Эсиңиздерде болсо, Нурзат Токтосунова бизге берген интервьюларынын биринде “менин кыялым – ата-энемди Кытайга, туулган жерине жиберүү. Алар азыркыга чейин туулган жерин сагынышат. Жаз же жай айларында өзүм да алар менен кошо барып келсемби деп жатам” деп айткан эле. Алып баруучу айымдын көптөн бери көксөгөн тилеги ишке ашып, ата-энеси менен алардын киндик каны тамган Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун Текес уездине барып, туугандары менен амандашып келди. Нурзат Токтосуновага кайрылганыбызда, Кытайга болгон сапары, ал жактагы кандаштарыбыздын жашоосу тууралуу оюн ортого салды.
– Нурзат айым, сөзүбүздү Кытайга болгон сапардан баштасак...
– 1916-жылкы үркүндө менин чоң ата, чоң эне, таята-таенелерим Кытайга качып барып, ата-энем ошол жакта төрөлүшкөн экен. Кыргызстанга 1958-жылы көчүп келишкен. Ар бир адамга киндик каны тамган жери ыйык болот эмеспи. Менин ата-энем дагы балалыгынын издери калган жерге барып келүү тилегин көп айтышчу. Алардын аруу тилегин ишке ашырууну максат кылдык эле, Кудай буюрса, ишке ашып отурат.
– Туугандарыңыз менен буга чейин байланыш бар беле?
– Ата-энем кыргыз жергесине кайтып келгенден кийин алар менен байланыш үзүлгөн экен. Алар тууралуу туугандарыбыз сырттан сураштырып жүрүшчү. Өткөн жылы ошол жактан келгендерден таенемдин агасы тууралуу уктук. Ал жарыктык кишинин көзү өтүп кеткенин, бирок артында калган уул-кыздары бар экенин билдик. Өзүбүзчө сүйлөшүп, Кытай жергесиндеги жакындарыбыз менен амандашууну көздөп, 80 жаштагы таякем баш болуп барып келдик. Тилекке каршы, 100 жаштагы таенемди алып бара алган жокпуз.
– Көп жыл көрүшпөгөн туугандарга жолуккандагы сезимдер өзгөчө болсо керек?
– Туугандарыбыз бизди аябай жакшы кабыл алышты. Сүйүнүчтөн бирин-бири көргөндө көздөрүбүзгө жаш алып, кеч болсо да жолукканыбызга ыраазы болушту. Ал жакка баргандан кийин таенемди инисинин балдары менен телефон аркылуу сүйлөштүрөлү десек, буркан-шаркан түшүп ыйлап сүйлөй албай койду. Биз кайтарда 70 жаштагы эжебиз “Мен силерди кайрадан көрөмбү? Кыргыз жергесине бара албайм, байланышып тургула” деп аябай ыйлап калды.
– Ата-энеңиз туулган жерин көрүп, балалыгы тууралуу эстеп айтып беришсе керек?
– Апамдын элес-булас эле эсинде калыптыр. Атам 11 жашында жетим калып, 22 жашында бул жакка келген. Чоң атамдын мүрзөсүн таппай койдук. Жүз жылда жер жаңы дегендей, атамдын айтышынча, жерлер өзгөрүлүп кетиптир. Ушул жерде болуш керек деп болжолдоп, арбактарга атап куран окутуп койдук.
– Кытайлык кыргыз туугандардан кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?
– Кытай тилин мыкты билип, кыргыз тилинде так сүйлөшөт экен. Ата-бабадан калган каада-салтты унутушпаптыр. Бизди кадимкидей кой союп, беш бармак жасап коноктошту. 20 күн жүрүп, 22 койдун этин жеп келдик.
Султан Төрөбеков
star@super.kg