Кыскасын айтканда...
– Айжамал, бир жылдан бери сахнага чыкпай күйөрмандарыңды катуу сагындырдың го.
– Күйөрмандарымдан мурда өзүм аларды көбүрөөк сагынып калдым окшойт.
– Эми сени качан кайра сахнадан көрө алабыз?
– Москвадан келгениме мына эми гана бир жуманын жүзү болду. Жакшылап жайгашып алсам, анан кызым дагы бир аз торолуп калса эле сахнага чыга баштайм. Азырынча конок күтүү менен эле күндөрүм өтүп жатат.
– Чыныгы келин болуп жүгүрүп жаткан экенсиң да...
– Ошондой десем да болот. Кечээ, дем алыш күнү ата-энем кызыма бешик алып келишти. Ошондон бери үйүбүздөн конок үзүлө элек. Мурда мен кыргыздын анча-мынча салттарына көп деле көңүл бурбай келиптирмин. Көрсө, жакшылап байкай келсең салт деген сонун турбайбы! Бешик алып келет десе эле мен беш-алты киши келип, бешикти таштап кетишет чыгар дептирмин. Жыйырмага жакын жалаң аялдар келишет экен. Анан баланы ошол күнү бешикке бөлөп, үстүн атасынын кийими менен жаап коёт тура. Менимче, атасынын жыты менен жакшы уктасын дегени болсо керек. Тынчы жок кызым бешикке жатары менен үч сааттай ойгонбой уктаса болобу! Мурда кыз баланы бешикке жаткыра берсе башы жалпайып, сулуулугу кемип калабы деп коркчу элем. Ошентсе да, суукта кышкысын жаткырган оң экен.
– Кызың ыйлаак эмеспи?
– Ыйлаак. Кыркы чыккыча аябай эле көп ыйлачу. Же азыр бир аз чоңоюп калдыбы, айтор, Москвадан келерибиз менен эле жоошуп калды. Ыйлаганда, урушуп койсоң, таптакыр басылбайт. Ага сөзсүз жалдырап жатып басылтам. Баарынан кызыгы, сүрөткө түшкөндү билет. Атасы төрөлгөндөн бери эле сүрөт менен видео тасмага тарта берип көнүп калды. Тартайын дегенде эле камераны тик карап калат. Негизи, эрке кыз болот окшойт. Анан да азыр баарыбыздын эле көңүл борборубузда Жыпара болуп калды. Кайната, кайненемдердин да тун небереси. Үйдөгүлөр анын катуу үнүнөн улам «ырчы болот го» деп калышат. Антсе, атасы: «Жок, менин кызым ырчы болбойт. Муз үстүндө бийлеген фигурист болот»,- дей берет.
– Сыягы, жолдошуңа ырчылык кесип анча жага бербейт окшойт...
Жок, менин ырдаганыма каршы деле эмес. Башында сүйлөшүп жүргөнүбүздө «үйлөнгөндөн кийин ырдатасыңбы?» десем, ооба же жок дебей унчукпай койчу. Ошонусунан улам ырдатпайт окшойт деген ойдо калчумун. Азыр ырдаганыма каршы эмес. Өзү да жакшы ырдайт. Мен аны тамашалап «экөөбүз ырдап чыкпайлыбы?» деп калам. Бирок, Азамат ырдаганды жаман көрөт. Ал эмес, үйдө кайненем да жакшы ырдайт экен. Өткөндө ырдаганын көрүп таң калган конокторго “келиним мени тарткан да. Кайнененин камырынан деп коёт эмеспи» деп тамашалап жатпайбы. Анын сыңары, мен ырчылык жактан кайненемди тарткан окшойм. Кайнатам болсо жакшы бийлейт. Айтор, өзүмдүн эле чөйрөмдөгү адамдын үй-бүлөсүнө туш болуптурмун.
– Кайындарың да ырдаганыңа каршы эмеспи?
– Жок. Алар да менин чыгармачылыгымды колдоп “талантың бар, ырда. Өнөрүңдү өркүндөтө бер ” деп турушат.
– Кайындарың туурасында бир аз айта кетсең...
– Мен бул үй-бүлөнү кичинекейимден бери эле таанычумун. Кайненем мектепте иштечү. Азамат экөөбүз бир мектепте окуганбыз. Бир эжеси, эки иниси бар.
– Келин болуп баргандан кийин көнө албай кыйналган учурларың болдубу?
– Чындыгын айтсам, ашкана жагын толугу менен эле өздөштүрүп алгам. Ошол себептен көп деле кыйналган жокмун. Болгону, салаттарды анча даярдай албайм. Калган үй жумуштарынын баары эле колумдан келет десем болот. Баса, кош бойлуу кезимде бир аз кыйналдым. Эсимде, Москвада болчубуз. Бир күнү ыйлагым келе берди. Анан эч кандай себеби жок эле аябай ыйладым. Азамат “эмне болду? Мен сени капа кылдымбы?” деп өзүнчө бушайман болот. “Жок” деп коюп эле ыйлай бердим. Акыры себебин издеп отуруп апамдарды сагындым окшойт деп чечтим. Кийин ойлосом, ал күнү мен сагынычтан эмей эле кош бойлуулуктун чыргоолорунан кыйналып жатыптырмын. Негизи, айымдар кош бойлуу кезинде аябай эле чыргоо болуп калат турбайбы.
– Эмнеге талгак болдуң?
– Көпчүлүк аялдардан өзгөчөрөөк болдум окшойт. Чымчыктын үнүнө талгак болдум. Чымчыктардын сайраганын уксам эле токтоп калчумун. Ал эми жеген жагынан таттууну көп жедим окшойт. Атайын бир нерсеге деле талгак болгон жокмун. Көчөдө бирөөнүн колунан жей турган нерсе көрсөм эле ошону жегим келе берчү.
– Эми маегибизди башка нукка бурсак. Айжамал, айтсаң, ырдагандан башка да эмнеге шыгың бар?
– Балалыгымда тигүүчү болом деп кыялданчумун. Бул жаатта бир аз шыгым бар. Турмушка чыгардан мурда үйгө барып төшөк тигип жатсам, кошуналарыбыз көрүп алып “сен да төшөк тиге аласыңбы, ээ?” деп жаман таң калышкан. Баса, унутуп калайын дептирмин, жип менен кийим токууну үйрөнүп жатам. Буюрса, жакшы өздөштүрүп кетсем Азамат менен Жыпарага сонун кийимдерди токуп берем. Бирок, кантсе да, ырчылыкты менин биринчи жана такшалган шыгым десем болот.
– Ырчылыкты канча жашыңа чейин аркаласам деген оюң бар?
– Кудай буюрса, ырдаганга алым келип, мүмкүнчүлүгүм болуп турганда ырдай берем деп ойлойм. Мен мындан башка жол издеген эмесмин. Издебейм дагы.
– Сенин 12 жашыңдан бери сахнада жүргөнүңдөн кабарыбыз бар. Бул тармакка таштаган биринчи кадамың эсиңдеби?
– Кичинекейимде тойлордо ырдап жүрчүмүн. Анан ошондой тойлордун биринде атама бирөөлөр “бул кызыңдын талантын колдошуң керек экен” дептир. Ошондон көп узабай эле атам мени Оштогу филармонияга алып келген. Ал жерден раматылык Алтымыш Кадыров “бул кыз “Кыз Буракка” ылайык экен” деп Гүлшайыр эжеге жиберген. Барып алып сүрдөгөнүмдөн атама «кайра айылга кетем» деп ээрчип ыйлаганым эсимде. Чынын айтканда, атамдын мени кыйнап калтырып кеткенинин артынан эле ырчы болуп кеттим. Калганынын баары Гүлшайыр эженин колунда болду. Азыр мени Гүлшайыр эженин колуна туш кылган тагдырыма ыраазымын. Ал киши мага эне да болуп калды.
– Ошентсе да, көптөгөн ийгиликтерге жетишпедиңби. Жаңы ырларыңа качан күбө болобуз?
– Кудай буюрса, мына эми кирише баштайм. Бала жөнүндө жакшы ыр даярдалып жатат. Бул ырым даяр болору менен биринчи сиздердин WWW.SUPER.KG сайтындагы Медиа-порталга берем деп сөз бере кетейин. Бул сайтка мен Москвада жүргөндө да күн сайын кирип андагы жалаң жаңы ырлар жүктөлгөн Медиа-порталдагы ырлар менен таанышып турчумун. Алыстыкты сездирбеген жакшы сайт.
– Айжамал, кызыңдын ыйлаганына карабай убактыңды бөлүп бизге келип маек куруп бергениң үчүн чоң рахмат. Ден соолукта чоңоюша бергиле.
– Сиздерге да чоң рахмат. Ийгилик.
Маектешкен Чолпон Сүйүнбаева