Европада эң абройлуу деп эсептелген «Евровидение» музыкалык сынагы көпчүлүк таланттар үчүн кол жеткис кыял. Өзгөчө шоу менен коштолгон сынактын быйылкы жеңүүчүсү австриялык сакалчан аял Кончита Вурст болду (өз аты – Томас Нойвирт). Мындай жыйынтык Европаны көздөй кескин сындарды жаадырды.
ЖЕҢҮҮЧҮ ТУУРАЛУУ...
Толук аты – Томас Нойвирт
Туулган жери – Австрия, Гмунден шаары
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 6-ноябрь
Кесиби – Ырчы
Лакап аты – Кончита Вурст
ЧЫРДАН БАШТАЛГАН СЫНАК
Быйылкы жылдын тандоо туру жүрүп жатканда эле нааразычылыктар башталган. Алсак, «Евровидение-2014» сынагына трансвестит ырчы Кончита Вурст катышарын билген беларустар «үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактай билген мамлекет катары балдарыбыздын аң-сезиминине доо кетиргибиз келбейт» дешип, интернет булактарында «Евровидениени» телеканалдардан көрсөтпөө боюнча каршы кол топтой башташкан. Беларустагы мындай иштер үчүн сынактын уюштуруучулары «Беларусту сынактан четтетип салабыз» деп да коркутушканы бар.
МУРУНКУЛАРГА КАЙРЫЛСАК...
«Евровидение» сынагында гомосексуалисттердин катышуусу жана жеңүүсү быйыл алгачкы жолу болгон жок. Буга чейин 1998-жылы аталган сынакты эркектен кызга айланган израилдик ырчы Дана Интернэшнел (өз аты – Шарон Коэн) жеңип кеткен. Ал эми 2003-жылы «кыздар арасында сүйүү бар» деп айрымдарды ишендирип жүрүшкөн Орусиялык «Тату» тобу 3-орунду алышкан. Кошумчалай кетсек, учурда эпатаждуу стили, образы менен айрымдардын төбө чачын тик тургузган болгариялык Азис аттуу ырчы да 2006-жылы өз өлкөсүнүн атынан аталган сынакка катышкан эле. Ал эми 2013-жылдагы сынакта «финляндиялык катышуучу айым Криста Сиегфридстин музыкант кызы менен өбүшкөн жерин кесип салгыла» деп суранышкан Орусия, Украина, Беларусь, Азербайжан өлкөлөрүнүн суранычын сынактын уюштуруучулары «сынактын талабы баарына бирдей» деген демократиялык жооп менен четке кагышкан.
Кезинде «Евровидение» сынагында легендарлуу Селин Дион, «Abba» тобу сыяктуу музыканттар жеңүүчү аталышчу эмес беле. Акыркы учурда чыныгы талант эмес, катышуучулардын эпатаждуу образдары жеңишке жетишип жаткандай. Алсак, 2006-жылы ырчы Дима Билан аткарган ыры, вокалы боюнча финляндиялык «Lordi» тобунан көз көрүнөө озуп турса да, жеңишке өзгөчө образдагы финляндиялыктар жетишишкен. Демек, бул жолу дагы образ чоң роль ойногон сыяктуу. Муну көпчүлүк сынчылар «Евровиденинин аброю, актуалдуулугу төмөндөп баратат. Ошондуктан уюштуруучулар элдин кызыгуусун арттыруу үчүн ар кандай чуулгандуу иштерди колдонушууда» деп баалап жатышат.
ЕВРОПА ОРУСИЯГА, ОРУСИЯ ЕВРОПАНЫН ТАНДООСУНА НААРАЗЫ
26 өлкөнүн башын бириктирген быйылкы «Евровидение» сынагы өтө курч, чуулгандуу өтүп, дүйнөдө болуп жаткан саясий кырдаалды да кыя өтпөгөндөй. Дегенибиз, Украина маселеси боюнча Орусия менен Батыш эки башка ойдо. Сынактын алып баруучулары Орусиянын атынан барган эже-сиңди Толмачевалардын финалга өткөнүн угузушканда, залда нааразы ышкырыктар угулуп жатты. Толмачеваларды алып барган ырчы Филипп Киркоров «кыздардын саясатка тиешеси жок, музыка баарыбызды бириктириши керек. Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасайлычы» деп суранып да өттү. Ал эми орусиялык белгилүү адамдар «силерге сакалчандар керек болсо, эмки жылы сөзсүз куудул Михаил Галустянды жиберебиз» деген тамашадан баштап, «Европада эми эркек, аял деген жок. Аларда жалаң үчүнчү жыныстагылар. Бул Европанын күнүнүн бүтүшү. Мына, сакалчан аял! Бактысыз австриялык жигит. Европа жоголду!» деген наалат сөздөргө чейин айтышты.
Лунара Бекиева
star@super.kg