Кыргыз эстрадасына аралашып, ордун таап кетүү өтө мүшкүл иш. Көпчүлүктүн көлөкөсүндө калып калбаш үчүн айрымдар продюсер жалдашат, айрымдар болсо өздөрү эмгек кылышат. Съездбек Искеналиев өзү аракет кылгандардын катарына кирет. Бул мырзанын сахнага кадам таштаганы өзгөчө болгон. Жаагына чейин түшкөн узун чачтары, териден тигилген кийимдери... Бүгүн биз Съездбек деген ысымдын сахнага кантип келип, кантип атактуулукту багындырганын баяндайбыз.
«АПАМ ӨТҮККӨ БЕРГЕН АКЧАГА ЫР ЖАЗДЫРГАМ»
-Мен бала кезден ыр-бийге жакын өсүп, «чоңойгондо популярдуу ырчы болом» дечүмүн. Мектепте кароо-сынактардан калбай, 7-классымда «Максат» деген ансамблде солист болуп ырдадым. 9-классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыл кыяк факультетине тапшыргам. Бирок кесибиме көп көңүлдөнбөй, жакшы окуган жокмун. Алгачкы «Өмүр» деген ырымды байкем демөөрчүлүк кылып жаздыргам. Ал ырым көпкө күттүрүп, акыры радиолордон жаңыра баштады.
Бир ыр жаздырып алгандан кийин аны улантыш керек болду. Студентмин, акчам өзүмө араң жетчү. Бир жолу апам «кышкыга бут кийим ал» деп акча берди. Аны алдым да, «Эсимде» деген ырымды жаздырып салдым. Көп өтпөй апам менен чогуу базарга барып калдык. Ал күнү кар бурганактап жаап турган. Менин өтүгүм жыртык, аябай үшүп, чыдабай кеттим. Апама «үшүп кеттим» десем, «акча бербедим беле, аны эмне кылдың?» деп жатпайбы. «Ыр жаздырдым» деп ачыгын айтууга туура келди. Апам байкуш мага боору ооруп, кайра баштан-аяк кийим сатып берген.
Кийин кафеде ырчы болуп жүрдүм. Бир күнү үйгө келсем эки байкем, апам үй-бүлөлүк кеңеш кылып отурушуптур. «Пайдасы жок кесипти эмне кыласың?» деп мени аябай урушушту. Мен болсо көгөрүп, «эмне кылсаңар ошол кылгыла, мен баары бир ырчы болом» деп туруп алдым. Аларды коркутуп башка бөлмөгө чыгып алып өңгүрөп ыйлайм да, ортодо эмнени сүйлөшүп жатышат болду экен деп акырын тыңшап коём. Эртеси байкем келди да, «аппарат канча турат?» деди. Мынча деп баасын айтсам, акчаны санап колума карматып койду. Апам болсо 10 кой берип, ошондо аппаратура сатып алгам.
Менин кыргыз эстрадасына алынышыма аранжировкачы Жолдош Апасовдун салымы чоң. Ал аранжировка жасаган «Эсимде», «Селки» деген ырлар мени популярдуу кылды. Мага суроо-талап күч болуп турган чакта, 2005-жылы күзүндө жеке концертимди бердик. Ошондо кишинин келгенин сураба. Кийимимди да өзгөчө кылалы деп, 20 суурдун терисин таап костюм тиктиргем. Тери кургабай калган экен, ал сасып, ырдап бүткөнчө жүрөгүм айланып араң чыдагам. Концерттен кийин барганда батирибиздеги ваннанын ичи гүлгө толуп калган.
«ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТКӨН МУРАТ»
-Бир кездерде Неля менен кафеде ырчы болуп иштеп жүргөм. Күндөрдүн биринде кафебизге Тынчтык (ред. Тынчтыкбек Кожобеков) менен Эрнест байке (ред. Эрнест Абдыжапаров) келип, көпкө мени акмалап карап отурушту. Эмне эле карап жатат деп коём. Көрсө, мени «Боз салкын» тасмасындагы Мураттын ролуна карап жатышкан экен. Кийинки күнү Эрнест байкенин чакыруусу менен «Кыргызфильмге» барып, кастингден өтүп кеттим. Мураттын ролу менин жашоомду өзгөртүп, атактуулугумду арттырды.
Тасмадан кийин үйлөнүп, күйөрмандарым азая түшкөнүн да сезбептирмин. Ал бир себеп болуп, кошумча өлкөбүздө митингдер башталып, Ош, Жалал-Абаддагы концертиме саналуу гана көрүүчү келди. Бишкектеги концертте митингдер бүтүп, «маньяк чыгыптыр» деген кеп тарап эл дүрбөлөң түшүп жаткан. Ошонун айынан борбордогу концертиме да киши келбей, банкрот болдук. Мындай ийгиликсиз концертимден кийин көңүлүм сынып, «ырчылыкты таштайм» деп чыктым. Ошондо Кылыч байке (ред. Кылычбек Султанов, «Супер-Инфо» гезитинин негиздөөчүсү) өзүнө чакырып, «Бул эмне кылганың? Бир концерт болбой калса эле токтотуп коёсуңбу? Кааласаң мен жардам берейин» деп маанайымды көтөрүп койду. Андан кийин Рысбек Жабиров да «сен ырчылыкты таштабашың керек, мен концерт уюштуруп берем» деп калды. Мага ошол сөздөр чоң күч-дем болду. «Эр эмгегин жер жебейт» демекчи, декабрдан баштап кайра кече, тойлорго чакыруулар көп болуп, бардык карыздарымдан кутулдум. Көрсө, мага ошондо чоң сыноо болгон экен.
Ырчылыкты жолго койгон соң «Аманат», «Карт бойдок», «5000 сом» тасмаларына продюсерлик кылдым. Жакында гана мени «Продюсерлер уюмунун» жетекчиси кылып дайындашты. Мындай сыйга бир чети сыймыктанып, бир чети жоопкерчиликтен чочулап турам.
Кыргыз эстрадасына аралашкан 15 жыл ичинде мени көрө албагандар, бут тоскондор, акчама карап дос болгондор, атактуулугумду пайдалангысы келгендер көп болуптур. Мен аларга теңелбей, саламым түз болуп, жеңип келем. Азыр эстеп көрсөм, популярдуу болуп турган чакта үйлөнүп алып күйөрманды жоготом деп деле ойлогон эмес экем. Ошол кезде күйөрман жоготуу деген түшүнүк боло электе үйлөнүп алганым жакшы болуптур.
Кубанычбек Балбаев, агасы:«СЪЕЗДБЕКТИ АРТИСТ БОЛОТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСПИЗ»-Биздин атабыз эрте каза болгондуктан, апабыздын сөзүнөн чыкпай, катуу сыйлачубуз. Апамдын сөзү биз үчүн мыйзам эле. Баарыбыздан да апам Съездбекке аябай ишенчү. Иним кафеде иштеп жүргөн кез эле. Бир күнү үйүнө барсам отурат. «Ырдайм деп киришкен соң ырдабайсыңбы» десем, «Ямаханы» ижарага алган элек, ээсине бердик» дейт. Ушул кезге чейин «Ямаханы» ижарага алып жүргөнүн билген эмес экенмин. Ошондо апам мал, мен акча берип аппарат сатып бергенбиз.
Чынында, Съезддин ырчы болушуна көп эле каршы болдук. Аны артист болот деп такыр ойлогон эмеспиз. Өнөр дегенди токтотуп болбойт экен. Каршы болсок да, бизди укчудай эмес. Максатына жетмейинче жаны тынбаган өжөрлүгү бар. Ошентип жүрүп биринчи жолу Нарында тушоо кесүү концертин бергенде ушундай сүйүндүк. Бир туугандар баарыбыз күбө болдук. Апам ыраматылык мага «сен улуусуң, сен баарына жооп бересиң. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымактуу болгула» деп айтчу. Инимдин ар бир ийгилигине апам сыймыктанып, толкунданып турчу.
Жаркынай Искеналиева, жубайы:«ЖИНИ КЕЛСЕ ӨЗҮНЧӨ СҮЙЛӨНӨ БЕРЕТ»
-Съезд менен 2005-жылы жайында таанышкам. Бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан баш кошконбуз. Жолдошум ак көңүл, маанайы жок болсо өзү менен өзү бушайман болуп сүйлөнүп жүрө берет. Өжөрлүгү бар, кылам деген нерсесин сөзсүз аткарат. Популярдуу болуп турган чакта айрымдар мурдун өйдө көтөрүп калышат го, Съезд андай кылган жок. «Мен дайыма артымды ойлошум керек» деп бир калыпта жүрдү. Анын дарегине ар кандай сындар айтылды. Кандай жаман сын же негатив кеп болбосун, биз чындыкты билебиз. Ошондуктан андай нерселерге көңүл бурбайбыз. Съезддин жөнөкөйлүгүнөнбү, аны баары жакшы көрүшөт.
Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:«МУРАТТЫ САБАЙБЫЗ ДЕГЕНДЕР БОЛУПТУР»-«Боз салкын» тасмасындагы Мураттын ролуна мурун бир жигитти тандаган элек. Тартарда актёрубуз толуп кеткендиктен, башка жигитке алмаштырууга мажбур болдук. 2006-жылы мен радиого, Тынчтыкбек Кожобековго баргам. Мураттын образына кастинг жүрүп жатат деп радиодон жарыялаган элем. Берүү бүткөн соң Тынчтык Съездбектин клибин көрсөтүп, сунуштап калды. Видеопробага келгенде тапшырманы жакшы аткарып бергенинен башканы издебей, дароо эле ага токтолдук.
Анан бир кызык жагдайды айта кетейин. Мурат ат чапканды жана машина айдаганды жакшы билиш керек эле. Съездден сурасам «айдаганды билем, ат чабам» деди. Киного тартылганга келгенде экөөнү тең билбейт экен. Көрсө, киного тартылгысы келип мени алдап коюптур. Тасмага тартып жаткан кезде Съездбектин популярдуу экенин билчү эмесмин. Тасмада терс каармандын образын жаратат эмеспи. Образын жакшы аткаргандыктан болсо керек, кийин тойлордо ырдап жатса ичип алгандар сабайбыз деп да чыгышкан экен. Демек, ролунун таасири күчтүү болуптур.
Тынчтыкбек Кожобеков, досу:«СЪЕЗДДИ «ЖҮРӨККӨ ЖҮРӨК» ДЕП АТАП АЛЫШКАН»-2000-жылдары мен радиодо иштечүмүн. Ал кезде бизде музыкалык базада ырлар өтө эле аз болчу. Көбүнесе кассетадан тараган ырлар эле. Мухтар Атаналиев, Кубик Калыков, Динара Акулова, Расул Маматкулов, «Кыз-Бурак» тобу популярдуу болчу. Баарынын ырдоо манерасы бирдей эле. Алардын арасында Съезддики башкача стилде жазылып, сөздөрү да татаал болчу. Мага стили дагы, ырдаганы дагы жаккан. Эфирде отурсак ал өзү чалып, бизге ыраазычылык билдирип калды. Дароо эле тил табышып кеттик. Кийин жолугушуп, Съезддин чыгармачылыгына кызыгып кеттим.
Анын ырдоо диапазону бийик болбогону менен, абдан терең диапазондуу обондорду жаратат. Достошуп калып, 11 жигит «Оймо» деген уюмду түздүк. Баарыбыз биригип колдоо катары Съезддин чыгармачылыгын алып, биринчилерден болуп «Эсимде» деген клибинин бет ачарын жасадык. Концертти да өзгөчө кылалы деп бир нече шарды өзүбүз үйлөп, отургучтарга байлап, атайын «Селки» деген баштыктарды жасадык. Чынында ал учурда Съездге чейинки ырчылардын концерти «атылып» кетчү. Мындайча айтканда, эл бирдей концерттерден тажап, кирбей калышкан. Эсимде, ошондо афишаларга «жаш ырчылардын доору келди» деп жазганбыз. «Селки» деген ырын эл жакшы кабыл алып, жадакалса Съездди «Жүрөккө жүрөк» деп атап алышкан.
Жолдошбек Апасов, аранжировкачы:«ЭСИМДЕНИН» ХИТ БОЛОРУН БИЛГЕН ЭМЕСПИЗ»-Мурун Казакстандын Түндүк Казакстан облусунда Сабит Муканов атындагы музыкалык драма театрында үн режиссёру болуп иштечүмүн. Анан жаңы гана Бишкекке келип, чакан студия ачкам. 2005-жылы болуш керек, Съезд мага келип «Менин чыгармачылыкта жүргөнүмө 5 жыл болду, дагы деле катардагы ырчы болуп келе жатам. Канча ыр жаздым, бири да элге жетпей койду. Сиз тууралуу угуп келдим. Мага жаңы идея менен бир нерсе жаратып берерсиз» деп калды. «Эсимде» деген ырын угуп көрсөм, ыргактары жакшы экен. Анда бул ыр хит болот деп деле ойлогон жокмун, өзүбүздүн кызыкчылык үчүн эле жаздык.
2005-жылы өлкөбүздө революция болбодубу. Аны менен катар ырлардын аранжировкасында да революция болду демекмин. Атабеков, Иманбековдор менен бирге Съездбектин «Эсимде» деген ыры жаңычылдык киргизди. Ыр бат эле эл оозуна алынып, биз жакшы жараткан экенбиз деп сүйүнүп калдык. Съездбек азыр деле «Сизден кийин канча ыр жаздырдым. Тойлорго барганда «балам, баягы «Жүрөккө жүрөк» менен «Эсимдени» эле ырдап койчу» деп айтышат» деп калат. Чынында, анын атагын чыгарган ушул ырлар болду. Азыр ал кино тармагына өтүп кетпедиби. Акыркы үч киносуна саундтректи да мен жазып бердим.
Замирбек Илипов, сүрөтчү:«АЛГАЧ КАРЫШКЫРДЫН ТЕРИСИН КИЙМЕК»-Съездди сахнага чыгарарда элге дүң болгудай кылып кантип чыгарсак экен деп аябай ойлондук. Биринчи анын келбетин карап көрдүк. Чынында, ал өтө деле «красавчик» эмес да. Ага харизма керек болду. Интернеттен чет өлкөлүк ырчылардын кийимдерин карадык. Изденип отуруп акыры карышкырдын териси менен чыгармай болгонбуз. Байкап көрсөк, карышкырдын териси өтө эле барпайган, жүндүү экен. Болбойт деп суурга токтолдук. Жалпысынан бир формасына 20 суурдун териси сарпталып, аны Съездбектин тери менен бизнес кылган Кубаныч байкеси таап берген. Калган эскизин мен түзүп, эки жума устаканамда ачытып, карындашым колго тигип чыкты. Ал форма биринчи концерти болуп жаткан учурда жаңы бүтүп, сахнага чыкканда араң жеткирип барганбыз. Жыйынтык биз күткөндөй болду. Кийинчерээк эл «Съездбек» десе тааныбай, «тери кийген ырчы» десе дароо таанып калышты.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg