Омар тууралуу кызыктуу фактылар:
– Кандайсың, Омар? Жакында Америкага жол тартканы турганыңдан кабарыбыз бар...
– Ооба. Кудай буюрса, документтердин баарын камдап койдум. Болгону, Америкадагы досумдан “келе бер” деген чакырыкты күтүп жатам. Азыр ГАНСИ маселелери чыгып, бир аз жолду кармап жатат.
– Ал жакка баруудагы максатың эмне?
– Эң башкы максатым – тил үйрөнүү. Алгач ал жерден 6 айлык тил үйрөтүүчү курсту бүтүрүп алсам, анан колледжге тапшырам. Андан кийинки пландарымдын бири – музыкалык тажрыйба топтоо. Ал жактагы кара терилүү жакшы таанышымдын ыр жаздыруучу студиясы бар. Буюрса, ошол адамдан музыка жаатында сабак алам деген ойдомун.
– Сен Америкага кетип калсаң, Орусиядагы чакыруулар кантет?
– Бул туурасында Евгений Орлов менен сүйлөштүм. Ал: “Өзүң үчүн эле жакшы. Барып кел”,- деди. Орусия тарап менен келишим түзүлсө, ал көп убакытты талап кылат да, ошол үчүн алгач окуп, анан биротоло ырчылыкка баш байлайын дедим.
– Ата-энең бул туурасында эмне деп жатышат?
– Алар “сен түбөлүккө кетип жаткандай эле туюлуп жатасың. Бирок биз тоскоол болбойбуз. Эл-жер көр, сен өсүшүң керек” деп жатышат.
– Ал жакта сен ким менен турасың?
– Жанузак деген кичинемден берки досум бар. Ошонун үйүнө баратам. Ал мен үчүн биртууганымдай эле болуп калган. Аны менен Америкага кете электе эле бул жакта чогуу жашагам.
– Дос демекчи, досторуң туурасында кеп кылсаң...
– Кудайга шүгүр, досторум көп. Көбүнчө көңүлүм чөгүп турганда Эрмек Нурбаевдикине эле бара берем. Экөөбүз жолуккан сайын түндө коркунучтуу кинолорду көрүп, кеч уктайбыз.
– Негизи, уйкучу эмессиңби?
– Эми (күлүп) биздин жумуш кечкисин башталат да, ошого байланыштуу эртеси кеч турам.
– Үйдө кандай адамсың?
– Бир аз эркерээк болушум керек. Ишимди аягына чейин толук аткармайын жаным тынбайт. Былтыр жайы менен үй курдук. Азыр ошол жаңы үйүбүздө жашап жатабыз.
– Үйбүлөң туурасында айта кетсең...
– Атам учурда Чүй облусунун экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы. Апам болсо кесиби боюнча биохимик, бирок азыр тигүүчүлүк өнөрү менен жеке ишкер. Биз эки биртууганбыз. Эжем Аида өлкөбүздөгү банктардын биринде бухгалтер болуп иштейт. Ал жакында турмушка чыкканы жатат.
– Жакшы экен. Үйдө бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Үйдө бири – ак, бири – кара эки күчүгүм бар. Анын бирөөсүн ырчы Ома байке Юрмаладагы жеңишим менен куттуктап белекке берген. Бош убактымды ошолор менен өткөрүп, ай сайын укол сайдырып жакшы багып жатам. Негизи, мен күчүктү кичинемден бери эле жакшы көрөм. Мектепте окуп жүргөндө каникул башталары менен эле чоң атамдарга Таласты көздөй жол тартчумун. Чоң атамдын 45 жээни бар эле. Бир жолу ошол жээндеримдин бирөөсүн жетелеп кошунаныкына барсам, ити жаңы тууптур. «Аласыңбы?» десе, «ооба»дедим. «Ордуна эмне бересиң?» десе, жетелеп жүргөн жээнимди таштап, күчүктү үйгө көтөрүп кетиптирмин.
– Айылга абдан жакын окшойсуң. Айыл сен үчүн...
– Оо, айыл мен үчүн аз да болсо өмүрүмдүн кызыгы. Айыл дегенде канатым бардай учуп жөнөйм.
– Ырчылыктан тышкары, дагы ким болуп иштеп көрдүң эле?
– 8-классымда жайында машина жуугуч болуп иштегем. Кичинекей бала деп кээ бир байкелер дайыма атайын мага келип жуудурушчу. Андан кийин официант болоюн деп ойлогонум менен иштей албай койгом. Анан эле ырчы болуп кеттим.
– Ырчылыкты кандайча баштадың?
– Мурдум сынгандан кийин ырдап чыктым деп койбоюнбу. Жакында кайрадан операция жасатайын деп жатам. Антпесем дем алуу кыйындап баратат.
– Мурдуңду эмне болуп сындырып жүрөсүң?
– Мектепте окуп жүргөндө досум экөөбүздү кечинде топтошкон балдар сабап кетишкен. Ошондо мурдум сынып, көзүмдүн көгү кетпей бир ай көз айнек тагынып жүрдүм. Ырчы болгондон кийин да бир кырсык болуп, бутумду сындырып алгам. Ошондо эртең мектеп менен коштошуу кечеси болот деп камданып жаткан элем. Атайын кечеге деп 10 миң сомго костюм сатып алгам. Анда 10 миң сомдук буюм мен үчүн машина сатып алгандай эле болчу да.
– Омар, айтсаң, жакында сүйүү күнү келатат, даярдыктар кандай?
– Айтсам, ишенбейсиңер, бирок мен ушул күнгө чейин бирөөнү сүйүп көрө элекмин. Эми жактыруулар болот дечи. Кээде мен деле бирөөнү сүйүп калсам, балким, хит ырларды жаратат белем деп ойлоп калам. Бирок эс-учумду жоготкондой сүйүп калгым келбейт. Акыл-эсим менен сүйөм деп ишенем. Бирок мен бир жылы сүйүү күнүн Астанадан тосуп, ал күнү сүйүүсүн билдирген 119 кат алгам. Баса, техникумда окуп жүргөндө “Кыздардын жүрөгүн багындырган мырза” деген наамга да ээ болгом. Анда арык, мурдум түз, жакшынакай бала болчумун да. Азыр эле толуп кетпедимби.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg