«КАРА ЖОРГО» БИЙЛЕҢИЗ

Учурда «Кара жорго» бийи той-кечелердин көркүн ачууда. Аталган бийдин популярдуулугун мындан билиңиз, борборубуздагы аянтта жана өлкөбүздүн аймактарында атайын флешмоб уюштурулган. Мындан сырткары Саламат Садыкова, Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Жоомарт Жолдошев өңдүү белгилүүлөрдүн катышуусунда этнодискотека болуп өттү. Анда бүгүн биз ушундай өзгөчө бий тууралуу кеп кылабыз.

«КАРА ЖОРГО» – КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДЫН БИЙИ
Коомчулукта кызуу талкууну жаратып жаткан «Кара жорго» бийи – тоолук кыргыздардын канындагы бий, алардын жашоо шартын, курч мүнөзүн чагылдырган бий деп айтып келишет.
Жаралуу тарыхына үңүлсөк, аталган бийди Кытайдагы кыргыздар бийлешчү экен. Ал жакта кыргыздарга караганда казактар көп жашашкан. Кытайлык казактардан казакстандык казактарга өтүп, алар кенен жайылтканга жетишкен дешүүдө.

КУБАНЫЧБЕК ЭСЕНБАЕВ, «Кара жорго» бийин иликтеп жүргөн журналист: «БИЙ – ӨЗҮНЧӨ ГИМНАСТИКА»
– Биз сөз кылып жаткан «Кара жорго» – этнобий. Башка бийлерден айырмасы, мисалы, «Беш ыргайда» атайын жатталган бирдиктүү кыймылдар болсо, ал эми этнобийде адам эркин бийлейт.
Эркин бий да татаал жана жөнөкөй болуп экиге бөлүнөт. Татаал бийлер: жинди бий, кара бий, талма бий. Бул бийлерди миң кишинин бири, манасчылык сыяктуу Кудайдан берилген талантка ээ кишилер транска кирип бийлешет. Татаал бийлер менен психологиялык жактан жабыркаган адамдарды дарылашкан. Ал эми жөнөкөй бий дарылоочу бийге кирет. Ал бий менен адам өзүн-өзү дарылайт. Мисалы, ийин бийи, муун бийи, сынма бийи остеохондроз оорусуна пайдалуу. Жулкунуп бийлегенде денеге кадимкидей массаж жасалат, бул өзүнчө гимнастика.
«Кара жорго» бийи дал ушул жөнөкөй бийлердин катарында. Кыргыздын мамлекеттик маданий машинасы иштебегендиктен, казактар бул бийди алардыкы катары жайылтышты. Керек болсо казактардын ажосу Нурсултан Назарбаев «Кара жоргого» бийлейт экен. Кыргыздар төрө пейил калкпыз, өзүбүзгө таандык мурасты «биздики» деп айта албай жатабыз.

МЭЭРИМ КАРЫПОВА, «Кара жорго» ырын ырдайт:«ЧЫДАБАЙ КЕТКЕНДЕ МЕНИ МЕНЕН БИЙЛЕП КИРИШЕТ»
– «Кара жорго» ырынын казакча вариантын угуп калчумун. Ушул темада режиссёр Ырыс Окенова кенен иликтөө жүргүзүп жатыптыр. Анан «Кара жоргону» ырдап көрүүнү сунуштап калды. Бийдин тарыхын уккандан кийин кызыгып калдым. «Кара жоргого» клип тартып жатканда көп энергиямды алып койду, бирок адам кадимкидей эс алып калат. Кыймылдабаган жерим кыймылдап, көл-шал болуп, айтор, фитнестин деле кереги жок экен. Учурда эл бул ырды абдан жакшы кабыл алып жатат, чыдабай кеткендер мени менен кошулуп бийлеп жиберишет.


ЫРЫС ОКЕНОВА, «Кара жорго» бийин иликтеп жүргөн режиссёр:«БИЗДЕ ДАЛИЛДҮҮ ФАКТЫЛАР БАР»
– 1924-жылы немис окумуштуулары экспедицияга келип кыргыздарды тартып кеткен видео бар. Видео Каркыра жайлоосунда тартылган. Андан башына калпак, колуна комуз кармап «Кара жоргону» бийлеп жаткан кыргыз мырзасын көрүүгө болот. Аталган видеону улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Германиядан көрүп, алып келген. Арабызда «биздики эмес, казактардыкы» дегендер да бар. Азыркы жаштарыбыз «Гангнам стайл», «Лезгинкага» эмес, «Кара жоргого» бийлеши керек, антпесе ата-бабабыз барктап бийлеген бий дагы 10 жылдан кийин казактардыкы болуп калат.

Зарылбек Молдобакиров, Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссура жана хореография кафедрасынын башчысы, доцент:«КАЗАКТАР ПАТЕНТТЕП АЛЫШКАН»
– Бул элдик бийге кирет. Кыргыздын «Кара жоргосу» казактардыкынан башкачараак, казактар ийини менен эле бийлешсе, кыргыздарда бут, кол, моюн, ийин, айтор, денесинин баары кыймылда болот. Бийлегенде тердеп, туздуу заттын баарын чыгарат. Эмне үчүн «Кара жорго»? Анткени кыргыздар той-топурга жорго минип барышчу. Ат үстүндө солкулдап бийлеп келген, ушундан улам бий «Кара жорго» аталып калган. Казактар бизден озуп «Кара жоргону» патенттеп алганга жетишти.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кара жорго" бийи ден соолукка пайдалуу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aibek92
2014-04-14 12:26:04
бул кыргыздардын ырыбы жэ казактардынбы?
+2
Poliglot
2014-04-14 14:30:21
aibek92, негизи бул кыргыздардын бийи. Озубуздо унутулуп калганы окунучтуу. Казактар той-топурда кыргыз бийи "Кара жорга" деп бийлеп келишкен. Эгер кызык болсо же мени менен тартышкысы келген жан болсо китеп булактарынан,архивте сакталган сурот,видеолор менен далилдеп бере алам.
+1
aibek92
2014-04-14 17:33:40
Poliglot, рахмат чоон!
0
momuntay
2014-04-14 12:26:54
Абдан кызыктуу нерселерди айтышыптыр. Мыкты бий кара жорго менин кыздарым ушундай бийлешет кара жоргого. Мен да кошулуп бийлеп кетем. Абдан пайдалуу озунчоле гимнастика экени чын. Бий кыргыздардыкы
0
ere
2014-04-14 13:24:47
мага жагат ыры да бийида эн негизгиси
0
Pantherka
2014-04-14 14:44:23
Ой биздин эле бий не переживайте, казактарга доказали октон, унчукпай туруп беришти го ))))
0
aia-s
2014-04-16 20:30:54
Pantherka, биздики албетте бирок качан казактар алып чыкканда биздики дей калабыз буга чейин эмнеге эч ким ушул бийди бийлеп же айтып калышкан жок казактарды эле карап турабыз да анан биздики деп чыга калабыз
+1
tokitok
2014-04-14 21:36:09
не в коем случае бул бийди илгертеден бери эле казактар бийлеп келишсе кечээ жакында казакча ырды которуп бийлеп алып кайдан кыргыздыкы болмок эле чала бала угуп алып талаша бересинер мынтип адаштырып атканынар казак мн кыргыздын салт санаа кийими тили окшош болгондуктан го
-2
atiram
2014-04-16 00:36:26
tokitok, Бул бийдин тарыхын айтып кетишпедиби жогоруда. Бул кыргыздардын бийи болгон -деп. Ошол чын. Казактар кечээ эле бийлеп алышты.
+1
admin_media
2014-04-15 15:33:04
novayariga,
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн банга!
0
Begim8678
2014-04-16 10:19:22
Кыргыз деле, казак деле бийлей берсин. Бирок, бул бий биздики жана бизден эч ким талаша албайт. Ал учун акырындан арабабызды калдыратып, б.а. бийлеп журо беришибиз керек.
+1
gulperi.kg
2014-04-16 14:51:35
Кубанычбек Эсенбаев деген байкебиз муруун биздин маалда "Сыр сандык"телеберуусун алып барчуу эле го .Азыр деле иштейби?неге корунбой кетти экен?
+1
kaltunlu
2014-04-17 23:16:56
dostor menın taeme atyatamdar kıtaylık kırgızdar 1988 jılı ata enem kıtaydın kara kuljasına barganda 16-17 jashtagı kıtaylık kırgız kızdarı jana jash baldarı kız uzatuuda bıylep berıptır oshondo abdan sonun bıyleshet eken al jaktın kırgızdarı dep tan kalıp eklsıhken anda bız dagı ele soyuz uchurunda elek oruscha suylop ... bul bıy kırgızdın bıyı
0
kaltunlu
2014-04-17 23:18:09
tayene tayata
0
antiwithin14
2014-04-18 00:23:33
Кара Жорго бийисиз азыр тойлор отпой калды го. 2жашар бобокторубуздон жогору бийлешет. Аябай сонун.
0
Kasymbekova
2014-04-19 19:53:04
Abdan sonun biy, kancha biylesen da charchabaisyn, kaira ele biylegin kelet. ))
0
№ 597, 11-апрель-17-апрель, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан