Былтыр жаңыланып жарыкка чыккан түрктөрдүн атактуу «Боз торгой» сериалында башкы каармандар Фериде менен Кямрандын ролун жараткан актёрлор тасмадагы сүйүүсүн кайра улантышчудай. Дегенибиз, Фахрие Эвжен менен Бурак Өзчивит кайрадан чогуу бир тасмага тартылып жатышат. «Сага окшогон сүйүү» деп аталган бул тасмада Бурак Али аттуу балыкчы жигиттин, ал эми Фахрие жаңы шаарга келген балмуздак саткан Деңиз аттуу бийкечтин ролун жаратышууда.
Айта кетсек, Фахрие менен Бурак тасмада гана эмес, жашоодо да сүйүшкөндөр деген кептер чыккан. Эгер бул маалымат чын болсо, анда тасма жаштарга дайыма бирге болууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет.