АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 58 ЖАШТА

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгында "Ала-Тоо" аянтына Манас бабабыздын эстелиги коюлуп, Алмазбек Атамбаев бул ишке башкы демилгечи жана демөөрчү болгон. Кырк уруунун башын бириктирип, курама жыйып журт кылган айкөл Манас атанын жолун жолдоо ниетин билдирип, өлкө бүтүндүгү, эл биримдиги үчүн иштеп келе жаткан Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата анын таржымалына токтолгону турабыз.


Атамбаев Алмазбек Шаршенович Чүйдүн Арашан айылында 1956-жылдын 17-сентябрында үй-бүлөдөгү эки уул, бир кыздан кийин туулган. Атасы Шаршен сот системинде, апасы Канымкүл колхоздо эмгектенген. Мектептен соң Москва башкаруу институтуна тапшырып, 1980-жылы инженер-экономист адистигине ээ болуп чыккан. Сейитбек, Сейтек, Кадыр аттуу 3 уулдун жана Диана, Динара, Алия аттуу 3 кыздын атасы.

Чоң саясатта 1995-жылдан бери келе жатат. Ошол жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келип, 2000-жылы президенттик шайлоодо 3-орунду ээлеген. 2005-жылдын Март окуясына чейин оппозициялык жээкте акаевдик кландык-авторитардык режимди кулатуу үчүн күрөшкөн саясатчылардын сап башында турган. 2006-жылы Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев баш болгон жоон топ саясатчылар «Курманбек Бакиев саясий реформаларды жүргүзүүнү токтотту, криминалды колдоп-жактап жатат» деген нааразычылыктар менен ири масштабдуу митингдерди өткөрүп башташкан.

2007-жылдын март айында оппозициянын атынан бийлик менен иштешүү макулдашуусуна келип, өкмөт башчылыкка бекитилген. Эки айдан соң ууландырылып, Түркияда дарыланууга аргасыз болгон.

2009-жылы президенттик шайлоого оппозициядан бирдиктүү талапкер катары чыгып, бийликтеги талапкер Бакиевге олуттуу «баш оору» жараткан. Шайлоо жүрүп жаткан 23-июль күнү «добуш берүү учурунда массалык мыйзам бузуулар болгонун» айтып, шайлоо мыйзамсыз деп жарыялануусун талап кылып чыккан.

Медет Садыркулов сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер өлтүрүлгөнүнө, өмүрлөрүнө чоң коркунуч жаралып турганына карабай оппозициядагы саясатчылар Курманбек Бакиевдин кандуу режимине каршы чечкиндүү күрөшкө чыгышты. 2010-жылдын 7-апрелине караган түнү бийлик тарабынан бир тобу камакка алынып, эртеси "Ала-Тоо" аянтына агылып келген эл бийликти кулатуу менен оппозиция лидерлерин бошотуп алды. Эгерде ошол күнү митингчилер жеңилүүгө дуушар болушса, Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыздын бир нече азаматтарынын тагдыры бүдөмүк бойдон калмак.

2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, 16 талапкердин ичинен Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти. Үй-бүлөсүн коомчулуктан, бийлик иштеринен алыс кармагандыгы менен айырмаланган Алмазбек мырзанын мамлекет башчылык милдетине киришүү боюнча ант берүү аземине жубайы Раиса Атамбаева, уулу жана кызы катышкан.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып жаткан жылдары Кыргызстан Орусия, Түркия жана Кытай менен тыгыз кызматташууга багыт алды. Ошондой эле «жарандык аэропортто аскердик база болбошу керек» деген убаданын өтөсүнө чыкты. Ушул жылдын июль айында террорчулукка каршы коалициянын авиабазасы, АКШнын куралдуу күчтөрүнө караштуу Транзиттик жүк ташуу борбору «Манас» аэропортунан чыгарылды.

Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтү жарымына жакындап калды. Ант берүү учурунда «Кайсы бир күчтөрдүн, өлкөлөрдүн акчасына алданып, көр оокатка азгырылып, кыйынчылыктан коркуп, өлкөбүздүн азаттыгын жоготуп албайлы. Анда бизди Кудай да, ата-бабалардын арбактары да, урпактар да кечирбейт. Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн артык. Биз эч качан кул болбойбуз» деп айткан. Алдыда дагы үч жыл турат, жол башчыга үмүт арткан, убадасын аткарат деп күткөндөр азыр да арбын.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (96)
sherzatik
2014-09-17 03:55:16
Туулган куну кут болсун!Жаман ойдон алыс бололучу,ал дагы кыргыз элим деп болгон кучун жумшап жаткандыр.Буга чейинкилер тугоп кетсе ошончо нерсенин баарын топтош бир адамга чоон иш.Жакшы ойлор жакшы ийгиликтерге жеткирет.
-13
Ali-Sher
2014-09-17 04:44:14
Эххх саясат десе баш ооруй турган болду. Булар жалган суйлогонду койбоду койбодуда , элди каратып туруп жалган айтышат! Мейли жегенинерче жегиле элдин акчасын ошо жегенге жараша кииичине болсода элди ойлоп иштеп коюшсачы.
+14
dastan_nookat
2014-09-17 07:47:33
Туулган кунуз менен кутуктайбыз! Урматуу президент.бугун менин да туулган кунум
-12
Sot
2014-09-17 09:51:11
биринчиден туулган куну кут болсун!!! башкаруусу коптогон кан тогуулор менен коштолду бул ачык чындык, жок дегенде бир аз жакшы жака озгоруулор болсо жакшы болоор эле...
-14
nagi82
2014-09-17 10:24:00
Оз жашынан картан корунот экен
+3
edu.kg
2014-09-17 14:32:51
Жаманбы жакшыбы ажобуз болгондуктан туулган куну менен куттуктап кетейин. Урматуу Алмазбек Шаршенович бугунку туулган кунунуз менен куттуктайм ден соолукта болунуз. Элдин кыргызстандын умутун актайсызго деген умутомун. „алтындарым кыргызстан онолот буйруса ишенгиле„ деген созунузду кайра кайра айтуунузду койунуз деп суранат элем. Биз чарчадык урматуу ажо мырза жакшы жашоо учун алдыга умтулуудан. Коруп турасыз элибиз кара курсак учун кайсы жерге барба тентип жургонун коросун мекендештерибизди.
-7
edu.kg
2014-09-17 14:41:12
Ошондуктан Алмаз байке сизден суранат элем иштоо убактыныз акырына чыккычан бир эл айта журо турган эл ошол кызматынызды сыймактана журо турган иштерди бутурсонуз демекчимин. Айтыныз эле биринчи иш оорунузга келгенде электро энергия ж.б нерселер эч качан кыбатоого жол берилбейт деп мынакей караныз эми эмне болуп жатат ошто газ жок аныда мактануу менен айтыныз эле газпром баарын жайлайт деп. Бакиев тезек тергиле деп тике айтса сиз ошол созду кагазга ороо менен айтып кылып жатасыз.
+8
chali
2014-09-17 15:52:22
Бирөөнү жамандатып эле койсо, ал эл башчысы болсо деле мейли. Мамлекеттин өсүшү үчүн канча жардам бердиңер урматтуу форумчулар, канчооңуздар биометрикалык маалыматтарыңыздарды тапшырдыңыздар.
-7
LaraKroff
2014-09-17 18:36:19
"Элине жараша башчысы" деген соз бар. Адал иштеп жатабы, арам иштеп жатабы, аны Кудайдын сынына коюп, ар ким онолууну озубуздон баштасак.Ажобуз жонундо комментарийим жок, айта берсем арман коп дегендей эле кеп да.
-10
Nurwin
2014-09-17 18:52:18
Алмазбек Шаршенович сизди туулган кунунуз менен чын журоктон куттуктайбыз уй-булом менен! Сизге чын ден соолук каалайбыз, коп жашаныз! Сиз убадаларынызды аткарып келе жатасыз. Ишеничтебиз президенттик срогунуз буткучо Кыргызстанды онолтуп кетесиз. Сизди коро албагандарга конул бурбаныз. Иттер уро берет, караван журо берет. Билебиз сиздин душмандарыныз коп. Аларды женесиз. Кызык, мага эми канча минус коюшат болду экен.
-9
Rashinboy
2014-09-17 20:43:16
Алмаз Шаршенович, туулган кунунуз менен куттуктайм!!! Чын ден соолук, узун омур, ишинизде чаалыкпастыкты каалайм!!! Жакшы ишке сынчы коп-деп коюшат го анын сыңары сизди коро албагандар толтура, корруппционерлердин колдорун балта менен чабыныз. Сизге ийгилик каалап Москвадан мен Расул. Эгер чалгыныз келсе номерим +79260412748 ватсаппта бармын.
-7
maksat_iz_toktogula
2014-09-20 16:08:49
Урматтуу кыргызым силерге бироону жамандатып эле койсо аллахха шугур кылсанар атамбаев не силерге жаман юир иш кылдыбы. Атамбаевти жамандаганча озунор ойлонсонор не иш кылдынар мамлекетке кыргызым ойлонолум терен терен билесинетби атамбаев канча иш кылды канча иш кылбады биз билбейбиз билиш мумкунда эмес. Биз атамбаевтин ордуна барсак иштей албайбыз
+1
Frunze1
2014-09-21 14:00:04
maksat_iz_toktogula, сен элдин баарын озундой корбо, АША озу иштей албаганы, мамлекетти тоноп Акаев, Бакиевчесинен жер сатканы аз келгенсип иштегендерди иштетпей отурат го аброю озуп элге жага берсе эртен менин ордумду талашат деп... Мындан 6-7 жыл мурун Ош шаарынын абалы кандай эле??? 1991-жылдан Мырзакматов мэр болгонго чейин шаар кароосуз калып акыр-чикир, таштандыга толгон шаар болуп калбады беле, Мырзакматов 3-5 жылда Ошту канчалык озгортуп кулпунтуп койду
-1
Frunze1
2014-09-21 14:03:05
maksat_iz_toktogula, Ошто Ош коогаланы болуп канча уй-жайлар, ишканалар отттонгонун эске алганда аз убакытта шаарды эски коркуно чыгарып ондоп, иреттеп, элдин алкышына, ишенимине татыган адамды коп жыл аракет кылып журуп акыры шаардык кенешке оз адамдарын откоруп, Улуттур Биримдигинен шайланган депуттаттардан 1-2 бузукуну байлык-бийлик берип жатып оз тарабына тартып отуруп Мырзакматовду мэрликтен алып тушушту, муну элдин баары билет го... Атамбаевин Мырзакматовдун тырнагына да арзыбайт...
-1
Frunze1
2014-09-21 14:07:01
maksat_iz_toktogula, Бир адамды сынагын келсе айткан созуно карап эмес аткарган ишине карап баа бер дейт... Атамбаев баш-аягы 15-20 жылдан бери бийликте аралашып ар кандай ири постторду ээлеп да Мырзакматовдун 6 айда кылган ишинче иш кыла алган жок... Мырзакматов эле эмес Мырзакматовдон башка да элдин карапайым азамат атуулдары коп, болгону аларды эл тааныбайт, алардын колунда байлык бийлиги жок элге таанылгыдай, оздорун реклама кылууга алардын абийри, намысы жол бербейт, ошолор президент болуш
-1
Sopsonun
2014-09-21 20:58:37
Эн мыкты Президент! Ал кеткенде гана кадырын билебиз. Жалко что кайра президент боло албайт. :'((((
0
Frunze1
2014-09-21 21:54:23
Sopsonun, конулун кыйбай жатса Туркияга кошо кет, бийликте туруп элди ойлобогон, миллиарддарды артынып качып баратканда элди ойлойт бекен, мен Акаевди да, Бакиевди да сагынбайм, аларды желкемин чункуру корсун, Атамбаевди тем более!!!... Кошоматчылар да кошо кетсе Кыргызстан кыйла оноло калмак оор жуктон арылгандай... Кыргызстанга карапайым элдин мудоосун коздогон карапайым патриот адам керек эл-журт башчылыгына бизнесмен же токумун жеген саясатчы эмес Акаевдин мектебин бутуруп чыккан...
-1
admin_superstan
2014-09-22 10:12:26
Sharos, этикага туура келбеген, маанисиз билдирүүлөргө, сайттын башка катышуучуларын кемсинтүүгө жана мазактоого тыюу салынган.
messi.kg, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынган!
Эскертүү сызыктарыңар толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
0
admin_superstan
2014-09-29 09:28:51
Nurwin, сайттын башка колдонуучусун кемсинтүүгө тыюу салынган! Жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз.
0
№ 619, 12-сентябрь-18-сентябрь, 2014-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан