БЕК БОРБИЕВ: «АТЫМА ТИЛИМ КЕЛБЕЙ ЫЙЛАГАМ»

Бектин ыймандай сырларынан...

  • «Аттиң неге жолуктуң, Сени алам деп оолуктум. Улуу кызым окуп калганда...» деген саптары бар “Эркинай” аттуу ырдын Бектин турмушуна тиешеси жок. 300дөй ырларынын саптарын өз турмушунан алганга Бектин анчалык тажрыйбасы жок.
  • Бир да жолу ырын сатып көргөн эмес.
  • «18 жашта келген сүйүүгө картайганда келген сүйүү жетпейт» деп ойлойт.
  • Бабурдан башка үч баласынын атын өзү койгон.
  • Бек белекке көбүнчө аккордеон алат.
  • Чыгармачыл чөйрөдө Кубик Калыков, Абды Кадырматов, Кабыл Бөрү­баевдер менен үй-бүлөлүк катышы бар.
  • Бекти агасы гана Берадор деп чакырат.
  • Декабрь айынын 15инде ишинен эс алууга чыгып, жаңы жылга ка­рата 2 күндүк концерт берүүнү пландаштырууда.

– Кандайсыз, Бек байке, иштериңиз жакшыбы?
– Кудай буюрса, баары ойдогудай. Иштер акырындан болуп жатат.
– Ырчылыктан бажы кызматкерлигине өтүп кеткениңизге бир нече жыл болуп калды окшойт. Сахна сиз үчүн...
– Бажы кызматкери болуп иштей баштаганыма алты жыл болду. Ошентсе да, чыгармачылыктан алыстаган жокмун. Өзүмдү башынан эле профессионал ырчы, сахнанын адамы деп эсептебейм. Минтип айткан себебим өзүмдү ырчы катары эмес, обончу катары көбүрөөк баалайм. Мен өзүмдү эл арасынан суурулуп чыгып, капыстан эле профессионал ырчылардын катарына кошулуп калган адаммын деп ойлойм. Сахна – мен үчүн мурункудай эле ыйык жай.
– “Чыгармачылыктан алыстаган жокмун” деп жатпайсызбы, бирок, баары бир мурунку убак менен азыркынын айырмасы бар да...
– Чынында, сахнага азыр мурункуга караганда аз чыгып калдым. Азыр сахнага чыкканымда жагымдуу толкундануу болот. Бирок, бир аздан кийин эле ал толкундануум жок болуп кетет. Ошентсе да, ырдаганды аябай сагындым деп айта албайм. Анткени, убагында ырдаганды нормадан ашыкча аткарып койгон окшойм.
– “Эл арасынан суурулуп чыгып эле профессионал ырчылардын арасына кошулгам” дебедиңизби. Музыкалык билим алууну ойлогон жоксузбу?
– Кеч болсо да окуп коёюн деп окудум. Искусство институтунун эстрада бөлүмүн аяктаганыма эки жыл болду. Мындан сырткары политехникалык институт менен КАСИни бүтүргөм.
– Ырчылыкка болгон са­па­ры­ңыз студент кезиңизде эле башталса керек...
– Ыр дүйнөсүнө политехте окуп жүргөндө студенттердин “Ала-Тоо жазы” фестивалынын аркасы менен келдим. 1-курста жакшы окуганым менен 2-курстан ыр-күүгө жакын болуп, сабактарымдан начарлап кеттим. Зачёт, экзамен алыш үчүн сабак окугандын ордуна институттун атынан фестивалдарга, футбол, волейболго катышууну ойлоп калдым. Ырчылыкка оогонум менен “кийин сөзсүз алган кесибим боюнча иштейм” деп өзүмө-өзүм сөз берчүмүн. Ошентип, элге ырчы катары таанылып калгандан кийин 1998-жылы бажы кызматынын директору жумушка чакырып калды.
– Бажы кызматкери болуп кеткениңизде эл ичинде “агасы МАИ кызматкери экен. Ошол ишке орноштуруптур” деген сөз жүрдү эле...
– Менин бажы кызматкери болуп калышыма агамдын тиешеси жок. Бул жумушка жөнөкөй эле инспектор болуп киргем. Ишиме дилгир мамиле кылгандыгымдын натыйжасы болсо керек, учурда Бишкек-1 бажы бөлүмүнүн башчысымын.
– Бир күндүк иш кү­нү­ңүздү айтып бер­се­­ңиз...
– Сегизде жумушка келип, жарым саат кызматкерлер менен жыйын өткөрөм. Биздин негизги жумуш – вагондор менен коңшу өлкөлөрдөн келген ун, көмүр, жыгач сыяктууларды кабыл алуу. Ошентип, жумушум 5те бүтөт. Жумуштан кийин маанай жакшы болсо, Спорт Ордосуна барып бильярд ойнойм.
– Чыгармачылыктан бир аз алыстаганы канча ыр жарат­тыңыз?
– “Алматыга сапар” ыр жыйнагым жарык көрдү. Ичиндеги ырлардын так санын билбейм.
– Чынында, сизди сүйгөн кыздар көп болсо керек. Учурда хит болуп, биздин www.super.kg сайтындагы Медиа-порталга жүктөлгөн “Таңкы шүүдүрүм” ырыңызда дагы да болсо сүйүүнү даңазалап ырдап жатасыз. Ушул ырыңызды кимге арнадыңыз эле?
– Бул ырда шүүдүрүм деген сөздөр бар. Мен шүүдүрүм деп аруулукту, тазалыкты, жаштыкты түшүнөм. Жигиттер сүйгөн кызынын алгачкы көз жашын канча убакыт өтсө да түбөлүккө унутушпайт. Андан кийин деле кыздардын көз жашын көрүшү мүмкүн, бирок, ал баары бир биринчиге окшошпойт. Мен ырымда шүүдүрүмдү жаш, сулуу кыздын алгачкы көз жашына салыштырган элем.
– Айткандарыңыздан улам бул ыр биринчи сүйгөн кы­зыңызга жазылган деп түшүндүм. Балким, жубайыңыз Фарида эжеге арналгандыр...
– Тигинин көз жашы, мунун көз жашы деп ачык айта албайм. Чыгармачыл адамдар өмүрүндө жок дегенде 5 жолу сүйүүгө кабылат эмеспизби.
– Кеп учугун эми үй-бүлөңүзгө бурсак...
– Жубайым Фарида башынан эле балдар, үй жумуштар менен алышып үй кожейкеси. Улуу кызым Шах-Наз Медициналык академиянын 1-курсунда, экинчи уулум Хан-Бото 10-класста, үчүнчү балам Бабур 7-класста окуп жатышат. Ал эми кичүү кызым Айдеми 3кө чыкты.
– Балдарыңызды кантип эркелетесиз?
– Азыр кичүү кызымды гана ийиниме көтөрүп, шоколад, куурчак сатып берип эркелетем. Чоң балдарым­ды кичинекей кезинде эркелетчүмүн. Чо­ңой­го­ну өздөрү эле эркелебей калышты.
– Балдарыңыздын келечекте ким болушун каалайсыз?
– Ар кимиси тандаган кесибинин ээси болот да. Бирок, ичинен ырчы бол­чусу жок. Анткени, ырчы болгусу келгендер кичинекей кезинен эле билинет.
– Үй-бүлөдө акчаны ким кармайт?
– Акчанын кайда турганын Фарида экөөбүз тең билебиз. Кимибизге канча керек болсо, ошол жерден алып керектейбиз.
– Баса, КРнын Эмгек сиңирген артисти жана Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты болушуңуз менен куттуктайбыз!
– Рахмат.
– Наамга байланыштуу бир суроо бергим келип турат. Жакында телеканалдардын биринен бир телекөрүүчү Маданият министрине “Борбиев башка тармакта иштеп жүрсө деле Эмгек сиңирген артист наамын бердиңер. Андан башка сахнадан кетпей канча ырчы жүрөт” деген суроо узатты. Буга өзүңүз эмне айта аласыз?
– Сахнага менден кийин чыккандар, башка тармакка ооп кеткендер деле Эмгек сиңирген артист алып жүргөнүн көрүп жүрөм. Наам алганым кимдир бирөөгө жакпай жатса, туура же туура эмес деп айта албайм. «Башка тармакка өтүп кетти» деп Эмгек сиңирген артист наамын бербей коюшса, таарынмак деле эмесмин. Наам унутулуп калышы мүмкүн, бирок, менин ырларым эл жүрөгүндө жашай берет. Чынында, маданият тармагында иштебегенден кийин “наам алдың” деп айлыгымдын үстүнө акча деле кошуп беришпейт. Мага болгону, менден кийин чыккан ырчылардан мурунураак бергени жакшы болду. Алганымды уккан айрым ырчылар: “Бизге жол ачып бердиңиз. Сизден мурун кантип алабыз деп уялып жүрдүк эле”,- дешип ойлорун ачык билдиришти.
– Азан чакырып коюлган аты­ңыз Берадор экенин көпчүлүк билет болуш керек. Өзү­ңүзгө кайсы атыңыз жагат?
– Ата-энем экөө тең студент болгондуктан, мени кичинекейимде чоң энем менен таенем багышкан. Эмне болуп Бек болуп калганымды кийинчерээк тактап көрсөм, таенем Берадорго тили келбей, Бек деп чакырып алыптыр. Мектепке барарда үйдөгүлөр “атың ким? дешсе, Берадор деп айт” деп үйрөтүшкөн. Ошондо жаңы ат коюшкансып көнө албай кыйналгам. Тилим да келбей ыйлагам. Атам белгилүү Берадор деген футболчунун атынан койгон экен. 3-класстан тарта “мен сага футболчунун атын койгом. Сен футболчу болушуң керек” деп кыйнап, ийримге алып бара баштады. Футбол ийриминин жанында күрөш залы боло турган. Күрөш боюнча машыктыруучу атамдын иниси Жусуп байке эле. Менин футболго таптакыр кызыгуум болбогондуктан, үйдөн “футболго кеттим” деп чыгып, өзүм күрөшкө барчумун. Атам аны бир жылдан кийин билип калып, Жусуп байкемди “мен муну футболчу кылайын дегем. Өзүңө окшотуп балбан кылып саласың” деп катуу урушкан.
– Адатта, «спортчулардын мүнөзү корс» деп калышат го. Сизди айрым ырчылардан, журналисттерден орой деп уккам. Бул спортко да ыктап калганыңыздын белгисиби?
– Негизи, менин сүйлөгөн манераларым орой, тоолук эркектерге таандык. Бирок, аны дайыма тыйып жүргөнгө аракет кылам. Ошого болбой кээде орой мүнөзүм чыгып кетип жатпайбы.
– Бек байке, жылуу маегиңизге чоң рахмат. Эмгек сиңирген артисти наамыңыз шыктандырып дагы жакшы ырларды жаратуу менен Эл артисти наамына жетиңиз.
– Сиздерге да чоң рахмат, айт­каныңыз келсин.

Маектешкен Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 317, 28-ноябрь - 4-декабрь, 2008-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан