Гулзинат: «ЖОЛДОШУМ БИР КУЧАК РОЗА МЕНЕН ТОСУП АЛДЫ»

Гүлзинат, кайтышың менен! Алгач фестиваль туурасында кеп салсаң.

– Рахмат. Фестивалга бараарым билингенден, тактап айтканда, бир айдан бери ушул конкурс менен чуркап жүрүп катуу чарчадым. Келгениме үч күн болсо да, эмдигиче өзүмө келе албай жатам. Атайын фестивалга деп эки жуманын ичинде ыр жаздырып, ага аранжировка жасатып, костюмдарды тиктирип, баарына жетиштик. Ошентип, 27-августта өтчү конкурска 17-августта аттандык. Он күн эрте барганыбыздын себеби, ар бир конкурсанттын номерин сахнага ылайыкташ керек экен. Орусиянын музыканттары аранжировкаларыбызды бирдей калыпка салып, кайрадан иштеп чыгышты. Жадакалса ар бирибиздин сахнага кийчү кийимдерибизди тандап беришти. Мен бул жактан үч форма тиктирип баргам. Кызыгы, айрым ырчылар бир да костюм тиктирбей барышса, даярдап баргандарыныкын стилисттер жактырбай коюшту. 24-августка чейин ар бирибиз Москва шаарындагы жылдыздар үйүндө күнүгө үч сааттан даярдык көрүп жаттык. Сочидеги даярдыкты сураба! Сахнанын жасалышы, ырчыларды коштогон бийчилер, катышуучулардын өзүн алып жүрүүсү, конкурстун кандай нукта өнүгөөрү, айтор, баары жогорку деңгээлде уюштурулуптур.

– Катышуучулар конкурска чейин эле бири-бириңердин дең­гээл­дериңерди байкасаңар ке­рек?

– Албетте. Өзүм­дүн репетициям бүтсө деле “башка конкурсанттар кандай ырдайт болду экен” деп байкап отурдум. Атаандаштарым менин үнүмдү, аткаруучулук чеберчилигимди башында эле баалашып, “Гуля, сен алдыга чыгат болушуң керек” деп мага дем-күч берип жатышты. Конкурс башталган күнү сахнага “быссымылда” деп оң бутум менен чыкканым ушунчалык толкундануу менен коштолду. Апам мени унутуп калат десе керек, беш мүнөт сайын чалып: “Кызым, сахнага быссымылда деп оң бутуң менен чык”,- деп эскертип турду. Биринчи чыкканда өзүмдү жоготуп коё жаздадым. Анткени, үн режиссёрлор мен репитиция кылып келген минусовкамды эмес, жаңы аранжировканы берип салышты. Жаңысын конкурс башталууга эки күн калганда уккам да, “мен мурункусуна көнүп алыптырмын, ошонусун эле бергиле” деп музыкалык режиссёрго кайрылгам. Ал макул болгон. Адашып калышы таптакыр мүмкүн эмес эле. Музыканы укпай калып, туура эмес ырдап аламбы деп “Кыз кербезди” ырдаганымда атайын чоң монитордун жанында бийледим.

– Бул жердеги көпчүлүк кө­рөр­мандар дүйнөлүк хит ырлардан “Мадоннанын ырын туура эмес тандап алыптыр” деп жатышат...

– Чындыгында бул ыр менин стилим эмес. Ыр тандоодо профессионал ырчыларыбыз менен да кеңештик. Алар мага ушул ырды (“La Isla Bonita”, Madonna, авт.) сунушташкан. Көпчүлүктүн жактырбай калышына мен эч нерсе дей албайм. Ким кандай кабыл алса, ал өз эрки.

Ушул учурда фестивалдын Кыргызстандагы координатору Айнура Токтошева сөзгө аралашты:

– Мунун негизги себеби – убакыттын тардыгы. Ырларды даярдап, тез аранын ичинде конкурстун уюштуруучуларына жөнөтүш керек болчу. Эгер убакыт көп болсо, Гулзинатка 90 ырды ырдатып көрүп, эң жакшысын тандап алат элек.

– Кыргызстандан барган калыстар мүчөсү Актан байке менен сүйлөшүп аттыңбы? Ал сенин ырдаганыңа кандай баа берди?

– Фестиваль учурунда бир да жолу сүйлөшө алган жокмун. Убакыт ушунчалык тар, ал эми жасалчу иштер абдан көп болду. Жада калса тамак ичкенге өзүнчө убакыт бөлө албай, чачымды жасап же боёнуп жатканда тамактанууга туура келди. Актан байке менин ырдаганымды, албетте, колдоп турду. Ал эми баалоо боюнча айта турган болсом, калыстар тобунун төрагасы Иосиф Кобзон эч бир калыстын оюн эске албастан, баарын өзү чечкенин кийин Актан байкеден уктум. Эгер андай боло турган болсо, эл аралык калыстар тобун түзүп эмне кереги бар эле...

– Сыягы,калыстар тобунун чечимине нааразы окшойсуң.

– Украина, Молдо­ва өлкөлөрү SMS бил­ди­рүү­лөр боюнча эң артта келатып эле кантип алдыга чыгып кеткени өзүнчө бир табышмак. Мен 1-күнү 4-орунда, 2-күнү 3-орунда келаткам. Атаандаштарым: “Гуля, сен беш жылдыздын катарына кирдиң, эч кам санаба”,- деп жатышкан. Жыйынтыгын укканда эстен танып кала жаздадым. Бирок, “Гүлзинат, өзүңдү карма” деп өзүмдү-өзүм токтотуп жаттым. Айнура эжеге эле кичине ыйлап алганым болбосо...

Айнура Токтошева: – Мен дайыма коммерциялык чөйрөдө иштеп жүрүп, ар нерсенин ички саясаты болоорун жакшы билчүмүн. Чыгармачыл адамдардын жандүйнөсү назик келет эмеспи. Гүлзинат беш жылдыздын катарына кирбей калганын укканда абдан жаман болдум. Бирок, Гүлзинатка: “Азаматсың, куттуктайм! Белекти шаардын мэринин колунан алуу деген кандай сыймык!”- деп кубаныч менен кучактап калдым. Гүлзинат аныма түшүнбөй, бир мүнөттөй тиктеп турду. Оюнда «бизди уят кылдың деп айтат» деп ойлосо керек.

– Конкурска кеткен чыгымды ким каржылады?

Айнура Токтошева: – Баарын “KG” продюсердик борбору каржылады. Шашылыш болгондуктан костюмдарды да, ырларды да даярдоодо биз менен иштешкен ар бир адамга кадимки баадан үч эсе көп акча берип жаттык.

– Гүлзинат, атаан­даш­тарың арасынан дос тапканга же­ти­ш­тиңби?

– Атаандаштарымдын ичинен лат­виялык Амбер Айя менен чыныгы достордон болуп калдым. Кайда жүрбөйлү, дайыма чогуу болдук. Мен ага күмүштөн жасалган кыргыздын оймо-чиймелери түшүрүлгөн сөйкөмдү жана кыргыздын бальзамын белек кылдым. Ал мага кара түстөгү бальзам берди. Амбер менен кечээ эле телефон аркылуу байланыштым. Үнүмдү угуп абдан сүйүндү. Буюрса, октябрда Кыргызстанга келем деп жатат.

– Эми жеке турмушуңа азын-оолак кайрыла кет­сең, жолдошуң менен качан, кандайча таа­нышкансың?

– Жолдошумдун аты – Ралис, улуту азер­байжан. Мурда кафеде ырдап жүргөндө Ралис төрт ай бою күнүгө шоколад же гүл алып кел­чү. Төрт ай дегенде гана таанышууга макул болгом. Кафеге чакырды. Анан дароо эле «сүйөм» деп таштады. Биринчи жолугушууда эле «сүйөм» деген адамды көрүп, таң калгам. Бара-бара экөөбүздүн мүнөзүбүз, кыялыбыз бир экенин түшүндүм. Ошентип, ортобузда чоң сүйүү пайда болду. Эки жыл сүйлөшүп, анан үйлөнүп алдык. Экөөбүздүн турмуш курганыбызга жети жыл болду, бир кызыбыз бар. Кайда жүрбөйлү бири-бирибизге түшүнүү менен карап, колдоп келебиз. Сочиде жүргөнүмдө телефондон акыбалымды суроо үчүн жолдошумдун 3000 доллары кетиптир.

– Кызыңар канчада?

– Кызымдын атын Рузана деп атасы койгон. Ал жакында бешке толот. Балабакчага барат. Мен Сочиге кеткенде апама таштап кеткем. Келгенинче аябай сагынып калыптыр. Кайсы бөлмөгө кирбейин, артымдан калбай ээрчип жүрөт.

– Атасына окшошпу же апасынабы?

– Рузананы атасына куюп койгондой окшош экенин айтышат. Ралисти укмуш катуу сүйгөн окшойм да.

– Жолдошуң ким болуп иштейт?

– Өзүнүн жеке бизнеси бар, ошону менен алектенет.

– Сочиден келгенче сага караганда жолдошуң көбүрөөк сарсанаа болгон окшойт...

– Айтпа, тез-тез эле телефон аркылуу кабар алып турду. «Манас» аэропортуна таңга маал келип кондук. Ошондо жолдошум 51 даана кыпкызыл роза жана жасалгаланган үч машина менен тосуп алды. Айнура эжеге да гүл берүүнү унутпаптыр.

– Алдыда кандай иш-план­дарың бар?

– Албетте, фестивалда утуп алган Сочи шаарынын белегин колдонуу. Башкача айтканда, Сочидеги белгилүү мейманканалардын бирине эки кишилик жолдомо албадымбы, жакын арада барып эс алып келсем деп ойлоп жатам.

– Гүлзинат, чыгарма­чы­лы­гыңда мындан да бийик ий­гиликтер боло берсин, маегиңе чоң рахмат.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 305, 5-11 сентябрь 2008-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан