“Эмнеге күндөн-күнгө бомждор көбөйүп баратат?” деген ой келеби сизге? Алардын арасында шылуундарга үйүн алдырып жиберип, көчөдө калгандар да болсо керек. Бүгүнкү биздин каарман Вера көчөдө калбаганы менен, жакын курбусу Светланага тамын тарттырып жиберген. Учурда эки жашар баласы бар жалгыз бой эне ата-энесиникинде жашап жатат.
ЧАЛМА
“Жүзүмдү элге көрсөтпөй эле койгулачы?” деп суранган Вера (аты өзгөртүлдү) редакцияга апасы менен келди. Ал Светлана аттуу аялга тааныштары аркылуу кабылган. Аны менен таанышканда эле жылдызы келишип, тил табышып кетет. Ошентип, эки айымдын сүйлөгөн сөзү, турмушка болгон көз карашы бир чыгып, жакын курбулардан болуп алышат. Светлана Верага өзүнүн “Жанат” деген фирмасы менен кошо көзү ачыктык касиети да бар экендигин айтат. Курбу катары жүргөн айымдын оюнда арамзаалык бар экенинен Вера шек санабайт. Курбусунун чалмасына кантип туш болгонун ал төмөндөгүчө баяндап берди:
– Светлана экөөбүз 2005-жылы тааныштык. Курбум көп эле учурда меникине келип түнөп кетчү. Жумуштан кеч келген учурларымда кээде тамак жасап койчу. Мен болсо жолдошум менен ажырашып кеткем. Эки жашар эркек балам бар. Аны апам карачу. Апамдын иши чыгып бир жакка кеткенде, баламды Светланага таштап кетер элем. 2007-жылы курбума чоң суммадагы акча керек болду. Ал: “Фирманын ишин жакшыртуу үчүн 25 000 доллар акча керек болуп жатат. Макул болсоң, квартираңды мага каттатып, анан аны күрөөгө коюп, акча алайын. Ошондо үйүң меники болуп калат да, жылдын аягында үйүң үчүн сага 50 000 доллар берейин”,- деп жалдырады. Ал чет жерге барып иштегиси келген адамдарга Астанадан жумуш таап берүү менен алектенчү. Мен ата-энем менен кеңешип, акыры жардам бермек болдум. Ошентип, балам экөөбүз квартирамды курбума бошотуп берип, ата-энемдикине көчүп кеттик.
УУРУСУ КҮЧ БОЛСО, ЭЭСИ ДООГО ЖЫГЫЛАТ
2007-жылдын март айында үйүн Светланага каттатып берген Вера ушул эле жылдын декабрь айында 50 000 долларды колуна алмай болот. Бул боюнча тил кат да жазылат. Акча кайтарылуучу убакыт өтүп баратканынан тынчсызданган Вера Светланага “акчаңа ыраазымын, үйүмдү кайтарып бер” дей баштайт. “Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат” дегендей, Светлана ачык айтпаса да, Вераны коркуткандай мамиле жасайт. – Үйдөн же акчадан жок отуруп калбайын деп чырылдаган жаным Светланадан кайра-кайра үйүмдү доолай баштадым. Ошондо ал: “Мен криминал менен да, милиция кызматкерлери менен да досмун. Жаш балаң бар, абайла, макулбу?!”- деп кекетти. Эмне болуп жатканын түшүнүп, эсимди жыйгыча банк үйүмдү Светланадан алып койду. Бул аралыкта Светлана өзүнүн квартирасын бир жумага күрөөгө коюп, Баймурат деген жигиттен 13 000 доллар карыз алган экен. Анын да акчасын белгиленген убакытта бере албай калат. Ошондо Баймурат квартираны тартып алып, башка бирөөгө сатып жиберет. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Светлана өз үйүн кайтарып алуу үчүн Баймуратты сотко берген. Светлананын үйү кайтарылса аны мага алып берсин деп, мен дагы сотко үчүнчү тарап катары кошулдум. Үйүмдү кайтарып алайын деп шаардык прокуратурага, финансы полициясына кайрылдым. Алар документтерди карап чыгып, “документтер баары жайында. Жарандык сотко кайрыл” деп кетирип жиберишти. Жарандык сотко кайрылгандан тарткынчыктоомдун себеби утулуп калышым мүмкүн. Анткени документтин баары чын эле жайында.
Свердлов РИИБинин тергөөчүлөрү болсо документтерди карап чыгып жакшы эле сүйлөшөт да, Светлана менен жолуккан соң анын сөзүн сүйлөп калышууда. Ушундан улам тергөөчүлөрдү алмаштырууга туура келди. Ошентип отуруп арыз жазганымдан бери иш боюнча баш-аягы төрт тергөөчү алмашты.
Cүйүн Кулматова
koom@super.kg