«БЕКБОЕВДЕР АЖЫРАШЫП КЕТТИБИ?»

– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезити? Мен сатирага кызыгам, келечекте куудул болгум келет. Байкашымча, акыркы кездерде куудулдар Жаңыл менен Токтор Бекбоевдер сахнадан көрүнбөй калышты. Тааныштарымдан «алар ажырашып кетишкен» деп угуп калам. Ушул сөздүн чын-төгүнүн билип берүүңүздөрдү суранып сиздердин редакцияга кайрылып отурам.
Канат, Кант шаары
Окурманыбыздын суроосуна жооп алуу максатында куудул Токтор Бекбоевге байланышсак, «азырынча бул тууралуу айтпай турайын» деп комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми куудулдардын кызы, ырчы БЕГИМАЙ БЕКБОЕВАГА байланышканыбызда, ал төмөнкүдөй жооп кайтарды:
– Ооба, апам «иштеп, акча таап келем» деп атамдын каршы болгонуна карабай Москвага кеткенине 3 жылдын жүзү болду. Чындыгында, акчага муктаж деле эмес болчубуз. Өткөн жылы жыл жаңырарда Кыргызстанга келип жаңы жылдык ар кандай көрсөтүүлөргө катышканы менен, үйгө келген жок. Атам экөөбүз бул жакта эле чыгармачылыгыбызды улантып, гастролдорго чыгып жүрөбүз. Апам менен атам анчалык катуу кетип, сотко чейин деле барышкан жок. Алар ажыраштыбы же таарынышып жүрөбү, айта албайм, улуу кишилердин ишине кийлигишким келбейт.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
Казан аяк кагышат,эрди катын табышат.Балдары чоноюп калганда бул кылгандары туура эмес деп ойлойм.
иий десе бегимайдын да таарынычы бардай мамасына.
эми ушулар эле калды эле ажырашпаган.
Бегимай туура кыласын чондордун ишине аралашпай.Экоо ажырашпаса керек же бири бирине катуу таарынышкан го
оз эненди жамандаган ХХХ эле экенсин. Энеге зар болуп, жетпей жургондор канча. Сен да эне болосун. Аман бол.
botinka - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Энем жаман деп айтпаптыр го сыягы...А энеси балдарын таштап кеткен учур да жок эмес... Бегимайдын мамасы 29-да Москвага мени мн бир самолетте келген эле. Ойлоп койгом гастроль же чакыруусу бар го деп, корсо кеп башка жакта экен да...
Ушул ажырашканды кыргыздар токтотсок болот эле, үйбүлө бузулуу, аыжарышуу бизде эле көп го.
Карыганда ажырашып жаман эле болуптур!
anara-anara - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
ата энесин ишине кийлигишпейм дегени эмнеси бул кыздын
мага баары бир дегениби тооба?
Ал эле бул эле деп айта беруу оной го, бирок уй булоонун ичин ким билет?
Аялы сатира аткарып жатканда эле билинип турат,быды быды быды быды деп)))) ооо байкуш куйоосуно кун жок болуш керек деп ойлочумун.озу семьяны кармап турган аял да,каарыганда жаман болуптур!Барибир сахна адамды коптурот,озунчо жылдыыыз оорусу менен ооруп,андан откон звезда жоктой туюлат болуш керек.Акылын болсо эй АРТИСТ! Аялыны сахнага жолотпо!!!)))))))))))))эхх турмушшшш......
Адамдар кызык элебиз да туурасын айтса да айтпай эле койбоптур, айтпаса андай имиш жашырып жатат дер суйлоносунор
Бекбоевдер булар жон эле дагы бир тамаша аткарып жатышкан жок бекен?эмнеси болсо да аман болушсун.Бечера куйоо балага эле кыйын болот экен да,эми кимди апа дейт?Бегимайдын куйоосун айтам.