Айжан Акылбекова:«БАЛДАРЫМДЫ САЯСАТКА АРАЛАШТЫРГЫМ КЕЛБЕЙТ»

Элибиздин сыймыктуу уулу, «Замандаш» партиясынын түптөөчүсү, маркум Мухтар Өмүракуновдун жубайы, актриса Айжан Акылбекова учурда хиджаб кийимдер коллекциясын чыгарып, 3 уулун тарбиялап, өзүн теледен сынап келет. Бүгүн биз ажарлуу актриса менен үй-бүлө, балдарга тарбия берүүдөгү өзгөчөлүк жана чыгармачылык тууралуу баарлаштык.

– Cаламатсызбы, Айжан,   учурда кандай иштер менен алек болуп жатасыз?
– Кандайсыздар, быйыл  кышы менен жеке иштеримден  колум бошобой, коомдук иштер менен алектенгенге такыр убакыт болгон жок. Учурда тележурналистмин, ушул тапта коомдо чоң орду бар долбоорду даярдап жатабыз. Жайы менен иштеп чыксак, буюрса, күз айларында даяр болуп калат. Мындан тышкары хиджаб кийимдер коллекциясын чыгарып келем. Ар бир мусулман адам колунан келген жакшы нерселерди кылуусу керек. Апаларга, эжелериме, сиңдилериме коомдо өзүн татыктуу алып жүрчү кийимди тандоого жардам берүү колумдан келет экен, ошону аткарып жатам.

– Азыр жаш кыздар байларга экинчи, үчүнчү жубай болуп турмушка чыккандарын көрүп эле жүрөбүз, ушундай түгөйлөрдүн ортосунда сүйүү болушу мүмкүнбү же жөн эле бай жашоонун далалатыбы?
– Чындыкка тике карай турган болсок, тээ атам замандан бери кыргыздын бай-манаптары «байбиче», «токол» дешип, бир нечеден аял алып келишкен. Андыктан сиз айтып жаткан маселе кыргыз элине жат көрүнүш эмес. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, бирөөгө кеңеш берүүдөн алысмын. Анткени бул нерсени ар ким өз дүйнө таанымына, илим-билиминин деңгээлине жараша кабылдайт. Менимче, сезим болбогон жерде үй-бүлө көпкө кармалбайт. Эгер кыз байлыкка чөмүлгөндөй жашоону максат кылса, анда ал максатына жетет, анткени баарын камсыз кылып, жаш кызды өзүнүн кызыкчылыгы үчүн үйдө отургузуп койгон эркектер толтура. Андай эркектер аялын элге алып чыкпайт, шарият талап кылгандай «аялым» деп ачык көргөзбөйт. Бирөөнүн экинчи же үчүнчү аялы болосуңбу, эң башкысы эл сени ошол адамдын аялы катары таануусу керек.

– Жеке жашооңуз тууралуу сурасак. Кайын журтуңуз менен мамилеңиз кандай?
– Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан, жээн-бөлөлөрүм менен бир туугандай болуп катышам. Башка түшкөн чоң кайгы адамдарды жакындатып же алыстатып коёт экен. Мухтарга турмушка чыккандан кийин мен үч агалуу болгом. Алар Мухтардын ага-инилери. Мурун бир иш жасасам Мухтарды ойлочумун, азыр Мухтардын бир туугандарын ойлоп калдым, «Эмил байкем, кайнилерим кандай кабыл алат» деп. Мен аларга толугу менен ишенем.

– Жаш туруп башыңыздан көп кайгы өткөрдүңүз, жолдошуңуздун көз жумганына 3 жыл болду, көөдөнүңүздөгү күйүт басаңдадыбы?
– Башыма келген ар бир сыноону Алланын ырайымы деп түшүнөм. Албетте, сыртыңдан билдирбегенге аракет кыласың, бирок бул нерсе мени менен өмүр бою жүрө турган оору. Өтүп кетпейт, унутулуп калбайт, бул ушундай бир азап. Муну менимче баласын жоготкон энелер гана түшүнөт. Жашоо бардай, ошол эле убакта жоктой.

– Артыңызда жашооңузга үмүт берген балдарыңыз турат эмеспи?
– Ооба, азыр балдарым үчүн жашагым келет. Бирок Мухтардын көзү өткөндөн кийин күнүмдү санап жашайм. Себеби ошол окуядан кийин гана өлүм менин башыма да келерине ынандым. 

– Уулдарыңыздын ичинде атасынын жолун жолдоп, саясатка ыктачулар барбы?
– Билесизби, мен балдарымды башка нукта, саясаттан алысыраак тарбиялаганга аракет кылам. Билбейм, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болушу мүмкүн. Бирок Мухтардын көзү тирүү кезинде көп татаал кырдаалдарга туш болгонбуз. Саясат эмне экенин өзүмдүн жон терим менен сезгем. Бийликтеги адам дегеле адамга жакпайт, андыктан балдарымдын чөйрөсүнүн чектелишин каалабайм. Бул нерсе мага абдан оор, анткени Мухтардын жасай албай калган иштери үчүн ичим ачышат.

– Балдарыңыз кимге окшош?
– Кичүү уулум Адам адамдар менен бат тил табышат, анан ким эмне сураса бере коюп, кайра колунда эч нерсеси жок келип калат. Жеп жаткан нерсесин да жарымын тиштеп, жарымын сураган адамга берет. Ошол жагы атасын тарткан. Ал эми экинчи уулум Атахан мага окшош, жалгыздыкты жакшы көрөт. Өзү каалаганда гана байланышка чыгат. Бир таарынса беш-алты күн үн катпай жүрөт. Улуу балам Бакай Мухтар экөөбүздү тең тарткан, дипломатиялык байланыш түзгөндү мыкты билет. Менден бирдеме сурагысы келсе кагазга жазып туруп, бөлмөмө коюп коёт. Мухтар өзү кичүүбүз Адамды өзгөчө жакшы көрчү. «Бул баламды өзүм төрөгөм» деп да тамашалап калчу. Эртең менен жумушка бара жатканда өзү тамак берип, Адам атасынын бутун кучактап, «кетпе» деп  ыйлаган боюнча калар эле.

– Сиз азыр жашсыз, жылдар өтөт, «убакыт баарын дарылайт» дегендей, келечекте жаңы турмуш курушуңуз мүмкүнбү?
– Бул мен үчүн жабык тема. Жараат айыкпайт, ал жөн гана өтүшүп кеткен дартка айланат, орду толбойт. Мурункудай курч болбосо да басаңдашы мүмкүн, бирок жүрөгүңдө дайыма ал адам жашайт.

– Өткөн күндөрдөн өзүңүзгө кандай сабак алдыңыз?
– Эл көзүндөгү адам болгондон кийин сөзсүз ызаланууга, акыйкатсыздыкка туш болосуң. Жеке жашоомдо болуп өткөн окуялар мени абдан чыңалтты, бышырды. Азыр мени сөз менен кемсинтип, ыйлатуу дээрлик мүмкүн эмес. «Эгерде» деген шайтандын сөзү бар эмеспи. Анын сыңары, эгерде мен Мухтар Кубага кетип жатканда аны акыркы жолу көрүп жатканымды билгенимде, көп нерсени айтып алмакмын. Азыр мага бул шаарда жашоо өтө оор, себеби анын ар бир бурчу Мухтарды эстетет. Мүмкүнчүлүк болсо чет өлкөдөгү мусулман мамлекеттеринин биринде жашагым келет.

– Мухтар байке сизге кандай белектерди берчү эле?
– Мухтар менен жашаган алты жылда менин вазам гүлсүз, бош турчу эмес.

– Маегиңизге чоң рахмат!

КЫСКА СУРОО-ЖООП:

– Мухтар байкенин биринчи жубайы менен мамилеңиз начар деп угуп калабыз?
– Ал киши менен мамилебиз жаман да, жакшы да эмес. Эгер биз сүйлөшпөсөк, кантип жаман же жакшы болушу мүмкүн.

– Балдарыңызды жолдошуңуздун биринчи никесиндеги балдары менен катыштырасызбы?
– Ооба, бир туугандар абдан жакшы мамиледе.

– Түндө көбүнчө эмнени ойлоносуз?
– Жатар маалда «эртең менен ойгономбу же ойгонбоймбу» деп ойлоном.

– Эгерде сизге дагы бир өмүр берилсе, эмнени өзгөртөт элеңиз?
– Жоолукту өз убагында, бойго жеткенде эле салынмакмын.

– Учурда бактылуусузбу?
– Бактылуумун же бактысызмын дебейм. Баарына шүгүр кылып жашайм.

– Үйдө болсоңуз деле жакшынакай жасанып жүрөт экенсиз?
 – Ооба, мен үчүн Мухтардын элеси кымбат, андыктан үйдө жүрсөм дайыма таранып, боёнуп жүрөм.


«Мухтар барда вазам гүлсүз, бош турчу эмес».

«Мухтарды эстеткен шаарда жашоо – мен үчүн оор».

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (53)
Begim8678
2014-04-29 14:34:14
Экоо чогуу аз жашаса да, саз жашашыптыр. Балдарына бактылуу балалык каалайм.
-1
kg86
2014-04-29 15:34:16
Кээ бири жыргап комментарий беришсе, кээ бири ыйлап беришиптир. Бироого ый, бироого кулку деген ошо да. мен бул кызга чындап эле боорум оорйт, абалы оор, баарын ичине катып журот, бук болот, суйгонун сагынып издейт бирок таппайт, ото окунучтуу болду. Жакшы адамдар аз жашайт деген чын тура. Аттин Муктар байке, олбой калсанын эмне болмок эле.
+1
pakistanka
2014-04-29 19:19:34
kuyoogo tiydi kayra dep jatpadinar bele aa dostor?
0
samarbek91
2014-04-29 19:30:35
Азамат Айжан. Абдан жакшы жооп бериптир.
+1
Manap_kg
2014-04-29 19:55:06
Муктардай жигитке эки эмес торт аял аздык кылмак канчалаган адамдарга колун сунуп жардам кылды россиядагы кыргыздарга окмот кылалбаган нерселерди кылды го кайран жигиттин омуру кыска экен аттин дуйно
+4
Bella-life
2014-04-30 20:59:36
Manap_kg,
ар бир сөзүңө жазылып өтөм!
Ал адамдын кылган иштери азыркы жаш муундун көп эсинде жокда.
Мухтар мырзанын жөнөкөй коом м.н, эл м.н жуурулушуп жүрөөр эле...
Чыгаан жигиттерибизди сыйпалап калдыкко
0
mi-li-na
2014-04-29 21:24:42
Manap-kg, туура айтасыз. Мухтар агабыз журт туптоочу, элдин башында турган кыргыздын кыраан азаматы болгон эле. Эркек эки эмес жети аял алса да, ошол ар бир уй-булосун багууга кудурети жетсе неге болбосун? Тескерисинче коп эрге тийуудон Жаратканыбыз сактасын. Айжан айымга, уулдарына Жаратканым озу жар болсун.
+2
gulperi.kg
2014-04-29 22:22:53
Мага да жагат
0
Revolyutsioner
2014-04-30 21:15:37
Мен Ассоль менен Айжанды салыштырып жатып комментчилерге тушунбодум, бир соз менен экоо тен куйоолорун мурунку аялынан тартып алгандай элес бар, негизи эркек озу чечет дечи, бирок бироон жер кылып тепсеп, бироонун кайгысына бактынды кургансын деп жемелеп, экинчисин туура кылгансын дегендей ай-кунго тенеп мактапсынар, айырма биринчи жуп ажырашып кетти, экинчи жуптун эркеги каза болду. Же кептин баары хиджаптабы, хиджап кийинсе эле ыймандуу, тушунуктуу болуп чыга келеби, озгоро калабы адам?....
+6
Revolyutsioner
2014-04-30 21:19:48
Ким бироо жазыптыр Мухтарга 2-3 аял аздык кылат деп, эмне Мухтарга жарашса Алмазга жарашпайт бекен же Алмаз Кыргызстандын желегин аз желбиретиптирби? Мухтар биринчи аялы менен ажырашканда эч ким сын айтпаса керек эле?! Хиджап кийгендер ыймандуу болот башкаларга салыштырмалуу, хотя араснда сойкулар кездешсе да, ал эми тушунуктуу, акылдуу боло калат дегенге макул эмесмин, динге берилген, дин тууралуу тушунугу арткан бир топ адамдарды билем, бирок алардын тушунугу ошону менен чектелет экен..
+5
Revolyutsioner
2014-04-30 21:24:53
Динге кобуроок берилген ага-ини, эже-карындаштар капа болушпасын, бирок кругозорду остуруу учун динден башка тарыхты, экономиканы, каада-салтты биле журсонор жакшы болмок, динди салтка каршы койбогула, дин деп улутубузду, салтыбызды чанбайлы. Ал эми Мухтар байкени коомдук ишмер катары сыйлачумун, бирок саясатчы катары эмес, ал саясатчы катары Акуйдун колундагы куралга айлана баштаган! Жаны жаннатта болсун!
+8
tebessum
2014-05-02 20:02:47
Revolyutsioner, duino taanymy keniri, baardyk sferada bilimduu adamdar gana islam dinin keremet jana talashsyz tuura jol ekendigin dalildey alyshat. Islam bul beriluu emea, bul bizdin butundoi jashoo obrazybyz.
+4
Revolyutsioner
2014-04-30 21:31:15
Ал эми келинчеги балдарына татыктуу тарбия берсин, Ассоль менен Айжанды 10-20 жылдан кийин балдарынын тарбиясына, коомдогу ордуна, адамгерчилик сапаттарына карап баалоо туура болот, бул 2 айымдын эне катары ошол наамга канчалык татыктуу болгонуна... ал эми комментчилерге кайрылуум ар ким оригиналдуу, таамай ой айтышса, калыптанып калган догмаларга таянып "ажырашкан катын жаман, хиджап кийсе демек жакшы" деп кыска ойлонушпастан.. Жакшы аял хиджап кийсе да, кийбесе да жакшы, ыймандуу болот...
+5
lolo
2014-05-01 04:09:36
Men birin4i ayalina tartam, baikushtun kuiosu jaw aialga uilonup getkenin eslestetip korup anan jazgyla4y, owol ejege rahmat ushundaiga 4ydagan, anin birin4i suiuusu bolgon, uwundai ХХХ ХХХ ХХХ menim4e!!!(Kudaiym ozu ke4irsin!)
+6
admin_portal
2014-05-01 09:32:16
lolo - эскертүү!
Эмоцияларды кармаңыз.
0
kg.naza.93
2014-05-02 13:47:04
Islamga, Hidjapka shek keltirbesenizder. Albette kemchiliksiz insan bolboit. Birok biz alardi sindaganga ukugubuz da jok. Eger Islam erejeleri menen makul bolbosonuz,Islamdy karalap kalish kerek emes da. Ylayigi kelse kelbese dele dindi sindap kalasinar.
0
nazhiev80
2014-05-04 11:23:44
жооптор так так берилиптир го.
0
aiperi1991
2016-05-31 15:08:10
Эмне бп каза болду эле,
0
№ 599, 25-апрель-01-май, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан