Айар: “КӨЧӨДӨ КЕНЕН БАСЫП ЖҮРӨ АЛБАЙ КАЛДЫМ”

Күн сайын кыргыз сахнасын багындырам деген жаштардын саны арбууда. Алардын бири жагымдуу үнү, корейликтерге түспөлдөш жүзү менен калкыбызга таанылып келе жаткан Айар аттуу ырчы жигит. Жаңыдан шоу-бизнестин даамын татып жаткан ырчыны окурмандар менен тааныштырабыз.

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 8-декабрь
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Түп району, Сары-Дөбө айылы
Үй-бүлөдө – агасы жана 2 эжеси бар
Билими – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган
Репертуарындагы ырлары – “Ардагым”, “Карындашым”

– Айар, сеникиндей ысымды уга элек экем, бул өз атыңбы же псевдонимби?
– Айар – бул менин шоу-бизнестеги жеке брендим. Көптөр аны 3 тамга менен Аяр деп жазып коюшат. Негизи андай эмес, 4 тамга менен жазылган эң сонун ысым (күлүп).
– Сахна адамы болом деген ой сага качан келди эле?
– Апам аябай жакшы ырдайт. Ал жаштыгында ырчы болууну самаган экен. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, сахна адамы болбой калыптыр. Ошого апамдын тилегин орундатып мен ырчы болом деп чечкем. Бала кезден апамдын ырдаганын угуп чоңойдум. Биринчи жолу сахнага 9-класста чыктым. “Фрунзенин кечтери” деген ырды көлдөгү стадиондо болгон концертте аткаргам. Эки бутум калчылдап, ырдын сөздөрүн унутуп кала жаздагам. Ошондон тарта сахна уктасам түшүмдөн, ойлонсом оюмдан кетпей койду. 2013-жылга чейин түрдүү себептерден улам ырдап чыга албай жүрдүм. Ырчы болуу маңдайыма жазылган экен, эми минтип аз да болсо элге тааныла баштадым.
– Кесибиңдин сага эмнеси кызыктуу?
– Кыялымдын орундалып жатканынын өзү кызык. Ыр жаздыруу, клип тарттыруу, чыгармачыл инсандын жашоосун баштан өткөрүү, сахна артындагы турмушту кечирүү мен көптөн көп эңсеген нерсе да. Ошондуктан мен үчүн баары кызык.
– Продюсериң менен кандайча иштешип калдың эле?
– Бир убакта кафеде ырчы болуп иштеп жүргөм. Ошондо мени Арсен байке (ред. Мендебаев) экөөбүздүн тааныштарыбыз көрүп, ага мен тууралуу айтышыптыр. Кийин тааныштык, чогуу иштеше аларыбызга көзү жеткен соң Арсен байке продюсерлик кылуу сунушун киргизди.
– Клиптериңдеги чач жасалгаң, кийингениң англиялык мырзалардын образын эске салат. Бул образ өзгөрүп турабы?
– Стилимдин мындан ары өзгөрүп-өзгөрбөшү продюсерим экөөбүздүн фантазиябызга ылайык болот. Дайыма угармандарымды жаңы образдарым менен кызыктырып турууга аракет кылам.
– Ырчылык менин түбөлүктүү кесибим деп ишеничтүү айта аласыңбы?
– Бул чечим жети жолу эмес, жетимиш жолу өлчөнүп чыгарылган. Ошондуктан музыканы түбөлүктүү кесип катары тандап алдым. Кудай буюрса, келечегимди музыка менен гана байланыштырам.
– Сени көчө-белде таанып, кол тамга сурагандар болуп жатабы?
– Мен мурун көчөдө бейкапар, кенен, каалагандай басып жүрө берчүмүн. Сейил бактарда, базарда жүргөндө өзүмдү ыңгайсыз сезчү эмесмин. Азыр болсо адамдардын мага көзү түшүп жатканын байкап ыңгайсыз боло берем. Көпчүлүктүн сынына кабылат экенсиң. Өзүмдү татыктуу алып жүрүүм керектигин түшүндүм. Ошол жашоого өзүмдү акырындан тарбиялап, көнүп келе жатам. Азырынча артымдан чуркап кол тамга сурап, көз жаш кылган кыздар жок (күлүп).
– Айар аттуу өзгөчө ысымдын ээси баарын эле аяй берген өтө жумшак адам болсо керек?
– Чындыгында, ошондой. Атыма затым жарашат (күлүп). Бирөөнүн көңүлү оорубасын деп эле кыйнала берем. Ишээнчектик сапатым өзүмө жакпайт.
– Ишиңди ийгилик коштосун!

(Айардын "Ардагым" ырынын тексти 21-бетте).

Айардын "Ардагым" деген клибинен кийин ага ашык болгон кыздар чыга баштады.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Гүлнур Сатылганованын мактоосуна татыган Айар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (88)
Almazbek79
2014-08-21 18:43:39
Братишка КРАСАВЧИК ))) эми толька алдыга.
0
urmat_88-kg
2014-08-21 21:12:30
Туугандар Бул ырчыбыз ырдайм деп акчасы Короп кенен баса албай калса керек. Болбосо эл таанып кенен бастырбаса Сыймык, Бек, Жана башка атактуулар уйунон кантип чыгат болду экен.
0
gemma95
2014-08-23 16:26:33
urmat_88-kg, эмне кыласыз билбей туруп бироонун акчасы жонундо суйлоп((( Сиз айткан Бек,Сыймык аттуу ырчылар убагында ушинтип журушкон(эми чыгып жатканда же жашыраак мезгилинде),Айар болсо жаш,красавчик ырчы артынан андыган кыздар жок эместир,таанып билген сон карайсын да "ии мына жанагы ырчы го" деп(((
0
M.Lancer
2014-08-21 21:15:40
Ийгилик сага иничек
0
Asan-aka
2014-08-21 21:28:14
Бир сомго беш штук ырчы азыр
0
chyngyz-KG
2014-08-21 23:39:19
Куйдургу
+1
Kanimika
2014-08-22 01:50:06
Биринчи жолу коруп атам бул баланы эки еле ыры барбы
0
karlik
2014-08-22 04:44:03
Сахна жылдыздарынын коч башы болгон белгилуу ырчылар уйунон чыкпай калганго бул жигиттин айтканындай ойлоп корсок. Аа бирок ийгилик онорун болсо орго чап ( ордогун болсо канатка чап учуруп ийбей) оркундой берсин онорун.
0
admin_superstan
2014-08-22 09:37:15
chikakorea, мазактоого болбойт. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
efhariste
2014-08-22 10:02:59
выходят петь кому не лень
0
Lexus-2014
2014-08-22 17:46:26
Admin kana meninda bildiryym bar ele alyp koydynyzdarby ia ? taba albay kaldymgo
0
admin_superstan
2014-08-22 18:00:03
Lexus-2014, Саламатсызбы!
Сиз бул макалага комментарий жазган эмессиз.
0
advert
2014-08-22 18:04:41
Ийгилик Айар жана Арсен байкеге!
0
M89
2014-08-22 18:09:05
Жерге туш иничек. Болбосо сен али эчким эмессин. Эки ыр жазып кочодо басуудан уялып жатсан анда уйдо отур. Жылдыз оорусу менен ооруп жаткан экенсин. Эртерээк сакайып кет.
0
muza_prinsessa
2014-08-23 08:57:59
M89, кыйын экенсин сен да эки ыр жаздырчы. Жаздыралбай эле башкаларга кыйын боло бербей. Айардын ийгиликтери али алдыда. Ийгилик калаайм
0
nurik838383
2014-08-23 16:48:57
M89, туура айтасын мен деле тааныбайт экемин биринчи жолу корушум анан бул балакай кочодо басалбай калганына тан калып атам
0
gulu8177
2014-08-22 19:34:21
иничек ак жол сага!
0
meder_ali
2014-08-22 22:30:11
жакшы эле жигит экен бирок оз атын жашырганы жапады
0
maks93
2014-08-23 21:30:17
Уну жакшы талантты бар бир гана жоголуп кетпей иштеш керек.
0
№ 615, 15-август-21-август, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан