ПИАР БЕЛЕ ЖЕ КЫЯЛ БЕЛЕ?

Шоу-бизнес өкүлдөрү чыгармачылыктагы иш-аракеттери туурасында маалымат каражаттарына жар салып эле келишет. Ал маалыматтардан кабардар болгон окурман журтчулугу эми качан көрөбүз, угабыз деп күтүп калышат. Айтылгандардын айрымдары жүзөгө ашпай кала бергенинен улам “эмне себептен ал ишиңизден эмдигиче дайын жок?” деп өздөрүнө суроо салдык. Балким, пиар үчүн ойдон чыгарылган окуядыр...

ГҮЛЖИГИТ АКТЁРЛУККА КИРИШМЕК
“Актёрлук жактан да өзүмдү сынаганы жатам” деген Гүлжигит Сатыбеков бул жаңылыгы менен окурмандарды үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде кабардар кылган.
"Өзүмдү ырчылыктан башка тармакта сынап көрүү максатында тасмага тартылуу сунушун киргизишкенде дароо макул болгом. Сценарийи менен да таанышып чыктым" деп айтканы эсиңиздедир. Актёр болгусу келген ырчынын ою ишке ашпай калды көрүнөт деп ырчыга байланышканыбызда Орусияга кеткенин билдик.
Ырчынын менеджери Астра Исмаилова бул тууралуу: "Сценарийи да толук иштелип чыкпай калды көрүнөт. “Эртең, бүгүн тартабыз” деп жатып эле унчукпай калышты. Гүлжигит даяр эле болчу, тартуучу топто кыйынчылыктар болду окшойт",- деди.





МИНЮРА КАЗАК ЫРЧЫСЫ ДИМАШ МЕНЕН ДУЭТ ЫРДАМАК
Минюра Рахимжанованын продюсери Каниет Жыргалбеков ушул жылдын март айында ырчыны казак ырчысы Димаш Кудайбергенов менен дуэт жаздырат деген эле. Чогуу ырдоо сунушу казак туугандан түшүп, ырчы айым аны колдогон. “Минюра менен Димаш репетиция кылып жатышат” дегенден бери төрт ай өтсө да, дуэттен дайын жок.
"Деги аткарылчу ишпи?" деп ырчы айымдын продюсерине суроо салганыбызда Каниеттен: "Минюра сыркоолоп калгандыктан, ыр жаздыруу артка жылдырылган. Ал идеябыз күчүндө эле. Минюра сакайып, билек түрө ишке киришип турган чагыбыз. Дуэттин сөзү, обону даяр. Аранжировкасын Димаш өзү даярдап коймок",- деген жооп алдык. Айтылган сөз атылган октой журтубузга тараган да. Аны эми чыгармачыл жаштар аткарып гана кутулушпаса, артка жол жок.










АССОЛДУН ЖАШООСУН ДАРЕКТҮҮ ТАСМАДАН КӨРМӨКПҮЗ
Ассоль Молдокматова өзү жөнүндө документалдуу тасма тартылганын, аны Daronoffsky лакап аты менен таанымал америкалык режиссёр тартканын, тартуу иштери Париж, Стамбул, Венеция, Лос-Анжелес, Лас-Вегас, Нью-Йорк шаарларында жана Голливудда жүргөнүн маалымат каражаттарына жарыялаган эле. Фильмдин бет ачары үстүбүздөгү жылдын апрель айында болорун да айткан.
Андан бери арадан 3 ай өтсө да, теледиванын купуя сырлары баяндалган тасманы көргөн жокпуз. Деги ишке ашчу нерсе беле? Ушул суроо менен Ассоль Молдокматовага кайрылсак, ал: "Фильм даяр, болгону режиссёр Голливудда башка сериал менен алек болуп, апрелдеги бет ачарына келе алмак эмес. Ошондуктан тасманын бет ачары 20-сентябрга жылдырылды",- деди. Жаз бүтүп, күздү күтмөй болдук.





НУРЛАН, ИЛЬЯЗ, КАЙРАТТАН ДАГЫ ДЕЛЕ ТРИО ЖОК
2013-жылдын аягында Нурлан Насиптин продюсери Канат Кадыржан жакшы жаңылыкты кылтыйтканы бар. Боордош элдин таланттуу жигити Кайрат Нуртас, Нурлан Насип жана Ильяз Абдыразаков трио аткарышмак болушкан. Трио угабыз деген күйөрмандар күтө берип саргайып кетишкени айтпасак да белгилүү. Бул жаңылык менен бөлүшкөн Нурлан Насиптин мурунку продюсери Канат Кадыржан: "Трио жаздыралы деген жакшы ойлорубуз бар болчу. Бирок үчөө тең бир убакытта бошой албай, иш улам артка жылууда. Түшүнөсүңөр да, Кайрат, Нурлан, Ильяз үчөө тең жылдыз",- деп трионун тагдырын убактысы тар үч жылдыздын уятына койду.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Пиарбы же кыял беле?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
shazi
2014-07-21 09:22:57
Арзууга айып жок... ийгилик
0
sabyr86
2014-07-21 09:24:03
Таалай Бектургановдун ролун журналист Максат ойносо болчудай негедир экоону окшоштура берем.
+3
elish87
2014-07-21 12:03:25
Ооба ооба окшош точнно
+1
admin_portal
2014-07-21 17:12:05
depu - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
aikol87
2014-07-21 21:30:29
Окшош адам табылып тартылып калса экен. Жакшы кино болмок. Умутубузду узбой туралы.
+1
sapargul
2014-07-22 19:43:28
Жасайм деп жар салбай, Жасадым деп жар салыш керек да
+3
kanykei.96
2014-07-23 15:30:59
андан ары ийгилик нийетинерге жеткиле биздин супер жылдыздар биз силерди кутобуз
+1
Gerachka
2014-07-25 09:49:37
Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет деп ошон учун айтылган да.Баары эле биз айткандай, биз куткондой боло бербейт да
0
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан