(Башталышы өткөн сандарда)
Кызганып көргөнсүзбү, анын көрүнбөгөн арканына муунуп, ыза менен намыстын ортосунда чайналган учуруңуз болгонбу? Мен ошол абалда калдым. Анткени Эмир менен Жанаранын мамилеси өөрчүп бара жатты. Анын көз алдымда узап бара жатканын көрүү азап болду. Акыл токтото элек, сүйүүнү эмес, өзүмдү толук таанып бүтө элек калпыс курагым эле. Бирок өзүм отко түшүп, чокко күйүп атсам да, Жанараны жаман көрө албай койдум. Ошентип тез эле убакыт өтүп, биз мектепти бүтүрө турган учур келди. Өрөпкүп, баарыбыз келечегибизди куруу менен алек элек. Чогуу отуруп, ким кайсы кесипти тандайт деп сүйлөшүп калдык.
– Мен модель болгум келет- деди Назик.
Чын эле бойлуу, сулуу кыз болуп чоңойгон. Анча-мынча адамды теңине албай койгон текеберлиги да бир топ болчу.
– Мен журналист болом- деди Жанара. Туура кесипти тандады дедим ичимен. Анткени жүргөн-турганы шуулдап, бардыгын бетке айтып, журналист болгонго шыгы бар эле.
– А сен ким болосуң?- деди дагы бир классташыбыз мени тиктеп. Мен оозумду ачып жооп бергенче Эмир жаныма келип, колумдан шак кармады.
– Баян, сен кесип тандап убара болбо, сен үй кожойкеси болосуң. Менин үйүмдүн кожойкеси...
Мындай нерсени эч ким күткөн эмес. Алгач баары таң кала тиктеп туруп, анан дуу күлүп жиберишти. Албырган эки бетимди басып алып сыртка чуркап чыктым. Алдымдан жер күйүп, тамандарым ысып бара жаткандай сезилди. Эмнеге антип айтты? Ушу суроону өзүмө берип, бир асманга чыгам, бир жерге түшөм. Атамдын калың багынын тушуна келгенде гана токтоп, эки жагымды карасам, Эмир артыман чуркап келе жаткан экен, аны көрүп дагы чуркап жөнөдүм.
– Баян, токто...
Баары бир эркек бала эмеспи, канчалык качсам болбой жетип алды да, колдон алды.
– Эмне болду? Коё бер мени...
– Жинди кыз, сен мени дале жакшы көрөсүң. Мен сени кандай жакшы көрсөм, сен дагы мени ошондой жакшы көрөсүң. Бирок билбейм, эмнеге менден алыстагың келет? Сени унутайын деп Жанара менен да сүйлөшүп көрдүм, бирок...
– Ия, эмне дедиң?
– Ооба, мени сөксөң да, урсаң да жарашат. Сенден өч алыш үчүн жакын курбуң менен мамиле түздүм. Сага да менчелик оор болсун дедим. Бирок баары бир сени унута албай койдум. Сен Белек менен сүйлөшпөгөн экенсиң, мага жөн эле айтып коюпсуң. Ошон үчүн кайрадан сени менен болгум келет...
Башым айланып кетти. Эмир мени чыканактан алып, экөөбүз кете бердик. Үн катпай жөн эле жетелеше басып жүргөн ушунчалык ырахат экенин биринчи жолу сездим. Экөөбүз көпкө басып жүрүп, бактардын арасына келип отурдук.
– Эмир?
– Оу.
– Жанара менен чын эле менден өч алуу үчүн жүрдүңбү?
– Ооба, экөөбүз мамилебизди токтотконубузга көп болду. Бирок чынын айтсам, мамиле деле болгон эмес.
– Жанара сени сүйөт.
– А мен сени сүйөм...
Эмир түптүз көзүмө тиктеди, бул жолу көзүмдү ала кача албадым. Ага кол алыша убада берип коюп, эми Жанарага эмне жооп айтам деп бушайманмын. Кудум анын алдында күнөөм бардай жерден көзүмдү албай келе жатсам, Жанара биздин үйдө апам менен сүйлөшүп отурган экен.
Ого бетер кирерге жер таппай калдым. Апам иштери менен чыгып кеткенден пайдаланып, Жанара мага көзүн кыса сыртты көрсөттү.
– Эмир экөөң каякка бардыңар?- деди ал дароо эле.
– Сай жакка. Жанара, сен ойлобо...
– Болду, үн катпа, бул нерсе ушу жерде калсын. Эмир экөөбүздүн сүйлөшпөй калганыбызга көп болгон. Эми ал сени тандады, капачылыгым жок.
Курбум адатынча чорт, өкүм сүйлөдү. Мен эч нерсе дей албадым.
– Эсиңде болсун, Баян. Мага эч кимдин боорукерлигинин кереги жок.
– Жанара...
– Мен өз тагдырымды кабыл алгам. Мага баары бир, мен эркин кушмун... А сен... сен башкачасың, баарын жүрөгүңө жакын кабыл ала бересиң. Минтип жүрсөң көп нерседен куру каласың. Жашоо бизге бир эле жолу берилет, унутпа. Аны кимдир бирөөгө курмандыкка чалууга болбойт. Жүр, эми, сары жөжө Назиге барып келели...
Экөөбүз Назиге барып, үчөөбүз колтукташа алма бакка жөнөдүк. Жанара Нази менен мага тийише шоктонуп, кээде көтөрө калып ышкырып, кыйкырып шоктоно берди. Ал капа болгондо, кимдир бирөөгө жини келгенде жинин дал ушинтип чыгарчу. Анын көөдөнүндө шамал, куюн, бороон болуп жатканын сезип турдум.
Ошол күндөн баштап менин жашоом майрамга айланды. Анткени жанымда Эмир бар эле. Ошентип биз Эмирдин айтуусу боюнча үйлөнө турган болдук.
– Мен окубай каламбы?
– Сен окуп эмне кыласың? Мына, мен турам го. Сен үйдө эле отур, башка эч нерсенин кереги жок.
Ичимде мен деле окусам, врач болсом деген тилегим бар эле. Бирок аргасыз жыйыштырганга туура келди. Анткени Эмир жалгыз бала эле. Экөөбүз мектептин акыркы экзамендерин аяктагандан кийин үйлөнө турган болдук. Ата-энелерибиз дагы билип, тойго даярдык көрүү акырындап башталганда...
Ушу жерге келгенде маектешим Баяндын өңү бузулуп, купкуу боло түштү. Мындай учурда адам эмне деп жооткоторун да билбей калат экен. Мен тура калып сууга жөнөдүм. Алып келип берген суумду кылк эттире жутуп алып, мага ыраазы боло карады.
– Сиз менин окуяман тажап кеткен жоксузбу?
– Жок, тескерисинче, мага кызыктуу болуп жатат.
– Анда уланталы. Ошол күн кудум азыр болуп жаткандай көз алдымда. Мектебибизде акыркы коңгуроо болуп, биз үч курбу даярдануунун камындабыз. Эшик шарт ачылып эле коңшу жеңе кирип келди. Шаша-буша апамды сурап эле чыгып кетти. Бир аздан кийин апамдын «Ок, кокуй!» деген үнү чыгып калды. Сыртка чуркап бара жаткан мени бир жекире, бир аялуу тиктеп алып, келген кишинин артынан жөнөдү. Мен апамдын бул көз карашына таарына түштүм. Ошентсе да «эмне болду экен?» деген кызыгуу бар эле.
Эртеси жаман кабар уктум. Апам мени аяп, канчалык жашырганы менен башка адамдардан уктум. Көрсө, Эмир жана дагы бир канча биздин класстын балдары «кыз зордуктады» деп күнөөлөнүп, аларды кармап кетишкен экен. Бул кабар менен мени кимдир бирөө башыма чапкандай болду. Кандайча, кантип? Мээме ошол нерсени жолото албай жаттым.
– Кызым, сен эстүүсүң, каралдым. Адам күчтүү болгондо ал көтөрө ала турган сыноону берет. Сынып калба, алдыда келечегиң бар. Эмир «күнөөсүзмүн» деп такыр мойнуна албай жаткан экен, бирок жанындагы балдар мойнуна алышыптыр. Эми анын тагдыры кандай болот? Аны бир Жараткандан башка эч ким билбейт. Сен эми өз жашооңду ойлон, жарыгым. Атаң экөөбүз кеңешип отуруп, сени Бишкекке окууга жиберели дедик.
– Апа, өзүңөр деле кыйналып атасыңар. Атам байкуш дагы канча жумуштан иштейт? Мен андан көрө..
– Кой, балам, курбуларыңдан калба. Заман минтип эле тура бербес, керек болсо колдо бар малды сатабыз. Атаң да ушинтип чечти..
Кызык, мен Эмирдин аялы болуп, түбөлүк жашоомду ушу айылда гана элестетип алган элем. Шаар мага сырдуу да, сүрдүү да көрүнүп турду...
(Уландысы кийинки санда)
Асия Алиева