“Эне сага кандай мактоо жарашат,
Эне сенден ким сыймыкты талашат?
Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,
Бардык мактоо сага гана жарашат” демекчи, энелерди канчалык мактасак да, алар тууралуу эмне десек да баары жетишсиз. Рубрикабыздын коногу “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланып келген, учурда “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов апасы тууралуу маек куруп берди.
“АТАНЫН ДА, АПАНЫН ДА МИЛДЕТИН АТКАРЫП ЧОҢОЙТТУ”
– Апам Паиз 1952-жылы Ноокат районунда туулган. 19 жашында атама турмушка чыгыптыр. 8 жыл өтүп, экөө 4 балалуу болгон кезинде атам бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Мен ал кезде 7 жашка толуп, ата-энемдин ортосундагы мамилени түшүнүп калган болчумун. Экөө дайыма сый мамиледе, бири-бирин урматтап турушчу. Апам өзүнүн аялзатына тиешелүү милдетин аткаруу менен дайыма атамды угуп, анын айтканын кылчу. Атамдын көзү өтүп кетсе да, апам бизди эч нерседен кем кылбай, атанын да, апанын да милдетин аткарып чоңойтту.
Өз кесиби эсепчи болгону менен бул кесибинде бир аз гана убакыт иштеп, турмуш шартка байланыштуу кийин улантып кеткен жок. Райондук кеңештин 3 жолку депутаты болгонго жетишип, колхоздун бардык иштерине активдүү катышар эле, ошол эле маалда үй-бүлөгө да убакыт бөлгөнгө жетишчү. Тазалыкка өзгөчө көңүл бурчу. Бизди дайыма таза кармап, көчөдө ойноп жүрүп, боз топурак, ылай болуп келип калсак, кийимибизди өзүбүзгө жуудурган учурлар болгон. Апамдын мындай мүнөзүнөн улам биз бала кезибизден эле тазалыкка көнүптүрбүз.
“МҮНӨЗҮБҮЗ ОКШОШ, ЭМОЦИЯГА ТЕЗ АЛДЫРАБЫЗ”
– “Апа” деген сөз айтылганда эле апамдын бизди катуу кармаганын эсиме түшүрөм. Бүгүнкү күндө деле андан башка кишиден коркпойм, апамдан гана сестенип турам. Ини-карындаштарым апама жакын, ага сырларын да айтышат. Мен болсо анчалык ачык сүйлөшө албайм. Экөөбүздүн мүнөзүбүз, айрыкча эмоцияга тез алдырган жагыбыз окшош. Кайра тез жазылып кетмейибиз да бар. Апам ошол эле маалда жүзүнөн нуру чачырап, шайыр да жүрө алат.
“МАГА БИЛГИЗБЕЙ КӨЗҮНӨ ЖАШ АЛГАН”
– 8-классты аяктаган кезимде менин жаш курагымдагы балдарга уруксат берилбесе да, чоң кишилерге кошулуп, колхоздун чөбүн жыйнашып, биринчи айлык акымды алгам. Каникулда иштеп, 70 сомдой алган акчамды сүйүнгөн бойдон апама көтөрүп келгем. Ал акчага бир туугандарым менен жаңы окуу жылына даярданып, кийим-кече алганбыз. Мага билгизбегени менен апам көзүнө жаш алып, “акча тапканга жарап, чоңоюп калыптырсың, балам” деп кубанганы эсимде. Апама берген алгачкы белегим ушул болду. Азыр да туулган күн, 8-Март майрамдарында баалуу белектерди берип, аны кубантып турганга аракет кылам. Гүлдү жакшы көрөт, андыктан гүл бергенди унутпайм.
Апамдын бизди жалгыз тарбиялап эрезеге жеткиргени баа жеткис эрдик. Жаш кезимде ага чет өлкөнү көргөзөм деп тилек кылчумун. Апам менен Израилге, Дубайга, Түркияга барып жер көрүп келдик.
“САЯСАТКА БАРБАШЫҢ КЕРЕК ЭЛЕ” ДЕП КАЛАТ”
– Апам бизди ак эмгеги менен иштеп багып чоңойтту. Бала кезибизден эле кулагыбызга “таза иштегиле, ак эмгектенгиле” деп куюп, ал кептерин азыр да көп кайталайт. Саясатка аралашарымда алдын ала ага айтып, батасын алгам. Бул чөйрөдө өйдө-төмөн окуялар көп болуп турат эмеспи. Башында кеңешин айтып колдогон эле. Мындай жагдайларды мен депутат болгондон кийин гана түшүнүп, кайра өкүнүп, “саясатка барбашың керек эле, эми этият бол” деп калат. Азыр кызыгып, кимдин ким экенин сурап, саясий жаңылыктарды калтырбай угуп турганга аракет кылат.
“ҮЙДӨН КАЧЫП, АПАМДЫН АЧУУСУ ТАРАГАНДА КЕЛЧҮМҮН”
– Мектепте окуп жүргөндө сабактарымды дайыма көзөмөлдөп турчу. Кээде начар баа алып калган күндөрү апамдан коркуп, бааларды оңдоп, анан ал билинип калган учурлар болгон. Андайда ого бетер жүрөгүм түшүп, таята-таенемдин же туугандардын үйүнө качып кетчүмүн да, үйгө апамдын ачуусу тараганда келчүмүн. Өзгөчө тентектигимдин айынан апамдан далай уруш уктум.
“МАГА ЖАККАН КЫЗДЫ АЛАСЫҢ” ДЕГЕН ЭМЕС”
– Апам эски адамдарга окшобой, баарын өз эркибизге койчу. “Кесибиңди өзүң тандайсың, кайсы багыттын адамы болууну каалап, кандай чөйрөгө кызыксаң да, өзүң каалагандай болсун” дечү. Үйлөнөрүмдө да айрым апалардай болуп, “жубайыңды мен тандап берем, мага жаккан кызды аласың” деген жок. Көпчүлүк уулдар келечек жубайын апасына окшоштуруп издешет, бирок менин апам менен келинчегимдин окшош жактары жок. Апам элден өзгөчө, эч кимге окшошпогон, ага эч ким тең келбеген жан. Анын өзгөчө жан экенин сөз менен да айтып жеткире албайм.
Баса, апам тандыр нанды ушунчалык даамдуу кылып жабат. Биз бала кезде кандай нан жаап берип жүрсө, азыр да ошондой даамдуу нанды айылга барган сайын жаап берет. Биз эле эмес, айылыбыз бүтүндөй апамдын нанын тамшанып жейбиз. Апамдын нанын жеш үчүн айына бир жолу айылга барып учурашып турам. Өзү да балдарынын үйүн кыдырып, неберелерине нанын көтөрүп бат-баттан келип турат.
Ширин Турдакунова
politika@super.kg