Бегимай Турарбекова:«ОЙСОКТОП АЙДООЧУЛАРГА ТИЙИШЕ БЕРЕМ»

«Большие люди» теледолбоорундагы Бема, Айка деген сулууларды көпчүлүк таанып калышпады беле. Аты аталган кыздардын дайыны чыкпай калган соң алардын да ордун баскандар табылган. «Жаңы кыргыздар» долбоорунда МАИчи кыз Жиканын ролун жараткан, ага чейин «Тамашоудо» «Бир туугандар» командасында ойногон, «До+Фа» тасмасында да көрөрмандардын көңүлүн бурган тамашөкөй кыз Бегимай менен жакындан тааныштырабыз.

Аты-жөнү – Бегимай Турарбекова
Туулган жылы, айы – 1990-жыл, 18-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Канча бир тууган – 3 бир туугандын улуусу
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү

– Бегимай, чыгармачылыктагы карьераң кайда, кантип башталды?
– Чыгармачылыктын пайдубалын мектептен эле куйгам десем болчудай. Борбордо 4-класска чейин окуп, анан Ысык-Ата районунун Чолпон айылына көчүп кеттик. Ыр-бийге жакын өстүм. Спектаклдерде аяз кыз, жез кемпир сыяктуу каармандарды ойночумун. Окууну аяктагандан кийин Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетине тапшырдым. Мына ошондон баштап менин карьерам башталды. Бош убактымды ораторлук искусстводон, вокалдан сабак алууга жумшадым. 1-курстан эле «Relax» деген команда түзүп, факультеттер аралык КВНге катыша баштадык. Ошол эле жылы БГУдагы командалар ичинде 1-орунду алдык. Калыстар тобунда Нурлан Мамакеев, Элдияр Кененсаров сыяктуу элге таанымал адамдар отурушчу. Ушул адамдар талантымды байкап, анан мени ар кандай долбоорлорго чакыра башташты. Элдияр байке «Большие люди» долбооруна чакырды. Айка, Бема менен чогуу ойнодум.

– «Тамашоудо» да ойноп жүрдүң беле?
– «Relax» командасы жалаң кыздардан түзүлгөн. Кыздар кеңешип «Тамашоуго» катышмай болдук. Мен деле жыргатып кыргызча сүйлөбөйм, жанымдагылар менден жаман кыйналышчу. Калыстар тобу биз чыккандан кийин «аракетиңер жакшы» деп гана өтүп кетишчү. Спорт Ордосунда 1-2 жолу ойногон соң тарап кеттик. Андан кийин «Бир туугандар» командасы менен чыгып калдым. Бул команда айылдык кеңештин депутаттарынан, үй-бүлөлүү адамдардан түзүлгөн эле. «Тамашоудо» биринчи оюн көрсөткөндө мен МАИчи кыздын образын жараткам. Ошондо эле калыстар тобу мага «мыкты оюнчу» деген диплом ыйгарышты. Долбоордун фонариктери болгон Азамат Исмаилов сыяктуулар ошондон тарта мени атаандаш катары карап жатышкандай туюлду.

– «Кыргызчадан жакшы эмесмин» деп жатпайсыңбы, андай болсо кыргызча долбоордон мыкты деген наамды кантип алдың?
– Мен ойноп жатканда кыргызчадан көп кыйналбайм. Эң негизгиси тамашадагы юморду түшүнүп алышым керек. Кайсы жерин кандай аткарсам күлкү жаратам, ошону сезе алам. Дайыма сценарийден чыгып ойнойм, аны менен чектелсем «кайсы жери кандай эле» деп ойлонуп бузуп алам. Юморго жараша көзүмдү кысып, ар түрдүү кыймыл-аракетти кошо берем. Мени «Тамашоудон» калыстар тобунда отурган Эрнест Абдыжапаров байкап калып «До+Фа» фильмине чакырган. Доорон ачка болуп жыгылып калганда «каза болду» деп жатаканага жайган кыздын образын жаратуу мен үчүн бир топ кыйын болду. Камеранын алдында иштеп көнгөнүм менен киного тартылуу бир кыйла татаал экен. Бир нече дубль менен араң эптегем.

– Качан турмушка чыктың эле?
– Турмушка 4-курстун аягында чыктым. Артымдан чуркап жүргөн жигиттин туулган күнү болуп кафеге барып калдык. Ошондо Гүлнур Сатылганованын ырларынан ырдагам, аны мага сөз айтып жүргөн жигит телефонуна тартып алып, видеону досуна көрсөтүптүр. Ал ырдаганымды жактырып, телефон номеримди алат. 1-2 айдай телефондон сүйлөшүп, СМС жазышып жүрүп жолугууга өттүк. Жарым жылдан кийин үйлөндүк. Азыр «мени досуңдан тартып алгансың» деп тамашалап калам. Жолдошум – Максатбек Өзгөндөн болот, укук коргоо тармагында иштейт. Турмушка чыккандан кийин киного тартылдым, «Жаңы кыргыздарда» МАИчи кыздын ролун ойнодум. МАИчи кыздар токтоо, ишин так аткарган адамдар келишет эмеспи. А мен, тескерисинче, ойсоктогон, дайыма боёнгон, чоюлган кызматкермин. Айдоочуларга тийишип эле басып жүрөм. Ай-күнүмө жакындап калгандыктан азыр бул иштерден четтедим. Жолдошум чыгармачыл чөйрөдөн болбогону менен мени туура түшүнөт, съёмка болсо өзү жеткирип коёт.

– Кайын-журт бар дегендей, алар сенин кош бойлуу экениңе карабай роль жаратканыңа кандай карашты?
– Алар мени менен сыймыктанышат. Чектен ашкан роль болсо албетте баш тартам, биздин менталитетке да туура келбейт эмеспи. Бирок жигиттин сүйлөшкөн кызынын ролун ойной берем.

– Рахмат маегиңе, аман-эсен көз жарып ал!

«Бир туугандар» командасындагы жигиттердин арасындагы жалгыз кыз болчумун».

«До+Фа» – менин кинодогу алгачкы кадамым».

«Жаңы кыргыздар» долбоорундагы МАИчи кыздар Салта менен Жика.

«Жолдошум – менин колдоочум, коргоочум».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Тамашоудо" атаандашым көп болчу" дейт Бегимай Турарбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Kara_kyrgyz
2014-04-28 09:03:15
ураааа !!!! биринчи жаздым....
+1
mixi_94
2014-05-03 19:41:02
Kara_kyrgyz,
Күйгүзөзго адамды
0
Aisuluu7
2014-04-28 10:04:00
Биринчи болгонго ашыккандар коп окшойт ай....
0
abaychik
2014-04-29 00:10:58
Aisuluu7, Айрыкча кара кыргыз кечке эле ураалайт го, менин балам да кечке мен бийинчии дей берет, кокус андан мурун тамагыны ичип бутсон да ыйлайт мен бийинчи болмокмун деп)))
0
Ema_nookat
2014-04-28 10:50:30
Мен биринчи болот окшойм деп суйунуп алыптырмын... Ийгилик сага карындаш!
0
Cholpontai
2014-04-28 11:12:27
Жолдошу красавчикго
+1
Jansu-94
2014-04-28 12:39:57
Жолдошу тушунукту экен,бактылуу болушсун...
+2
aikol87
2014-04-28 13:18:16
Аман эсен коз жарып ал.Жолдошу тушунуктуу экен. Бактылуу тугойлордон болгула.
+3
myshka406
2014-04-28 15:56:21
жолдошу аябай жакшынакай экен, бактылуу болушсун!!
+1
princessa0712
2014-04-28 22:21:47
Супер инфо сураныч Мирбек Атабеков жонундо да жазгылачы,уйлондуго жакында аялын кылып сураныч супер инфо
0
admin_portal
2014-04-29 10:35:49
princessa0712, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
kama_future_millioner
2014-04-29 09:30:31
Мага жене болот экенсин да анда
0
Abdyrawit
2014-04-29 16:55:17
Уйлондук болобу же баш коштук болобу?
Тамаша.
Таланты бар сулуу кыз.азаматсын дагыда коп ийгиликтерге жет.уй булолук бакыт каалайм силерге!
Эч нерсе эмес озгондуктор кыргызчаны бат эле урготуп коюушат.....
0
aida2013
2014-04-30 14:21:43
жакшы кыз экен Аман эсен коз жарып ал! бактылуу бол ар дайым жашоонун таттуу кундорунун кучагында журо бер!эн негизгиси жолдошуна рахмат сени тушунгонуно!
0
Topcubai
2014-04-30 18:47:54
мен акыры окшойм бактылуу бол
+1
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан