйнөк тиктирип алдым. Же аным жарашсачы?! Ушундан кийин класстар аралык жарыштарга катышып, анча-мынча аралаша баштадым. Ал эми колума микрофонду биринчи жолу 10-классымда кармагам. Айылыбызда өтө турган кандайдыр бир марафонго мугалимдер даярданмай болушуп, “ким ырдай алат?” дегенде классташтарым мени чыгарып коюшкан. Ушунчалык толкундангандыгымданбы, башым тегеренип жатса да ырымдын аягына чыктым. Ошондо ырдаганым баарына жагып, көпчүлүк үчүн менин талантым ачылган. Атүгүл менин ырдаганым атам үчүн да жаңылык болгон. Ага чейин менин “ырчы болом” дегениме атам таптакыр көнчү эмес. Марафондо ырдаганымды биринчи жолу көрүп: “Кызым, мени кечирип койчу, мен сага көңүл бурбай жүрүптүрмүн. Көрсө, сен жакшы ырдайт турбайсыңбы. Эми каалаган окууңа тапшыра бер”,- деп көзүнө жаш алганга чейин барган.
– А сенин каалаган окууң ырчылык эле да?
– Албетте. Ошол кезде Гүлнур эжени сыналгыдан көрүп алып “ушул эжедей ырчы болсом...” деп кыялданаар элем. Анда атам “койчу, ушинтип ырдагандан көрө ырдабай эле койгон жакшы” десе, “аа, атама ушул Гүлнур эженин ырдаганы жакпай жаткандан кийин менин ырдаганым деги эле жакпайт да. Анда мен башка окууга окубайм, күйөөгө тийем” деп өзүмдү ошол ойго багыттап койгон болчумун. Атамдын макулдугун алганда кубанычым коюнума батпай өзүмчө толкунданып жүргөм. Мектепти бүткөн соң атам өзү Бишкекке алып келип, филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырткан. Тилекке каршы, анын биринчи турунан эле кулап калгам.
– Анан эмне кылдыңар?
– Бул жакта жашаган атамдын кичүү инисиникине келгенбиз. “Биринчи турунан эле кулап калыптыр” дегенден намыстандыкпы, эмнегедир аларга “өттүк” деп койдук. Кийинки күнү эч кандай максатыбыз жок эле атам экөөбүз үйдөн чыгып кеттик да, парктарда каруселдерге түшүп кечке чейин жүрө бердик. Кечинде барсак, байкем “эмне болду?” деди эле, “экинчи турунан да өттүк” деп койдук. Анан кайра парктарда жүрмөй. “Үчүнчү турду” күтүшүбүз керек да. Анан бир күнү “үчүнчү турдан өтпөй калдык” деп бардык. Анда байкем: “Эки турунан өтсөң, демек, сенде талант бар турбайбы, эч нерсе эмес, башка окууга тапшырабыз”,- деп көңүлүмдү көтөрүп, эртеси күнү эч кандай экзамендери жок эле Искусство институтуна өткөрүп койгон.
– Көктөн издегениң жерден табылгандай болгон экен да?
– Ооба да. Студияга өтпөй калганымда тим эле ушуну менен жашоо токтоп калгандай болуп өксүп ыйлаган элем. Анан эч кандай эмгек кылбай эле Искусство институтунун студенти болуп калуу мен үчүн жомоктой эле болду. Анткен менен жакшы эле кыйналдым. Айылдан жаңы эле келсем, музыка боюнча түшүнүгүм жок болсо... Бир жолу агайым мени ары каратып отургузду да, пианинодон бир нотаны басып, “кайсыны бастым?” деп жатпайбы. Агайдын жанында Съездбек да отурган. Экөөбүз бир группада окучубуз да. Анан мен аларды карап туруп: “Агай, сиз эле бастыңыз”,- деп жатпаймынбы. Мен “экөөбүздүн кимибиз бастык?” деп сурап жаткан экен дептирмин. “Мен кимдин басканын сураган жокмун, кайсы нотаны бастым деп жатам?” деди эле, “аа, билбейм, агай. Мен ноталарды билбейм да, үйрөнөйүн деп ушул жакка келбедимби. Эми силер үйрөтөсүңөр да”,- десем, агай же күлөөрүн билбей, же урушаарын билбей туруп калды. Съездбектин болсо ага чейин эле музыкалык билими бар болсо керек, ал оозун ачып эле мени карап калды. “Бул кайдан келген колхоз?” деп ойлогон болуш керек. Кийин деле көнө албай кыйналдым. Курсташтарымдын баары орустар, казактар болчу. Аларга кошула албай эле Съездбек менен Руслан деген группалашым бар эле, экөөнү ээрчип жүрө берчүмүн. Экөө сабактан качса, мен да артынан кете берчү экенмин. “Сен каякка? Бар, сабакка кир, окуудан айдалып кетесиң”,- дешсе, “өлүп кетпейби” деп колду шилтеп коюп кете берчүмүн. Башка курсташтарым мени шаардык деп ойлошчу экен. А менин айылдан келип эч нерсе билбей жүргөнүм менен иштери жок.
– Ошол кездерде эле сахнага чыгуу тууралуу ойлогон жок белең?
– Ал кезде агайыбыз бизди “азыр бир эле ырга аранжировка жаздыруу үч миң сом турат” деп коркута берчү. Анда болгону 100 сом стипендия алсак, кайдагы үч миң? Андай акча укмуш чоң көрүнчү да. Анан “окуумду бүтүп, ишке орношуп акча таба баштаганда ырдап чыгам” деп ойлоп, аракет да кылчу эмесмин. Съездбек да: “Айгүл, сенин үнүң бар, ырдап чыксаң”,- деп көп айтчу. “Ой, сен эле кыйрата берчи”,- деп анын айтканына маани деле берчү эмес экенмин.
– Өзүңдү сахнага кеч келдим деп ойлобойсуңбу?
– Жаш эле кыздардын ырдап жүргөнүн көрүп кээде ошентип ойлоп кетем. Ошентсе да убакты-сааты келбесе эч нерсе болбойт экен да. “Сүйүү арманы” бактымды ачпаса, балким, эми деле чыга албай жүрө бермек белем.
– Чын эле сени популярдуу кылган ушул ырың болбоду беле. Негизи, бул ыр кандайча жаралып калды эле?
– Мунун өз башымдан өткөн окуядан улам жаралган ыр экенинен айрымдар кабардар. Тактап айтканда, студент кездеги сүйүүмдөн айрылганда катуу эргүү келип, сөзү менен обону бир мезгилде өзүнөн-өзү куюлуп чыгып кеткен. Бирок, көпкө чейин “мен же акын болбосом, же обончу болбосом, анан кантип эле ушул ырды өзүм жараткан болоюн?” деп өзүмө-өзүм ишенбей жүрдүм. “Ушундай ыр жокпу?” деп тааныштарымдын баарына ырдап берип жаттым, баары эле укпагандарын айтышты. Радиону аңдып, алты айдай ырлардын баарын кунт коюп угуп жүрдүм. Акыры өзүмдүкү экенине көзүм жеткенден кийин жаздырууга кириштим.
– Ушул ырың жаңыдан чыкканда көпчүлүк Роза Шакированын ыры деп ойлошуптур. Өзүң да ушул жөнүндө уктуң беле?
– Ооба, бири “Роза Шакированыкы экен” десе, экинчиси “Ташкент кызы Гүлдүкү экен” деп чыгышыптыр. Мен булар ырымды чын эле тартып алып коюша тургансып экөөнү тең тим эле жаман көрүп алыптырмын. Атүгүл кээбир тааныштарым “сенден бул ырыңды жөн эле тартып алып коюшу мүмкүн” дешсе коркуп ырдын өзүмдүкү экенин тастыктоочу документтерди даярдай баштагам. Бир күнү Фарида Карбозова экөөбүз кафеде отурганда бул тууралуу айтсам, ал Гүлгө телефон чалып: “Гүл, “Сүйүү арманы” деген ыр сеникиби?”- деди эле, ал “жок, аны Айгүл Чалова деген ырдап жатыптыр го” деп жатпайбы. Ушуну уккандан кийин гана “өх!” деп өзүмө келбедимби. Кийин Роза менен таанышсам, анын ырды тартып алайын деген деле ою жок экен. “Элдер айта берет турбайбы, бул байкуштарды жөн эле жаман көрүп жүрүптүрмүн” дедим өзүмчө. є
– Ушул ырың алигече кээбирлерге катуу таасир берип, укканда ыйлагандар бар экен. Мындайларга өзүң күбө болдуңбу?
– Балким, ыйлагандар меникиндей сүйүүгө туш болгондор болсо керек. Атүгүл өзүм деле башында ырдаганда алгачкы сүйүүм эсиме түшүп, ыйлап ырдаган күндөрүм болгон. Бир жолу да кайсы бир концертте ырдап бүтүп, сахнанын артына өтсөм ырчы кыздардын бири ыйлап отурат. “Ушунчалык жеткиликтүү кылып ырдап, ыйлабаган адамды ыйлатат экенсиң”,- дейт. Менден кийин эле анын кезеги болчу. Ошентип, көзү-башын аарчып алып эле сахнага чыгып кеткен.
– “Сүйүү арманынан” кийинки ырларың эмнегедир мынчалык популярдуулукка жеткен жок...
– Ар бир ырдын өзүнүн тагдыры болот экен. “Сүйүү арманынан” кийин төрт ыр жаздырдым, бирок, алар чын эле биринчи ырымдын деңгээлине жете алган жок. Бул өзүмдүн жалкоолугумдан да болсо керек. Ырларымды тигил жакка, бул жакка алпарып, элге жайылсын деп аракет кылгандан зеригем.
– Анда ушул убакка чейин бир дагы клип тарттыра электигиң да жалкоолугуңа байланыштуу го?
– Туура айтасың. Мен “минтиш керек эле, тигинтиш керек эле” деп коюп эч нерсе кылбай жүрө берем. Менин ордума жигитим чуркайт. Азыр да “Сүйүү арманына” клип тарттыруу үчүн чуркап жүрөт. Буюрса, мына-мына баштайбыз деп турабыз.
– Чыгармачылыгыңды түшүнгөн жигитке туш келсең, демек, бактың бар экен да?
– Ооба, аны менен дал ушул чыгармачылыктын артынан таанышкам. Мен ырдап чыккандан баштап эле мага көңүлү түшүп жүргөн экен. Алгач мен катардагы күйөрманым катары эле кабыл алгам. Анткени, мага буга чейин деле жардам бергиси келип жүргөндөр көп болчу. Алардын ичиндеги оюн окуй албаган соң эмнегедир жардамдарынан баш тартып койчумун. А жигитимден мен чын жүрөгүнөн берилгендикти байкадым. Чын эле ал мен үчүн баарына даяр.– Чыгармачылыктан алыс адамбы?
– Чыгармачылыкты баалаганы менен таптакыр алыс. Тагыраак айтсам, шаардагы ири ишканалардын биринин жетекчиси. Менден алты жаш улуу. Түпкү теги Ысыккөлдөн болгону менен Бишкекте жашайт.
– Машина белек кылды деп уккан элек?
– Мурун “машина алып берем” деп айтып эле жүрчү. 8-Мартта автобазарга алып барып өзүмө жаккан машинаны тандатып, сатып берди.
– Азыр айдап жүрөсүңбү?
– Азыр эмнегедир кызыгы тарап калдыбы, баштагыдай көп көңүл бурбай калдым. Бир чети, шаарда автотыгын көп болгонго, экинчиден, айдоочулук күбөлүгүм жок болгондугуна байланыштуу көп айдагым келбей калды.
– Айдоочулук күбөлүгүң жок болсо, МАИчилерге кармалган жоксуңбу?
– Айдап чыккандын эртеси күнү эле кармалдым. Жигитим: “Бар, өзүң жооп берип үйрөн”,- деп түшүрүп жиберди эле, МАИчиге барып, “байке, мен Айгүл Чаловамын” деп жатпаймынбы. Ырчылар ушинтишет экен дедим да. Бактыма жараша, ал да мени тааныйт экен, “аа, ошолсуңбу? Праваңды көрсөтчү?” деди эле, “азыр ошол жакка права алганы баратам”,- десем, ал да куттуктап, коё берди.
– Турмушка качан чыкканы жатасың?
– Күзгө чейин жеке концертимди өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Ушундан кийин буюрса, үйлөнүү тоюбуз болот.
Маектешкен Азиза Сатимбекова