Айчүрөк Иманалиева: «ГИТАРИСТ ЖИГИТТЕРИМДИН МУРДУНА МУЗ ТОҢУП...»
– Кесиптештерим менен мындан 9 жыл мурун кычыраган кышта Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында концерт коюп калдык. Клубдун ичи суук, эл кабат-кабат тондорду кийинип, үшүгөнүнө карабай концерт көрүп отурушкан. Концерт ортолоп калганда артымды карасам гитарист балдарым үшүгөнүнөн мурдунан суу агып, анысы кадимки тамдын чатырынан муз салаңдап тоңуп калат го, ошол сыяктуу муз болуп тоңуп калыптыр. Ушундай эле окуя Ат-Башыда да болгон. Азыр ошолорду эстеп күлүп калам.
Дагы бир окуя эсимде. 1995-жылдар болчу, бир айылда концерт коюп жатсак эле мас киши клубдун ичине атчан кирип келди. Көрсө, ал мас болуп алып, достору менен мелдешип «артист кыздардын бирөөсүн ала качып келем» деп келиптир. Залда отурган элдер аны кыйкырып-өкүрүп эшикке сүйрөп чыгышкан.
Мерген Турган: «КАЗАКТАР МЕНИ ЭКИ КИШИ ДЕП ОЙЛОШУПТУР»– 2005-2006-жылдары Казакстандын Алматы шаарында өткөн бир концертке катышып калдым. Алып баруучу мен сахнага чыгар алдында «Кыргызстандан келген коноктор – Мерген жана Турган» деп чакырды. Музыка башталып, мен сахнага чыксам тиги улам артымды карап «Турганың кайда?» деп коёт. «Ал келбей калды, өзүм эле ырдай берейин» деп ырдап бүтүп, сахна артына өттүм. Алып баруучу «Мындан кийин чогуу келип жүргүлө» дегенин уккан бирөө «Мерген Турган деген бир эле киши» десе, каткыра күлүп калды.
Кубаныч Курманбеков, «тамашоучу»: «БИРИ-БИРИБИЗДИ КУУП ЖЕТПЕЙ»
– Москвага КВНге барганда туугандар менен сөзсүз жолугуп кайтабыз. Бир жолу үн режиссёрубуз Улук "туугандарыма жолугуп келели" деп калды. Ээрчишип метрого бардык. Эмне болуп кеткенин билбейм, мен поездге түшсөм, Улук сыртта калыптыр. Эшиктер жабылып поезд жүрүп кетти. Мен кийинки станциядан түшүп, Улукту күттүм. Ал мен күткөн жерден түшүп калбай өтүп кетип жатпайбы. Кайра анын артынан жөнөдүм. Дагы жолуга албай терезеден бири-бирибизди көрүп кинодогудай жалдырап карап кала бердик. Ошентип бири-бирибизди кууп жүрүп 4 станциядан кийин жолукканбыз
Нурболот уулу Рүстөм, «тамашоучу»: «ДҮКӨНЧҮ ЭЖЕНИ ЭСТЕЙ АЛБАЙ ООРУП КАЛГАМ»
– Бир жолу Кара-Балтага бараткам, жолдон бир эже учурашып калды. Аны менен ал-акыбал сурашып коюп жолумду улагам. Кара-Балтага жеткиче «бул кайсы эже эле?» деп эч эстей албай кыйналдым. Үйгө жеткенде да тиги эже оюмдан кетпей, аны эстегенге аракет кылып жатып уктап калыптырмын. Эртең менен ойгонсом, түнү менен ойлонуп кыйналгангабы, дене табым көтөрүлүп кетиптир.
Ошол эжени кийин бир жыл өткөн соң эстеп жатпаймынбы. Көрсө, ал Самат (ред. Эркинбеков) экөөбүз батирде жашап жүргөндө, үйүбүздүн жанындагы дүкөндү иштеткен эже экен. Ал дайыма бизге карызга майда-чүйдө берип турчу. Ошо, жүзү аябай тааныш дегем да.
Эрнест Бөрүбаев: «АДАШЫП БЕК БАЙКЕГЕ УЯТ БОЛГОМ»
– Эки жыл мурун Бек байке (ред. Борбиев) студиясын ачып жатканда музыкалык аспаптардын шнурун алуу үчүн анын унаасы менен дүкөнгө келгенбиз. Мен дүкөндөн соода кылып чыгып, унаага отурдум да, «айдаңыз» деп кайрылсам эле Бек байкенин ордунда башка киши отурат. Таң калып эки жагымды карайм. Ичимден «Бек байкенин досу же таанышы келип калганбы, же мени тамашалап жатышабы?» деп коём. Тиги киши да мени таңдана карап койду. Абалга түшүнө бербей эшикке чыксам эле артымда Бек байке өзүнүн унаасында ыкшып күлө мени карап отуруптур. Көрсө, мен дүкөнгө киргенде кудум Бек байкеникиндей унаасы бар башка бирөө келип, дүкөндүн алдына токтогон экен. Мен адашып ага отуруп алыпмын.
Асхат Субанбеков
star@super.kg
.