Жол кырсыктарынан каза болгондор, жабыркагандар көп. Бир нече адамдын өмүрүн алып кеткен мындай кырсыктар акыркы учурларда көп катталды. Бул маселелер тууралуу сөз башталса эле Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев «айып пулду көтөрүү зарыл, оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизбей коюу абзел, унаалардын терезелерин караңгылатууга уруксат бербеш керек» деп кыйкырып чыгат. Исаевдин мындай реакциясы «бул иштерде анын жеке кызыкчылыгы барбы?» деген ойго жетелейт.
АЙЫП ПУЛДУ ЖОГОРУЛАТУУ ЖОЛ КЫРСЫГЫН АЗАЙТКАН ЖОК
Адатта «жол кырсыгы өсүп жатат, себебин тактайлы, маселени чечели» деген кеп козголсо эле МАИ жетекчилиги, ИИМ дагы «айып пулдарды өстүрөлү» деп чыгат. Жол эрежелерин бузуу боюнча айып пул 2008-жылы эселеп жогорулатылган. Жол кырсыктарынын санына келсек, алардын эселеп азайганын көрө албайбыз. 2007-жылы жалпы жол кырсыктарынын саны 4692ни түзүп, анда 1252 киши каза тапкан. 2009-жылы 4248 кырсыктын катталуусу менен 1005 адам кайтыш болгон. Бул көрсөткүч айып пулдардын өскөнүнө карата азайбай, тескерисинче, жыл санап өсүп отуруп, былтыркы жылы 5990 жол кырсыгы катталып, андан 1214 киши бөөдө өлүмгө туш болгон.
Мындай көрсөткүчтөрдөн улам, айып пулду көбөйтүү МАИчилердин баюусуна гана алып келет деген жыйынтык чыгарууга болот. Ошондуктан алгач бул ведомстводогу гүлдөп келген коррупцияны жоюп, андан соң гана айып пулду жогорулатуу керек.
АЙНЕКТЕРДИ КАРАҢГЫЛАТУУ МАИ ҮЧҮН ЧОҢ КАЙГЫБЫ?
Данияр Тербишалиев баш болгон бир нече Жогорку Кеңештин депутаттары «каалагандар 5 миң сом төлөп автоунаасынын айнегин караңгылатып алсын. Элге күндөн коргонууга ыңгайлуу, мамлекеттин казынасына да акча түшөт» деп сунуш киргизген эле. 100 доллар берип автоунаанын терезелерин караңгылатуу боюнча мыйзам долбоорун башка депутаттар да колдошкон. Күтүлгөндөй эле МАИ жетекчилиги мындай мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыккан. Данияр Тербишалиев «Терезелерди караңгылатуу ультрафиолеттүү нурлардан коргонууга мүмкүнчүлүк берет, башкача айтканда, күндөн коргонуу үчүн кара көз айнектерди тагынуу сыяктуу эле көрүнүш. Акы төлөп караңгылатуудан жыл сайын бюджетке 100 миллион сомго жакын каражат түшүшү мүмкүн. Жол көзөмөлдөө кызматынын жетекчилиги терезелерди караңгылатууга каршы болуу менен авторитардык режимдин учурунда түзүлгөн коррупциялык схеманы өздөрүндө сактап калууга аракет кылып жатат» деп окуяга абдан туура жана так мүнөздөмө берген.
Жол көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев «автоунаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат берсек кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук жаратабыз» деп айтканды жакшы көрөт. Бирок орган кызматкерлери бир да жолу «айнеги караңгылатылганы үчүн тааныбай же байкабай калып баланча кылмышкерди кармай албай калдык» деп чыгыша элек. Андай фактыны угуп-көрө элекпиз.
Акы төлөп терезелерди караңгылатуу боюнча мыйзам кабыл алынбаса деле көчөлөрдө терезелери караңгылатылган унаалар жайнап жүрөт. Сыягы, мындай тыюу салуулар коомдун коопсуздугу үчүн эмес, айрым адамдардын тобуна ашыкча ирет акча иштеп табуу үчүн киргизилет өңдүү.
МАИчинин ЖОРУГУ НАРИСТЕНИ ЧЫРКЫРАТЫП ЫЙЛАТТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында интернетке жарыяланган видео коомчулукта дагы бир ирет жол көзөмөлдөө кызматкерлерине карата жек көрүү толкунун жаратты. МАИчи кур тагынбай келе жаткан айдоочуну токтотуптур. Бирок айдоочу курун тагынып эле келе жатканын айтып жатканын видеодон көрүүгө болот. Ал эми Бишкек ШИИБи «кармалган адам жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөгүндөгү жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кеткен» деп билдиргенин интернет басылмалардын бири жазып чыкты. Талашып-тартышуудан соң МАИчи айдоочунун колун кайрып, жерге жыгып, үстүнө отуруп алган. Мунун баарын көрүп турган айдоочунун кичинекей баласы «атамды коё бергиле, мага кайтарып бергиле» деп чырылдап ыйлап жүрөт. Жаш баланы чыркыратып ыйлатканына корстон болбой, машинага отургузуп, ортодогу түшүнбөстүктү маданияттуу жол менен чечүүгө жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлеринин акылы же кесиптик профессионалдуулугу жетишпеген көрүнөт.
Айбек Нурадилов
koom@super.kg