Шахзода: «ЫРЧЫ ЭМЕС, ЖУРНАЛИСТ БОЛГУМ КЕЛЧҮ»

“Тумар” радиосунун ачылыш аземине арналган концерт үч өлкөнүн эң чоң жылдыздарын чогултканга жетишти. Ал кечеге өзбекстандык чырайлуу ырчы кыз Шахзода жана казакстандык “Аll Давай” тобунун таланттуу жигиттери чакырылган эле. “Тумар” радиосунун программалык директору Алексей Сидоровдун көмөгү менен биз конок жылдыздар менен концертке чейин кезигип, маек курууга үлгүрдүк.

Толук аты – Зилола Мусаева Бахадыровна
Туулган күнү – 1978-жылдын 28-июлу, жылдызы – арстан
Туулган жери – Ташкент шаары
Апасы – Мусаева Майя – филолог, орус тили жана адабияты мугалими
Атасы – Мусаев Бахадыр – философия илимдеринин доктору
Ерий Салих аттуу уулу бар. Учурда ал мектеп окуучусу

Атасынын аспирантурада окуп жаткандыгына байланыштуу Шахзода балалыгын Москва шаарында өткөрүп, Ташкентке 1987-жылы кайтып келген. Мектепти ийгиликтүү аяктап, 1999-жылы жогорку окуу жайынын менеджмент бөлүмүнө тапшырган. Бирок, жашоосунун көп бөлүгүн музыка ээлегенин сезип, ойлонбостон окуусун таштап салган.
Зилоланын мектептен берки жакын курбусу Нателла өз мекенинде белгилүү аранжировщик, акын жана композитор Вагиф Закировдун жубайы экен. Вагиф кыздарга “Жоным” аттуу топ түзүүнү сунуштайт да, “Утиб кетади” деп аталган альбом чыгарганга жардам берет.
2001-жылы “Тарона Рекордс” компаниясы менен келишим түзгөн ырчы жаңы “Шахзода” деген ысым менен чыгууну чечет. Шахзода “2003-жылдын мыкты ырчысы”, “2004-жылдын мыкты альбому”, “2005-жылдын мыкты ыры” номинацияларында жеңүүчү болгон. “Бор экан“, “Бахт булади“, “Керагимсан“, “Бахтлиман“, “Ассолом алейкум” деген альбомдорун чыгарып, учурда дагы бирөөсүнүн үстүндө иштөөдө.

– Шахзода, ырчы болууну кичинекейиңден бери самасаң керек?
– Жок, мен ырчы болууну каалачу эмесмин.
– Анда ырчы болбогондо азыр кайсы кесиптин ээси болмок элең?
– Сүрөтчү болууну самачумун. Бул менин балалык кыялым болсо керек, эмнегедир дайыма «сүрөтчү болом» деп ойлочу элем. Бой жетип калганда журналист болууну да абдан каалап, «келечекте ушул кесиптин ээси болом» деп ишенчүмүн.
– Зилола жөнүндө айтып бергенди жактырасыңбы же Шахзода жө­нүндөбү?
– Силерге Шахзода жөнүндө айтып берсем көбүрөөк кызыктуу болот болуш керек. Жаңылбасам, 2001-жылы “Тарона Рекордс” компаниясы менен келишим түзүп, алар тараптан мага ушул ат коюлган. Биздин максат – чыгыш стилиндеги бир образ жаратуу эле. Баарыбыз чогулуп ойлонуп ушул атка токтодук. Негизи, мен оңой менен бир нерсени жактыра бербейм. Көңүлүмө жакпаган нерсени дароо билдирем. А “Шахзода” деген ысым дароо эле кулагыма жагымдуу угулду.
– Сага ысымдардын кайсынысы жакыныраак?
– Бул ысымдарды бөлбөйм, экөө тең баалуу. Зилола – менин туулганда коюлган атым болсо, Шахзода деген атка экинчи жолу туулганда ээ болдум.
– Качан өзүңдү жылдызмын деп сездиң?
– Мен өзүмдү эч качан жылдызмын деп эсептебейм, себеби, өзүмө жетишинче сын мамиле жасайм. Өзүңдү чыныгы жылдыз деп атоо үчүн абдан көп убакыт талап кылынат болуш керек. Балким, мени жөн гана “менин көрүүчүлөргө, угармандарга керегим бар” деген сезимдер ээлейт. Бирок, “жылдызмын” деп ишеним менен айта албайм.
– Ошентсе да азыркы ийгиликтериңе жетиш оор болдубу? Колдоочуларың ким?
– Албетте, оор болду, көпчүлүк ойлогондой жеңил болгон жок. Мени дайыма жогоруда айтылган “Тарона Рекордс” компаниясы колдоп келет. Бул жерде абдан көп киши эмгектенет. Мында акыны да, обончусу да, аранжировщиги да бар. Компания жалгыз мени эмес, көп­төгөн жылдыздарды колдоп, эл алдына алып чыгат.
– Ырларыңды өзүң жаратасыңбы?
– Жок, мен ырларымды өзүм жазбайм. Бирок, жаңы ырды компания менен отуруп алып абдан кылдаттык менен талдап чыгабыз. Мени ойлондурган, угарманыма тартуулагым келген бир темадагы ырды акындарга сунуштайбыз, обонун да композиторлорго тапшырабыз.
– Сени киноактриса катары да билебиз. Өзүңө кино жакынбы же эстрадабы?
– Албетте, эстрада. Себеби, буга көбү­рөөк көңүл бөлөм. Тасмага тартылуу абдан кызыктуу, бирок, ошол эле убакта абдан татаал нерсе. Сахнада сен өзүңдү өзүңдөй алып жүрө аласың. Ал эми фильмде башка образга кирип, белгилүү бир ролду аткарууң керек.
– Эстрададан жана кинодон башка эмнеге кызыгасың?
– Мага түрдүү кийим моделдерин ойлоп табуу абдан жагат. Өзүмдүн костюмдарымды тикпесем да стилин, моделин өзүм ойлоп табам. Балким, бир күнү жеке коллекциям чыгып калгысы бардыр.
– Иштериңди алдын-ала пландайсыңбы?
– Ар бир эле адам алдына бир максат коюп, күнүмдүк жашоосун пландаштырат болуш керек. Менин да максаттарым, ой-тилектерим жана ар бир кыздыкындай эле эч кимге айтпаган кыялдарым бар. Негизгиси, коюлган максаттарга жетүүгө аракет кылуу керек.
– Кумириң барбы?
– Туура же туура эмес экенин билбейм, бирок, эч кимди кумир катары туткан эмесмин. Көбү өзүнө кумир жаратып алып, ошого окшошкусу келет. Менимче, ар бир адам өзгөчө, ал өзүнүн кыял-мүнөзүн көрсөтүп, өзүн чыгарыш керек. Албетте, мага жаккан адамдар бар, бирок, акылдан чыгып эч кимге “жалынган” эмесмин.
– Ушак сөздөрдү кандай кабыл аласың?
– Ушактарга кайдыгер караганды үйрөнгөм. Атактуу адам болгондон кийин сөзсүз түрдө сөзгө илинет экенсиң. Албетте, кыз болгон соң жашоодо ар бир нерсеге акыл-эс менен эмес, көбүрөөк сезим менен мамиле кылам да, кээде ушак сөздөр катуу тийип, аларды жүрөгүмө жакын кабыл алган күндөр болгон. Бул нерсеге көңүл бурбоону жана теманы ачпай эле коюуну туура көрөм.
– Шахзодага окшош бирөө бар экен деген чынбы? Сени порновидеого тартылат деген ушактар да чыккан эле...
– Алгач бул тууралуу жаңылык мага өтө жагымсыз угулган. Азыр мындай сөздөргө көнүп деле калдым окшойт. Москвада пиар катары атайын ушундай ушактарды таратышаарын жакында эле билип, аябай таңкалдым. Бул нерсеге чоң чекит койгум келет. Себеби, бул сөз тажатып баратат. Албетте, ал мен эмесмин. Мага окшош бирөө бар экенин да укпагам.
– Кыргызстан, Бишкек сага жактыбы?
– Бул жакка канчалык көп келген сайын ошончолук көбүрөөк жагат. Бишкек шаары бир башкача позитивге толгон, жылуу, жагымдуу шаар. Жаңылбасам, бул 4-жолку келишим. Ар келген сайын Бишкек бат-баттан өзгөрүлүп турат. Шаардын тургундары да жакшы.
– Кыргыз эстрадасынан кимдин аттарын угуп жүрөсүң? Балким, жеке тааныштарың бардыр?
– Тилекке каршы, кыргыз эстрадасынан эч кимди тааныбайм. Бирок, бул жакта да татыктуу жылдыздар бар экенинен күмөнүм жок жана алар менен бир күнү таанышабыз деген тилек бар.
– Жашоодогу девизиң?
– Болбой турган эч нерсе болбойт. Каалоо жана эмгек гана керек.
– “Супер-Инфого” жана анын окурмандарына кайрылууң...
– “Супер-Инфого” түгөнбөгөн кызыктуу маалымат, ийгилик жана жакшы маанай каалайм. Гезиттин окурмандарына ырчылар гана эмес, башка жааттагы атактуу адамдар менен тез-тез жолугушуп турууга мүмкүнчүлүктөрү көп болсун демекчимин.

Эскерте кетсек, биринчи чыгыш радиосунун ачылыш аземине арналган концерт 11-апрелде Спорт Ордосунда болуп өткөн. Концерттин уюштуруучусу Алексей Сидоровдун айтымында, кече ойдогудай өттү. Шахзода кыргызстандык күйөрмандары тарабынан берилген гүл менен жумшак оюнчуктарга көмү­лүп калды. Бөтөн залда ырдап жатканы үчүн сүрдөдүбү же кыргыздын өрт жигиттеринен чочуладыбы, айтор, биздин сахнага чыгып гүл берүү, анан бетинен өөп коюу салтыбыз ага анча жа­га бербеди. Өзбек, орус, казак тилдеринде ырдаган Шахзода балким, эмкиде кыргыз тилинде да ырдап, бул жактагы угармандарын кубантат, ким билет. Концерт аяктаары менен Шахзода мейманканага кетти да, эртеси күнү эле таң атпай мекенине кайтты. Бирок, “дагы бир жолу келем” деп убада кылды.

Маектешкен Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 285, 18-24-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан