Жыл сайын Латвиянын Юрмала шаарында өтчү «Жаңы толкун» сынагына Кыргызстан акыркы жылдары активдүү катышып келет. Быйыл аталган музыкалык сынакка таланттуу, позитивдүү кыз-жигиттерден түзүлгөн «Style Mix» триосу Кыргызстандын атынан барышмакчы. Сизге топтун аты тааныш эместей туюлса чочулабаңыз, анткени бул топтун мүчөлөрү таланты менен сиздин күмөн оюңузду толугу менен жокко чыгарууга даяр. Анда суроолорубузга көңүлдүү жооп берип, гитаранын коштоосунда ырдап-бийлеп, айтор, мыкты маанай тартуулаган топтун мүчөлөрү менен болгон маекти тартуулайбыз.
– Кандайсыңар, тандоо турунан өтүп, «Жаңы толкун» сынагынын финалына чыгышыңар менен куттуктайбыз. Силердин моюнуңарга бир өлкөнү татыктуу көрсөтүү жоопкерчилиги жүктөлдү, айтсаңар, жеңгени бара жатасыңарбы же катышканыбы?
Илима: – Саламатсыздарбы, биринчиден, чакырганыңыздарга рахмат. «Жаңы толкун» сынагынын тандоо турунан финалга өттүк. Биздин максат – катышуу эмес, жеңүү. Сөзүбүз куру болбош үчүн жеңишке жетүүгө бүт аракетти көрүп жатабыз.
– Тандоо туру кандай өттү жана силердин топ кантип аталган сынакка катышып калды?
Талас: – Биздин топтун түзүлгөнүнө бир жыл болуп калды. Репертуарыбызда 2-3 ырыбыз бар. Адилет, Илима үчөөбүз кафеде ырдап иштечүбүз, ошол жактан табышып, топ түзүү тууралуу ойлорду бирге бышырганбыз. Аталышы тууралуу айтсам, «Style Mix» кыргызча «стилдердин аралашмасы» деп которулат. Чынында биз бир багытта ырдабайбыз, рок, жаз, поп, R&B жанрындагы ырларды аткарабыз.
Адилет: – «Жаңы толкунга» колдоо көрсөткөн байкелерибиздин жана продюсерибиз Миргүл Эсеналиеванын жардамы менен катышып калдык. Тандоо туру 19-20-апрель күндөрү Москва шаарынын «Бородино» мейманканасында өттү. Кыргызстандан бизден башка Миңжашар жана Адилет Азимов деген балдар барышкан, бирок калыстар тобу бизди тандашты. Сүйүндүк, жыргадык, толкундандык, айтор, эмоциялар эми укмуш.
– Эми өзүңөрдү тааныштырып өтсөңөр?
А.: – Бул жакта эң улуусу, сулуусу, «милашкасы» менмин дебейимби (күлүп). Биздин топтун сулуусу, эркеси Илима. Мыкты вокалистибиз Талас, ал эми мен гитарада ойнойм. Үчөөбүздү музыкага болгон сүйүү, бекем достук бириктирип турат десем болот. Анан кыялдарыбыз да бир. Үчөөбүздүн тең музыкалык билимибиз бар. Музыка тандоодо ортобузда талаш жаралбайт. Үчөөбүз тең бир багытта ойлонобуз.
– Ал жактагы башка өлкөдөн келген катышуучуларды байкап көрсөңөр керек, атаандаштарыңардын кимиси күчтүү экен?
А.: – Чынында, ал сынакка жөн адам катышпаса керек. Баары жаш, таланттуу, алардын гитара черткенин көрүп, бул жакта уялганыңдан гитара черткиң келбей калат экен. Башында катышуучулардын баары эле тескери көздөрү менен карап жатышкан, жактырбагансып. Биз чыгып ырдагандан кийин гана жаныбызга келип саламдашып, таанышып башташты. Калыстар тобундагы Ирина Дубцова, Филипп Киркоров, Игорь Крутой кол чаап отурушту.
И.: – Германиядан келген Глэдис деген ырчы кыз күчтүү экен.
– Азыр сынакта ким жеңери белгисиз, бирок анын жыйынтыгына карабай мындан ары топ катары өзүңөрдү кенен жайылтканга аракет кыласыңарбы?
Т.: – Сөзсүз түрдө, аталган сынакка катышып Кыргызстанга таанылып алсак, КМШ өлкөлөрүнүн аренасын багындыруу кыялдарыбыз бар.
– Анан Юрмалага качан аттанасыңар?
И.: – Азыр так датасы белгилене элек. Бирок июнь айынын ортолорунда деп жатышат.
– Маегиңерге чоң рахмат.
Калк арасында «бул жылы сынакка күчтүү команда кетип жатат» деп жеңиштен үмүт кылгандар көп. «Style Mix» триосу Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келет деген үмүттөбүз.
БУГА ЧЕЙИН «ЖАҢЫ ТОЛКУН» СЫНАГЫНА КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫНАН БАРГАН ЫРЧЫЛАР
Лунара Бекиева
star@super.kg