КАНЫКЕЙ: “КЫРГЫЗДЫН ТООЛОРУ, ТАМАГЫ КӨЗҮМДӨН УЧТУ”

Турмуш жолуна аттанып, АКШда жашап жаткан Каныкей жакында эле океандын ары жагынан мекенибизге келди. “Тынч жашоого аябай көнүп алыптырмын, Бишкекке келгенде элдин көр турмуш деп тытынганын көрүп стресске кабылдым” деген ырчы менен чакан маек курдук.

– Американын жашоосуна көнүп калдыңбы?
– Американын жашоосу көптөр үчүн жомок болушу мүмкүн. Бирок жашай келгенде ар түрдүү кырдаалдары бар. Мисалы, тамактардын түрү бар, бирок даам деген такыр жок. Жашоосунда көп нерсе оңой көрүнгөнү менен анын баасы кымбат, мунун себеби мамлекеттин катуу өнүккөнүндө болсо керек. Американын дүйнөсүндө баары бар, бирок кыргыздын таза суусу жана кереметтүү тоолору жок. Тоолор менен кыргыздын даамдуу тамагы көзүмдөн учту. АКШда жүргөн 3 айлык жашоомдо кыргыз элин сагындым. Көрсө, адам эл-журту менен адам турбайбы. 
 – Жолдошуң да келдиби?
– Жолдошум жакында келет, экөөбүз тең туулуп-өскөн жерибизди, элибизди, туугандарыбызды сагындык.
– Кыргызстанга келгенге чейин Азербайжанда өткөн фестивалга катыштың, ал жакка кандайча барып калдың?
– Азербайжанга "Жибек жолу" аталышындагы фестивалга катышуу үчүн баргам. Ал жерден Жумагүл Сариева, Айдай Асангулова деген дизайнерлеримдин коллекциясынын көргөзмөсүнө ырдап катыштым. Сахнага кыргыздын нукура чапаны менен кийиз көйнөгүн кийип чыгуу мен үчүн сыймык болду.
– “Курманжан датка” фильмине саундтректи качан угабыз?
– “Курманжан датка” тарыхый тасмасына "Курманжан датканын каты" аттуу саундтрек жаздыруу үчүн жаздан бери иштеп келебиз. Бул үчүн атайын Жолдош Апасов обон жазып, музыкасынын үстүндө иштеп, Элмирбек Иманалиев сөзүн жазды. Режиссёр Садык Шер-Нияздын чоң эмгеги артында мен бул ырды аткарганы турам. Буюрса, августта уга аласыздар.
– Рахмат маегиңе, бар бол.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
samar55
2014-07-21 19:15:28
Урматтуу форумчулар дуйнодогу баардык мега полистерде динамика абдан кучтуу .ошон учун кун тун дебей шаарларда кыймыл болуп турат .Ал эми крда анчалык динамикага жетиш учун экономика осуш керек.мен деле уйкусуз шаар москвадамын бирок бул жактын да кр нын да жашоосуна бирдей эле коном .туура крда тынччыраак жашоо .мегаполистерде иштебей же кобуроок эс алып жашап кор эртен эле кочодо каласын эч нерсен жок.Кыргызстаным алтын бешигим .сыймыгым дешиби керек ар бирибиз.Татыктуу КЫРГЫЗСТАНЫМ.
+2
momuntay
2014-07-21 20:32:49
Сени тушуном Каныкей. Океандын аркы жагында мен журом бозоруп бир жылдан бери. Сен айтмакчы тоолорубуз жок таза аба тпза суу кымыз сут айранды сагындым го чиркин.
Уч айда келипсин. Негизи уч айга чейин уруксат. Эгер бирок нике куболугунор болсо куйоондун жумушу болсо документинерди продлить этип дагы коп журсон болмок. Менимче документиндин да срогу буткон и Кыргызстанды да сагынып и жумуштарынды бутеоройун деп келгенсин го сыягы...Бактылуу бол...
+1
Aiday0514
2014-07-21 22:35:31
momuntay, документ туралуу каныкей озу деле билсе керек
0
Chika78
2014-07-21 22:44:19
Документиндин срогу бутуп келип стресс болупсун да болбосо жогоруда айтышкандай Кыргызстанды ойломок эмес окшойсун.
0
momuntay
2014-07-22 01:31:16
Aiday0514 Мен ойлогонумду жазып койдум. Каныкейди билбейт экенсин дебедим. Кантип эле билбей калмак эле...
0
depu
2014-07-22 12:36:28
Америкада торолуп оскондой суйлоптурго жон эле. Кыргызстан ыйык мекен.
+1
gulperi.kg
2014-07-22 14:34:51
америкада каныкей деп артынан жугуруп американистер автограф сурабай койсо керек да.Ал жакта уйдо камалып тынч жашагансыз,а кыргызстанда башкача.Стресске тескерисинче кабылсаныз керек.
+1
Lucik
2014-07-22 15:08:56
Кыргыздар коро албастыгы жагынан дуйнодо рекордсмендер болсок керек. Жакшынакай эле интервьюну да жаман жагына буруп жиберебиз. Мен Каныкейди аябай жакшы тушундум. Америкага 3 айга эмей эле Казакстанга 3 кунго барып келип стресс болом. Онугуу, жашоо-турмуш шартынан айырмасы асман менен жердей. Каныкей азамат 2 олконун тен жакшы жагын да начар жагын да баса белгилеген. Ал озунун оюн ай
-1
Lucik
2014-07-22 15:10:13
Ал озунун оюн айтып жатат да, оюн силерге тануулаган жок. Силер да барып келип оз оюнарды айта бергиле, конечно если силердин денгээлинер силерден интервью алганга жетсе.
0
paradise1191
2014-07-22 17:37:20
Lucik, эн туура! Адамдарда бири биринин ой пикирин тушунуу, сыйлоо болуш керек. Эмнеге анчалык жазып таштадынар тушунбойм. Эртеге ийгиликтерин жазып чыкса анда ооо деп мактап баштайсынар. Ошол соз учун ушунчабы? Стреске кабылса эмне экен? Туура эле айткан болгонун болгондой.
+1
tiletork
2014-07-23 06:32:01
Кыргыздын тоолору менен даамдврын аябай сагындым деп эле жакшынакай эле айтып атпайбы, кыргызым деп,азамат
0
alhamdulillah
2014-07-23 16:08:36
Америкада тиричилик деп тырышпайт бекен не
0
niet
2014-07-24 19:14:58
kyrgtzstanda jyldyz a amerikada jonokoi adam katary jurot da al Jakta kanykeidi taanybait kenen kesir jurot a KGda el kozundo da owonu aityp jatat da
0
periwte-1995
2014-07-25 00:42:43
Кыргызстанга кош келипсиз.Ар дайым бактылуу болунуз.Биз сиз мененбиз.
0
amelia84
2014-07-26 13:19:19
Молодец эн сонун кыз
0
nikowa
2014-07-31 12:19:56
Kanykei ty super!ALGA!My tebya lyubim!
0
margo87
2014-08-01 22:54:05
Кыргызстан жакшы, бирок иш жок, акча жок. Жыргаганымдан жылкы кайтарып журомбу дегендей, жыргаганыбыздан тентип журобузбу, баарын таштап койуп.
+3
№ 611, 18-июль-24-июль, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан