Биздин бүгүнкү мейман кичинекей кезинен эле ырга-бийге шыктуу, жылдыздуу жүзү бар таланттуу кыз. Учурда ал "Адашпайм", "Баёо сезим" ырлары менен белгилүү. Сөз Бегимай Карабаева жөнүндө болуп жатканын сезсеңиз керек...
– Саламатсыңбы, Бегимай?
– Саламатчылык. Өзүңөр кандайсыңар?
– Жакшы. Бүгүнкү баарлашууну акыркы жаңылыктарың менен баштасаң...
– Мурдагы күнү “Жалгыздык” деген ырыма клип тарттык. Клип азыркы адамдардын жеке турмушундагы орчундуу делген маселелердин бирин чагылдырат. Башкача айтканда, айрымдар карьера, байлык деп жүрүп үйбүлөнү 2-орунга чыгарып жатышпайбы, ошолор үчүн сабак болсун дедик. Клипте бардар жашоодо жашаган бир бай келиндин жашоосу сүрөттөлөт. Бирок ага бала жетишпейт. Бул сюжет болгон окуядан алынды. Мындан сырткары, 1-майдан 10-майга чейин өзүмдүн кичи мекеним Баткенде жеке концертимди берсемби деп жатам. Ошого карата жаңы формаларды тиктирүү, ырларды жаздыруу менен алекмин.
– Шоу-бизнеске аралашканыңа көп эле убакыт болуп калды. Өзүңө кандай таасир ала алдың?
– Шоу-бизнестен жамандык деле көргөн жокмун. Жамандыр-жакшыдыр бир топ күйөрман таптым. Андан да жакшы жагы мурункудай жалкоо болбой эмгектенгенге үйрөндүм.
– Окууларың кандай?
– ОшМУнун юридикалык факультетинде 4-курста окуп жатам. Окуум, жалпысынан, жакшы эле. 2-курска чейин күндүзгү бөлүмдө окудум. Андан кийин сырттан окуу бөлүмүнө которулуп алгам. Буга менин сахнаны дегдеп туруп алышым себеп болду. Башкача айтканда, окууга төлө деп берген апамдын акчасын ыр жаздырууга, аранжировка жасатууга жумшап, кыздарды көрүп улам жаңы телефон сатып ала берчүмүн.
– Окуу акысын төлөбөсөң окуудан айдалып кетесиң да...
– Андай учурларды да башымдан өткөрдүм. Окуудан айдалышыма акча төлөбөй койгондон сырткары, ыр-бийге катышып сабакка барбай койгондорум да себеп болду. Окууга ушундай мамиле жасаганымды апам билип калып: “Сени ырчы кылбайм деген оюмдан жыйынтык чыкпайт окшойт. Мейли эми сырттан окуу бөлүмүнө которулсаң которул. Ырчылыктын да даамын татып көр”,- деп ырдашыма уруксат берген. Апам ага чейин ырчылыкты да, ырдаганды да жаман көрчү. Азыр мени телевизордон көрсө сүйүнүп калат.
– Апаңда ырчылык талант жок болсо, ырдоо жагынан кимди тарткансың?
– Ырдоо жагынан атамды тарткам. Атам аскер кызматкери болгонуна карабай обон жазат. Кичинемден эле ыр-бий дегенде эт-бетимен кетер элем. “Любовь без слов” деген индия киносундагы кызды аябай жакшы көрчүмүн. Ал кыз кинодо жамгырдын алдында суу болуп ырдачу да. Ошол кино менен "ооруп" жүргөнүмдө апам мага сары юбка, анан сары топик сатып берди. Эртеси нөшөрлөгөн жамгырдын алдында ошол сары кийимчен кечке ырдагам. Экинчи күнү да жамгыр алдында кызды туурап жерге томолонуп, асманды карап айланып ырдадым. Үчүнчү күнү да ырдамакмын, бирок дене табым 40 градуска жетип ооруп калдым. Баса, мектептен эле “Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондунун вокал бөлүмүндө сабак алгам. Анан иним Төлөгөн, Айгүл деген кыз үчөөбүз “Трио Айденек” деген топ болуп “Жаш талант” конкурсуна катышчубуз. Иним кичинесинде жакшы ырдаганы менен азыр ырдаганды жаман көрөт. Аябай сурансаң гана ырдап бербесе, таптакыр ырдабай да калган. Ал азыр борбордогу Юридикалык академиянын 3-курсунда окуйт.
– Эки күн катары менен жамгыр алдында ырдаганыңа караганда өжөр окшойсуң...
– Ооба, кичинемден эле өжөрмүн. 9-класста окуп жатканымда кабаттуу үйдөн жер тамга көчүп калдык. Апам, бөлөм үчөөбүз диван алганы дүкөнгө бардык. Апам менен бөлөмө жаккан диван мага таптакыр жакпай койду. Ага болбогон мен өжөрлөнүп жатып өзүм жактырган диванды алдырттым. Арадан эки жума өткөндөн кийин залга кирсем, мен жактырган дивандын ордунда апам менен бөлөм жактырган диван турат. Жиним менен классташ балдарымды ээрчитип келип, диванды алып барып баягы өзүм жактырганга алмаштырып салдым. Ошентип, акыры өзүмдүн каалаган диваныма жеткем.
– Өжөр кыз ашканада кандай кожейке болду экен...
– Мен жасаган манты менен палоону жегендер “укмуш даамдуу жасайт экенсиң” деп мактап калышат. Негизи эле тамакты 9-классымдан бери жасайм. Тамак жасоо боюнча апамдын ашкана курсун аяктагам десем болот. Мен башкаларчылап билбеген тамагымды дептерге жазып алып жасабайм. Бир көргөндө эле ага өзүмдүн фантазиямды кошуп жасап кетем.
– Өзүң кайсы тамакты жакшы көрөсүң?
– Мага даамдуу жасалган бардык тамак жагат. Бирок кайсы жерден болбосун, кайсы тамакты жебейин пиязды алма тиштегендей тиштеп жеп турмайын алымсынбайм.
– Эмнеден улам пиязды жакшы көрүп калдың? Баса, пияз жегенден кийин “көчөгө чыкканда пияз жыттанам” деп уялбайсыңбы?
– Мектепте окуп жүргөнүмдө бутума сыздоок чыккан. Ошондо тааныштардын бири “пияз көп жесең, эртең эле жоголот. Ал гана эмес, аттай болуп эле басып каласың” деген. Ошондо пиязды күйгүзүп бутума басып, андан сырткары жеген да элем. Ошондон тарта пияз менин эң жакшы көргөн тамагыма айланган. Көчөгө чыкканда жыттанарын билсем дагы, жакшы көргөндүктөн жей берем.
– Баса, өткөн сандарыбыздын биринде белгилүү кикбоксчу жигит сага Бишкектен атайын Баткенге барып 700 роза белекке бергенин айткан эле...
– Чындыгында, ал белек мен үчүн күтүүсүз, укмуш белек болду. Мурда "30, 100 даана гүл белекке алдым" дегендерге абдан кызыкчу элем. Мен 700 даана гүл алганымда эмне айтарымды билбей, оюмду жыйнай албай калсам болобу! Ал күйөрманым мен мектепте окуп жүргөндө эле биздин айылга конокко барып мени жактырып калыптыр. Өзү Токмоктон мен Баткенден экениме карабай мени чоңойсун деп күтүп жүрө бериптир. Менин Баткенге кеткенимди билгенден кийин 14-февраль Сүйүү күнүндө Бишкектен атайын 700 роза гүлүн алып барып, колумду сурады. 700 экенине ишенбей дос кыздарым болуп санап да чыктык. 50 даанадан 14 кучак гүлдүн баарынын тикенектери алынып, тыкан оролуптур. Гүлдүн бир азын кошуналарга, дос кыздарыма таратып бердим. Менин ырымды, өзүмдү жактырган мындай күйөрмандарыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирем.
– Роза гүлү – “сүйөм” деген сөздүн синоними деп коюшат. Күйөрманыңдын кыйыткан белегине эмне деп жооп бердиң?
– Чоң рахматымды айтып, жылуу узаттым. Азырынча менин алдыга койгон максаттарымдын чети да оюла элек. Ошондуктан мен үчүн сүйүү али эрте деп ойлойм.
– Болбой эле ала качып кетсе эмне кыласың?
– Аны убакыт көргөзөт. Азыр андай кылмакмын, мындай кылмакмын дей берсек, баары бир иш башка түшкөндө башкача чечилип кетиши мүмкүн. Учурда курбу кызымдын сулуулук салонуна барып, андан маникюр, педикюр жасаганды, чач жасалгалоону үйрөнүп жатам. Кудай буюрса, өрүкзарлуу Баткениме барып, кийим сатуучу чоң соода түйүнүн жана сулуулук салонун ачайын деген тилегим бар.
– Жакшы экен. Ал эми бош убактыңда эмне кыласың?
– Бош убактымда бассейнге барып чөмүлөм. Бирок азыр бассейнге караганда муз үстүндө бийлөөгө көбүрөөк кызыгып жатам.
– Досторуң барбы? Ырчылар арасында кимдер менен жакын мамиледесиң?
– Досторумдун баары эле Баткенде. Ырчылардын улуулары менен ага-эжедей, теңтуштары менен теңтуштардай сый мамиледемин.
– Кызыктуу маегиңе рахмат.
Бегимайдын сыр сандыгынан...
Сүйүн Кулматова
star@super.kg