САМАТ ДӨӨЛӨТБАКОВ: «ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮМ ҮЧ ЖОЛУ БОЛГОН»

Самат тууралуу 10 факт:
· Саматтын башында 4 уюлу бар. Кызыгы, кызы Аэлинанын да так чекесинде атасыныкындай уюлу бар экен.
· Рулда баратканда үнүн аябай катуу чыгарып ырдагандан ырахат алат.
· Оромону күндө берсе да жей берет. (Самат: Мал катары алдыма салып бергенди жей берем)
· Ашкабакты таптакыр жебейт. (Ашкабак мантыга уулангандан кийин)
· Газдалган “Кола”, “Фанта” деген суусундуктарды ичпейт. Кыргызстанда чыгарылган улуттук суусундуктарды жактырат.
· Саматты чач жасалгасына байланыштуу жумушундагылар конокторго кызматкер эмес, “биздин ырчы” деп тааныштырышат.
· Аябай шашкалак жигит.
· Мурда пираттык диск саткан дүкөндө иштеген. Андыктан, дүйнөлүк тасмалардын 90 пайызын көрүп чыккан.
· Коркунучтуу кинолорду жактырат.
· Самат үйүндө жүргөндө сөйкөсүн тагынбайт.

– Самат, жакында эле кыздуу болуп маңдайың жарыла сүйүнүп турган чагың. Ата болуу кандай экен? Сезимдериң менен бөлүшө кетсең…
– Ата болуу бул сөз менен айтып бергис, тимеле эбегейсиз зор бакыт экен. Чынын айтканда, акыркы 4-5 жылдан бери качан мен «ата» наамын алар экенмин деп күтүп жүрчүмүн. Башка бирөөлөрдүн жөжөдөй балдарын көргөндө ичимден эзилип койчумун. Кудай буюруп, мына бул күнгө да жеттик. Жанагы «Балам, балалуу болгондо көрөсүң» деген чын эле экен. Азыр эртең менен эле көрүп жумушка кетсем, түшкө чейин сагынып араң чыдайм. Түштөнүүгө да үйгө барам. Жарым саат болсо да, жубайым менен кызымдын жанында болууну каалап турам. Үйгө кирсем эле үн чыгарып ыйлап калат, колума алып көтөрүп алам.
– Кызың ыйлаак эмеспи?
– Негизи, ыйлаак деле эмес. Бирок, үйгө чыгып келгенден бери жабыла көтөрө берип, колго үйрөтүп, бир аз эркерээк кылып алдык ойшойт.
– Атын Аэлина деп ким койду?
– Ат коюу жоопкерчилигин ата-энеме ыйгарганбыз. Алардын да сүйүнүчү көздөрүнөн көрүнүп турат.
– Кызыңдын чоңойгон кезин кандай элестетесиң?
– Чынында, бул жөнүндө ойлонбоптурмун. Бирок, кыргыздын жакшынакай эле кыздарынан болоруна шегим жок.
– Төрөлгөнүнө бир ай убакыт өтүптүр. Эч кимге угузбай кыз­дуу болгонуңду сыр кылып жүрдүңбү?
– Сыр деле кылган жокмун. Болгону, «баланын төрөлгөнүнө эмес, турганына сүйүн» деп коюшат эмеспи. Бир аз торолгуча эч кимге айтпай турууну чечкенбиз. Азыр баары жакшы. Эми жолдошторум менен отуруп, кыздуу болгонумду жууп койсом болот. Анын үстүнө жумушума байланыштуу Түркияга жарым жылга кеткени жатпаймынбы. Кызымдын кыркын чыгарууга да катышпай калат экенмин. Анан да жентек тойду жарым жылдан кийин өткөрмөй болдук.
– Түркияга кетип жатканың жөнүндө кененирээк айтып берсең.
– Өзүм иштеген банк аркылуу кетип жатам. Ал жакка 6 ай убакыт аралыгында тажрыйба топтоо максатында жол тартып жатабыз. Жалпысынан 300 кишинин арасынан бешөөбүздү тандап алып жөнөтүштү. Бул мага чоң жетишкендик десем болот. Себеби, бирден бир карьералык өсүш. Келгенден кийин да 5 жылга жумуш ордум даяр, жумуштан куулуп кетүү деген жок. Анан да бир бөлүмдүн башчысы же филиалдын жетекчиси болуп каларым бышык. Себеби, кетер алдыбызда банк менен 5 жылдык келишимге кол койдук. Анда айтылгандай, ар бирибизге 15 миң доллардан акча сарптап, 6 ай тажрыйба топтоо үчүн чет өлкөгө жөнөтүп жаткандан кийин, келгенде да башка банктарга иштеп кетпешибиз керек.
– 6 айга кетип жатсаң үй-бүлөң кантет?
– Буюрса, ал жакка барып өзүм орношуп алгандан кийин бир ай аралыгында үй-бүлөмдү да чакыртып алам го. Бизде быйыл да кыш суук болот, свет өчөт деп жатышпайбы. Ал эми Түркияда кыш жылуу өтөт. Кызыбызды торолтуп алууга да оңой болсо керек. Эми бир айча үй-бүлөм мен жок чыдап турушса болду. – Үй-бүлө демекчи, ата-эне, биртуугандарың туурасында да кыскача айта кетсең?
– Ата-энем Токмок шаарынын ка­дыр-барктуу тургундары. Үй-бүлөбүз кудайга шүгүр, башкаларга үлгү болчулардан. Эжем, иним, анан карындашым бар. Карындашым Перизат азыр бойго жетип бий жагына кызыгып, ошол тармакта машыгып жүрөт. Иним Максатты болсо мен иштеген банкка киргизип жатабыз. Ал да буюрса, банкир болот. Учурда эжем Аида Түркияда иштеп жүрөт. Келинчегимдин да аты Аида. Аны өзүңөр билесиңер бала менен үйдө.
– Аида менен качан таанышып анан табышып калдың эле?
– Аида экөөбүз магистратурада бир группада окуганбыз. Алар ошол кезде үй-бүлөсү менен жаңы эле Ташкенттен көчүп келишкен болчу. Анан үч жылдай кыз- жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Акыры былтыр Египетте жүргөндө баш кошуп, нике кыйдырып алганбыз.
– Египетте үйлөнгөнүң жөнүндө көпчүлүк биле бербесе керек…
– Ооба, менин үч жолу үлпөт тоюм болгонун да эч ким билбесе керек. Былтыр Египетте жүргөндө Аида да менин жанымда болчу. Ал жактан баш кошуп, бирге жашоо сунушу менен үч жолу ар кандай ыкмаларды колдонуп, колун сурадым. Эми кантип сураганым жөнүндө айтпай эле коёюн. Ар ким өзүнүн фантазиясына жараша да (күлүп). Анан болочок жубайымдын макулдугун аларым менен эле мечитте нике кыйдырып, жаңы таанышкан досторум, кесиптештерим болуп 30 чакты кишиге чакан тойчук өткөрдүк. Баса, ал жакта аял киши мечиттин босогосун аттабайт экен. Анан да күбөлөрдүн экөө тең эркек кишилер болууга тийиш. Айтор, биз билбеген сырлары бар экен.
– Кийинки үлпөт тойлоруң кандай өттү эле?
– Үч жолу үлпөт той өткөргөм десем, «Самат үч жолу үйлөнүптүр» деп жүрүшпөсүн (күлүп). Үчөөндө тең бир эле жубайыма үйлөнгөм. Египеттен келгенден кийин Аида кайра ата-энесинин үйүндө жашап турду. Бир жумадан кийин Айт күнү 13-октябрда эч кимге айтпай туруп барып үйгө алакачып келгем. Анан туугандарыбызга чоң той бердик. Эки жумадан кийин дагы бир заманбап үлпөт той өткөрдүк.
– Келинчегиң туурасында айтып берсең.
– Келинчегим кудайга шүгүр, кыргыздын ыймандуу келиндеринен. Ушул сөздө эле анын кандай адам экендиги айтылды болуш керек. Мен элимдин патриотумун да. Аида мурда кыргызча таптакыр сүйлөй алчу эмес эле. Менин жардамым менен азыр кадимкидей сүйлөп калды.
– Демек, тил маселесине кайдыгер карабайт экенсиң да?
– Ооба, көчөдө деле бирөөгө кыргызча кайрылсам, орусча жооп берип койсо «мен сизден кыргызча сурап жатпаймынбы» деп кыжырым келип кетет. Өзүм да колумдан келишинче кыпкыргызча сүйлөгөнгө аракет кылам.
Бир эле тил эмес, жалпы эле элдин оор турмушу мени ойлондурат. Кудай буюрса, 10 жылга жетпеген убакытта саясатка аралашам деп жүрөм. Азыр жаштар жакшы чыгышты. Алардын катарында элдин келечегине мен да өз салымымды кошсом деген оюм бар. Батыштын эксперттери да «келечек Орто Азиянын элинен чыгат» деп жатышпайбы. Ошол эл биз болобуз.
– Болочокто эл камын ойлогон мыкты саясатчы кичинекей кезинде кандай болду экен?
– Кичинемден бери эле өз алдынча болууну, бирөөгө жүгүмдү артпоону жактырам. Эсимде, бир жолу 5-6 жашымда болсо керек, ооруп бала бакчага барбай үйдө калдым. Анан апамдар жумушка кеткенде ойлонуп отуруп «мен чоңойдум бала бакчага барып эмне кылам, андан көрө эртеңден баштап мектепке барайын. Азыр барып бала бакчадагы досторум менен коштошуп келейин» деп чечтим. Кийинип алып, өзүм жалгыз группама жетип бардым. Анда жол алыс сезилгени менен бир аялдамачалык эле аралыкта болчу. Барып эле тарбиячыма: «Мен эртеңден баштап келбейм. Мен бүгүн чоңойдум, мектепке барам»- дедим. Ал дагы башыман сылап «азаматсың!» деп койду. Анан балдардын баарын чакырып алып «мен эми чоңмун, кана кимиңер атаман элеңер чыккыла мушташам» дедим. Анан атаман балабыз Саша менен мушташып, ага жеңилип, ыйлаган бойдон кайра үйгө кетип калгам. Эртеси кайра эле бала бакчага келгем.
– Ошол кезде келечекте ким болууну каалачу элең?
– Жакында бир дептеримди таап алдым. Карасам, ичи толо эле менин ырчы болууну самаган кыялдарым экен. «Көрөсүңөр го, мен мыкты ырчы болом» деп эле мактана бериптирмин.
– Ошол бармактай кезиңден самаганың учурда канчалык актуалдуу?
– Мен жылына бир клип тарттырып, эки-үч ыр жаздырып коюп эле жүрө берет эмесминби. Анын үстүнө бул тармакта кенен машыгууга убактым да жок. Быйыл болсо келинчегим кош бойлуу болуп, анын жанында болууга аргасыз болдум. Айымдар кош бойлуу кезинде бир аз эрке болуп, көп нерсени жактырбай, тез эле таарынып калат турбайбы! Ошентсе да, кээде түнкүсүн студияларга кетип калып жаттым.
– Эми Түркияга кетип калсаң, чыгармачылыгың аксап калат деп коркпойсуңбу? Деги эле ыр­чы­лык менен качанга чейин алектенесиң?
– Түркияга кетсем чыгармачылыктан күн сайын алыстай турганымдай сезилет. Башта айтып кеткендей, саясатка аралаша баштасам эле ырчылыкты таптакыр таштайм. Азырынча 6 айдын ичинде эл мени унутуп калбасын деп эки ыр жаздырдым. Алардын бири «Ишенүү» деген ырымды сиздердин «Медиа-порталга» ала келгем.
– Кызыктуу маегиңе чоң рахмат. Ырды болсо, эми биздин WWW.SUPER.KG сайтыбыздын тургундары уга алышат. Сага кайда болбосун ийгилик каалайбыз. Сак-саламатта бол.
– Сиздерге да рахмат. Буюрса, элим менен “Супер-Инфо” гезити аркылуу байланышып турам деген үмүтүм бар.

Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 310, 10-17-октябрь, 2008ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан