– Саламатсыздарбы, менин сүйүктүү гезитим «Супер-Инфо»? «Кыз-Бурак» тобундагы кыздардын курамы алмашып жатып, учурда кимдер ырдап жатканын тааныбай деле калдым. Акыркы учурларда Сайкал өзү жалгыз эле гезит беттеринде жүрөт. Мындан улам «Кыз-Бурак» тобу тарап, Сайкал жеке ырчы болобу деген ой келди. Анан да «топтун кыздарына Сайкал кол көтөрөт экен» деп укканым бар эле, ушул маалыматтын чын-бышыгын билип бере аласыздарбы?
Назгүл, Ош шаары
Сайкал Садыбакасова:
– «Кыз-Бурак» тобу тарабай эле, учурда кызуу иштеп жүрөбүз. Мурунку жетекчиликте кол көтөрүү болсо болгондур, бирок мен бир да кызыма кол көтөргөн эмесмин. Топтун курамы өтө деле өзгөргөн жок, болгону эки жаңы кыз алдык, калган үчөө эски курамдагы эле кыздар. Апам «Кыз-Бурактын» кырк жылдыгында топтун ачкычын сага толугу менен өткөрүп берем» деп жатат. Андай жоопкерчиликтүү иштен кийин топтун популярдуулугун арттырууга болгон күчүмдү жумшашым керек.