«БАКЫТ БЕШИМОВДУН ТАЖРЫЙБАСЫН ӨЛКӨ ҮЧҮН ПАЙДАЛАНУУГА ЭМИ ДЕЛЕ КЕЧ ЭМЕС»

Элдин байлыгын каалаганча уурдап, өлкөнү атасынан калган менчиктей пайдаланып кирген жетекчилерди кубалайм деп Кыргызстан башынан эки ирет революцияны өткөрдү. Учурда чет жактарда элдин каарынан жанын калкалай качкан чоңдор эле эмес, учурунда алар менен күрөшүп, алардан куугунтук көрүп мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгондор да жүрөт. Мисалы, социал-демократтардын лидерлеринин бири Бакыт Бешимов. Бул инсан 2009-жылдан бери АКШда. Аны менен ийиндеше чогуу иштеп, бакиевдик бийликтен кандай куугунтук жегенин көргөн ошол кездеги жардамчысы Канат Маматов ал күндөрдү эскерип отурду. «Кыргызстан эмне үчүн Бакыт Бешимов сыяктуу билимге сугарылган, элим-жерим деп күйгөн азамат уулдарын туура пайдалана албайт?» Каарманыбызды ушул суроо түйшөлтүп турган чагы экен.
– Тагдыр экен, 2007-2009-жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ошол кездеги чакырылышынын депутаты Бакыт Бешимов менен ийиндеше иштешүү бактысы мага туш келди. 2007-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоо алдындагы өнөктүгүнөн тарта аны менен чогуу эмгектенип, кыйын кезде жанында жүрдүм.
Жогорку Кеңеште депутат кезинде Бакыт Бешимов ошол кездеги кландык режим менен ачык күрөшүп, парламенттин бийик трибунасынан күндүн абдан көйгөйлүү маселелерин байма-бай көтөрүп жүрдү. Ал бийлик менен айыгышкыс түрдө диалог жүргүздү. Кыргыз парламентиндеги жападан жалгыз оппозициялык фракциянын жетекчиси сыңары бир катар орчундуу кайрылууларды ачык эле жасаганга ыктады.
Мындай аракетин шайлоочулар менен жолугушууларда да жашырбай, өлкөдөгү эң олуттуу маселелерди бетке айтып, ошол учурдагы бийликтин алсыздыгын ашкерелеп жатты. Дал ушундай ишмердүүлүгү үчүн ал тынымсыз куугунтукталып, белгисиз адамдар жана бийликтин өкүлдөрү тарабынан ар кыл өңүттөгү коркутуп-үркүтүүлөргө тушукту.
Бир ирет Ош шаарынан Бишкекти карай депутаттык машинада келатканыбызда Жалал-Абадда МАИнин нөөмөттөгү кызматкерлери бизди токтотуп, машинада Жогорку Кеңештин депутаты бар экендигин көрүп, сапарыбызды улантканга уруксат беришти. Бирок ал жерден анча узай элегибизде ошол эле МАИнин нөөмөттөгү эки машинасы бизди кууп жетип, кайрадан токтотушту. Бул сапар жанагы кызматкерлердин бири өзүн облустук МАИнин башчысымын деп тааныштырып, айдоочуга «ылдамдыкты катуулаттың» деп эскертип, айдоочулук күбөлүгүн тартып алды. Ошол эле убакта биздин жаныбыздан Жогорку Кеңештин башка депутатынын машинасы зуу коюп өтүп кетти. Жол эрежесин сактоону талап кылып жаткан МАИчилер тигил машинага көңүл да бурушкан жок. Бешимовду эптеп жолдо кармаганга буюртма жасалгандыгы түшүнүктүү болчу.
Көп өтпөй Бакыт Бешимовго карата ашууда жол-транспорт кырсыгы даярдалып жаткандыгы туурасында маалымат түштү. Аргасыздан Ош шаарына кайтып, Бишкекке учак менен келүүгө туура келди. «Ылдамдыкты көбөйттүңөр» деген МАИчилер үчүн шылтоо эле болгонун, аныгында биздин чындап эле Бишкекти карай бара жатканыбызды ырасташкан соң керектүү жерлерге кабарлашарын билдик.
2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Бакыт Бешимовго ал кездеги бийлик тарабынан кысым абдан күчөдү. Артынан тынбай аңдып, үйүнө кирип аңтарып-теңтерүүгө дейре батынышты. Мекенин таштап, өлкөдөн токтоосуз түрдө чыгып кетүүдөн башка аргасы калбагандыгын ал киши өзү кийинчерээк айтып берди.
Бийлик муну менен эле тынчыган жок. Ал Кыргызстандан чыгып кеткен соң аны менен ийиндеше иштешкен жарандарды аңдууну күчөттү. Укук коргоо органдарында иштешкен досторум телефондук сүйлөшүүлөрүмдүн көчүрмөлөрүн органдар алышкандыгын айтып, катуу эскертишти. Артыман аңдуулар болду. Айрым досторум мени менен сүйлөшкөндөн кыйла чочулап калышты.
Дал ошол укук коргоо органдарында иштеген досторумдун сөзүнө караганда, аларды ошол кезде УККнын жетекчисинин жардамчысы болуп иштеп жаткан президенттин уулу Марат Бакиев чакыртып, «оппозиция менен кызматташып жатасыңар» деп катуу айыптаптыр.
Күндүзү эле менин батириме белгисиз адамдар кирип, болгондо да эшикти талкалабай, ушунчалык кесипкөйлүк менен кулпуну ачып кирип, компьютеримди жана фотожабдыгымды өздөрү менен кошо ала кетишкен.
Кантсе да Бакыт Бешимов Кыргызстандын жаркын болочогу үчүн күрөшкөн, абдан катуу азап чеккен инсан. 2009-жылы ошол кездеги бийликтин ар кыл кысымына карабастан оппозициядан президенттикке жападан жалгыз талапкер Алмазбек Атамбаевдин штабын жетектеп, күнү-түнү тынбай иштегендигин кантип танабыз?
Президенттик шайлоодон кийин аны түшүнбөгөндөр «Бакыт Бешимов шайлоо маалында талапкерди алып таштады, шайлоого деген акчаны алып кетти» деген арык аттап, суу кечпеген ушак-айыңдарды таратышты. Бул кишинин тартиптүүлүгүн, адамгерчилигин, патриоттуулугун жакындан билген үчүн аны мындай жорук-жосундарга айыптоо чындыкка таптакыр коошпойт деп айтар элем. Биздин Кыргызстанда ушундай көп кырдуу даремети бар, интеллектиси абдан жогору кишилер эсептелүү. Анын эл аралык тажрыйбасын жана потенциалын Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн пайдаланууга азыр деле кеч эмес.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
yrysbek
2014-03-24 18:46:13
Мен Бакыт мырзаны келбей эле коюн демекмин, себеби Биздин чиновниктер акты кара кылып баары булгашат, андан коро ак болуп журо берин, Бизде кадрдык саясат баш оту менен алмашкандан кийин анан келсе эл учун иштейт.
-1
profesor
2014-03-24 22:13:21
биздин мектеп (Жолчубек Бешимов атындагы мектеп ) ушул кишинин атасынын атынан коюлган. азыркы учурда авариялык акыбалда турат эскилиги жеткен. Бакыт Жолчубекович негедир конул бурбайт, бирда жолу жарытылуу жардам кылганын укпагам. жаны мектеп салганга жардам берсениз демекчи элем. мен окуп чонойгон суйуктуу №18 Ж БЕШИМОВ МЕКТЕБИМ урайын деп турат. эгер окуп калса жардам кылар деген умуттомун жаны мектеп салганга.
+1
best-life
2014-03-28 01:16:41
жогоруда бироо туура айтыптыр, келбей эле койсун аны сагынган бийликте эч ким жок. Ушундай эле тажрыйбасы ашып,тогулуп,куюлуп батпай жатса АКШ мн болушо берсин;) Ал келсе эмне кылмак эле Американын саясатын бизге тануулайт да,олкого чан-тополон кылып.Ким кетсе олкодон келбей эле койсун...
+1
Japan
2014-03-28 02:13:43
Акылдуулар абдан кобоюп кетиптир. Журогу кыргыз деп соккон ар бир кыргыз жараны озу каалаган убакта келууго укуктуу. №18 Ж. Бешимов атындагы мектептин бутуруучусу "profesor" эгер чын эле ошол мектебин урайын деп турса, чын эле мектебине куйсон, анда патриоттуулугунду корсотуп жаны мектеп сал. Болбосо колундан келген жакшылыгынды кыл! Жалдырап башкалардан акча сураба, умуткордугубуз жанан жалкоолугубуз бизге жакшылык алып келбейт. Бакыт Бешимов убагында абдан таза иштеген ал кыргыздын чыгаан уулу
+1
№ 594, 21-март-27-март, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан