Концерттин датасы – 9-май
Концерттин аталышы – «Биз» тобу жана Лейлек таланттары
Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:00
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы (анын ичинен болжол менен 80 пайызы лейлектиктер болду окшойт)
Алып баруучу – Шайбек Акматов
Мыкты номерлер – «Биз» тобунун «Элимдин патриоту болгум келди», «Адина» анан, албетте, «Ыза» («Буй-буй») аттуу ырлары
Билет баасы – 300 сомдон 700 сомго чейин
«Жеңиш күнүнүн урматына «Биз» тобу Спорт Ордосунда концерт берет экен» дешкенинен жөнөп калдым. «Иши кылып кечинде келе бергиле» дегенби, айтор, билетте концерт качан башталары жазылбаптыр. Антип-минтип отуруп кечки 20:00дө башталды. Башында «Биз» тобу чыгып, 2-3 ыр ырдап кеткен соң лейлектик таланттар биринин артынан бири сахнага чыга башташканынан «Баары эле бул жакка келе беришкен го, Лейлекте киши калдыбы?» деп ойлонуп ийдим.
Үн режиссёру жаңы иштеп жатканбы, музыка дүңкүлдөп, ырчылардын үндөрү күңкүлдөп, элге жакшы угулбады. Тааныбаган ырчылар катар-катары менен чыга бергенинен уйкум келгенин айтпагыла. 1-2 мүнөткө чырм этип да алдым. Бир кезде залда отургандар деле тажашты окшойт «Биз» тобу чыксын» деп кыйкыра башташты. Элдин суранычы менен сахнага чыккан алар кайра бат эле «жылт» коюшту. Ошентип Бактияр Токторовдун ырларына чөлдө жүргөндөн бетер суусаган угармандары бир тамчы суу менен эрдилерин нымдап алгандай эле болду окшойт. Көпчүлүгү моокуму канбай түн бир оокумда үйлөрүнө тарашты. Кызыгы, көрүүчүлөр концерттин жарымына чейин эле эшиктен топурап кире беришти, жарымынан кийин чыга качкандар да болду.
Толик сынчы